Ички мите курттар

Ички мите курттар Тооктордун кеңири тараган ички мителерине майда жана чоң жумуру курттар, жалпак курттар кирет. Сокур ичегидеги майда курттар да көйгөй жаратышы мүмкүн, анткени алар үндүктөрдө “кара баш” пайда кылуучу организмди алып жүрүшөт. Тоокторго ичеги курттарынын таралышын алдын алуу үчүн үндүктөрдү тоок менен бирге өстүрүүгө болбойт. Көптөгөн курттар дени сак канаттуулар ылаңдаган канаттуулардын жумурткалары бар кыкты чокуганда тарайт. Ошондуктан, ички мите ылаңдары жерде багылган тооктордо тактайга же тор полдорго жайгаштырылгандарга караганда көбүрөөк кездешет.

Image undefined

Белгилери:

Тооктор арык, салмак кошпойт же жумуртка бербейт.

Тооктордо ич өткөк болушу мүмкүн.

Тоокторду союп, ичеги-карындарын текшергенде курт байкалат.

Image undefined
Image undefined

Диагноз:

Белгилерине жана союп текшергенде ичегиде табылган курттарга карап коюлат.

Цестода же сокур курттар (жалпак курт)

Дарылоо:

Жумуру курттарга каршы тоокторду 2-3 айда бир жолу пиперазин менен дарылап туруу керек.

Жалпак курттарга, ичеги курттарына жана жумуру курттарга бир нече чөптөн жасалган дарыларды, мисалы Wormal таблеткаларын 2 же 3 ай сайын берсе болот. Дары жумуру курттарды, жалпак курттарды, ичеги курттарын өлтүрөт. Эскертүү: Wormal колдонулса, пиперазиндин кереги жок.

Алдын алуу жана көзөмөлдөө:

Коксидиоздогудай эле тоокторду капастарда, же тордун ичинде өстүрүү менен көп курттарды көзөмөлдөсө болот. Мындай багуу ыкма инфекция бар кыкка башка тооктордун тийишин алдын алат.

Image undefined