Сырткы мите курттар
Сырткы мите курттар

Биттер, кенелер жана бүргөлөр тооктун сырткы мителери болуп саналат. Биттер жана кенелер тиштеп, териге зыян келтирет. Кенелер жана бүргөлөр канды соруп, аз кандуулукка (кандын суюлушу) алып келет жана жумуртка берүүнү азайтат. Кээ бир тышкы мителер канаттуулардын чечеги жана спирохетоз сыяктуу башка ылаңдарды алып жүрүшөт.





Кене Бүргө Бит Кене Белгилери:

Биттер терини карттантып, жабыркатат жана көз менен көрсө болот.
Кабырчык – бут кенелери буттарды жыш карттантып, көрксүз кылат. Кызыл кенелер (түнкү кенелер деп да аталат) түн ичинде кол салышат жана канаттууларды алсыратып, жумуртка өндүрүмдү төмөндөтөт. Жүн кенелери котур жана аз кандуулукту пайда кылып, жыйынтыгында жумуртка берүү төмөндөйт. Жүн кенелери чаң бөлүкчөлөрүнө окшош болуп көрүнөт.

Бүргөлөр териге кирип, жараларды пайда кылышы мүмкүн.
Чиркейлер канаттуулардын канын соруп, жумуртка берүүнү начарлатып, атүгүл, өлүмгө да алып келиши ыктымал. Чиркейлер ошондой эле канаттуулардын чечеги сыяктуу бир нече вирустук ылаңдарды алып жүрүшөт.
Таажы жана богоктогу бүргөлөр Кенелер түндө кол салып, канды соруп, аз кандуулукка жана жумуртка өндүрүмдүн азайышына алып келет. Кенелердин соргон жерлери көбүнчө кызыл так болуп калат. Кенелер "спирохетоз" деп аталган ылаңды да алып жүрүшөт.
Дарылоо:

Этикеткадагы нускамаларга ылайык малатион беш пайыз (5%) же кумафос беш пайыз (5%) сыяктуу инсектициддерди чачкыла. Чачып дарылоону этикеткадагы көрсөтмөлөргө ылайык кайталап (көбүнчө, ар бир 4 жума) туруу керек.
Бут кенелер үчүн буттарды керосинге малып койсо болот. Бирок керосинди жүнгө же териге тийбегендей кылуу керек.
Эскертүү! Инсектициддер туура эмес колдонулганда уулуу болушу мүмкүн. Суюк малатион 57% адегенде көрсөтмөлөргө ылайык суу менен (көбүнчө төрт литр сууга 30 гр) аралаштыруу керек, дарынын өзүн эле колдонуу өтө күчтүү болуп калат.