Канды изилдөөнүн жыйынтыгы
КАНДЫ ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Кандын мазогунан үлгү кылуу – бул кандын бир тамчысын алып жана аны микроскоптун слайдында жука катмар кылып “сүйкөө” болуп эсептелет. Бабезиоз жана трипаносомоз сыяктуу ылаңдар үчүн кандын мазогун алып, микроорганизмди көрүү абдан маанилүү. Микроскоп жок болсо да, кандын мазогун даярдап, аны лабораторияга изилдөөгө жөнөткүлө.
Кантип кандын мазогун жасоо керек:
Бабезиоз жана трипаносомоз үчүн кандын калың мазогу керек. Сибирь жарасы жана башка ооруларда кандын жука мазогу эң жакшы.
Тирүү малдан: Болгону бир тамчы кан керек болот. Ошондуктан, кандын мазогу үчүн кулактагы көк тамырдан үлгү алуу эң оңой.
Кулактагы көк тамырды аныктап, курч, стерилденген ийне менен аны тешүү керек.
Өлгөн мал: Кулактан кандын мазогун жасоо. Кол кап кийип этият болгула жана Сибирь жарасына шек болсо, бир аз гана тамчы алгыла.
Сибирь жарасын жана башка ылаңдарды аныктоо үчүн жука кан мазокторун даярдоо:
Эсиңерде болсун – Сибирь жарасына шектенсеңер, өтө этият болгула. Өлгөн малдын кулагынан бир тамчы кан жетиштүү. Колуңарды коргогула.
Кандын кичинекей бир тамчысын таза айнек слайддын четине куйгула.

Дароо экинчи таза айнек слайдды алып, биринчи слайддагы кан тамчысына экинчи слайддын учун тийгизүү керек. Бул кандын тегиз жайылышына шарт түзөт.
Үстүнкү айнек төмөнкү слайд айнегине 45 градус бурчта кармалат.
Үстүнкү слайд айнек экинчи слайддын аягына чейин акырын, жылмакай тартылганда кан кошо жайылат.
Андан кийин мазокту кургатуу керек. Экинчи мазок да ушундай жол менен жасалат.
Мазокту өтө коюу кылбагыла, болбосо текшерүү кыйын болот.
Экинчи мазок жасалгандан кийин, эки айнек тең мазок жасалган беттери сыртка каратылып, жука кагазга оролот.
Бабезиоз жана трипаносомоз ылаңдарын аныктоо үчүн коюу кан мазоктору:
Кандын кичинекей тамчысы таза айнек слайддын ортосуна жакын жерге куюлат.
Канды таза ширеңке чийи менен жайгыла (ширеңке таякчасын алдын ала жууп, кургатуу керек).
Аны өтө коюу кылбагыла, анда текшере албайсыңар.
Андан кийин канды кургатуу керек.
Экинчи мазокту да жасап, кургатуу керек болот.
Экинчи мазок жасалгандан кийин, эки слайд тең мазок жасалган беттери сыртка каратылып, жука кагазга оролот.
Бул үлгүлөр ишти сүрөттөгөн протокол менен бирге лабораторияга жөнөтүлөт.
КУРТТАР, МИТЕ СОРГУЧТАР
Сатыктагы формалин, адатта, 40% болот. Базардан сатылып алынган глицерин 100%. Буларды кырдаалга жараша суюлтуу керек. Формалиндин 10% эритмесин даярдоо үчүн 25 мл 40% эритмеден (базардан) алып, ага 75 мл суу кошобуз. Бул бизге 100 мл 10% эритме берет.
Ички мителер: (курттар, кисталар) Формалинге салгыла. Нематоддор: 3,5% эритме; Цестоддор: 5–10% эритме; Трематоддор: 10% эритме. Бир банкага өтө көп салбагыла, анткени жараксыз болуп калышы мүмкүн – ар бир бөтөлкөдөгү формалин мителерге караганда 10 эсе көп болушу керек.
Чоң курт-кумурскалар: Курт-кумурскаларды зыян келтирбеши үчүн кылдаттык менен кармоо керек. Андан кийин жакшы төөнөгүч менен көкүрөктөн төөнөө керек. Чаңдан коргоо үчүн атайын кутуга же бөтөлкөгө сактагыла.
Кичинекей, денеси жумшак курт-кумурскаларды: 10% дык формалинде сактагыла.
Майда, катуу денелүү курт-кумурскаларды: 5%дык глицеринге салгыла. (Эгерде глицерин жок болсо, концентраттык спиртти колдонгула, арак да болот). Бардык бөтөлкөлөр жакшы жабылып, бууланбашы үчүн үстү жагына скотч чапталышы керек.