Калкытуу ыкмасы:
Калкытуу ыкмасы:
Малдын тезегин текшерүүнүн бул ыкмасы, кээ бир жумурткалардын абдан жеңил болуп жана тезек аралашмасынын үстүнө калкып чыгуусуна негизделген. Жумурткалардын дагы жакшы чыгуусуна жардам берүү үчүн сууну демейдегиден коюураак кылып, жеңил жумурткалардын үстүнө тез калкып чыгуусун камсыздоо керек. Жумуру курттардын жумурткалары, кокциддик ооцисталар жана кээ бир жалпак курттарынын жумурткалары жеңил, алар эритменин үстүнө оңой калкып чыгат.
Концентрацияланган “флотациялык эритмени” даярдоо үчүн кадимки туз, кант же магний сульфатын колдонгула. Жалпысынан алганда, жылуу сууну колдонуп, туз же шекерди кошуп (жарым литр сууга болжол менен 0,35 кг кант керектелет) аралаштырууну уланткыла. Кээ бир адамдар кант эритмеси жабышчаак болгондуктан жакшыраак деп ойлошот жана жумуртка микроскоптун слайдына оңой жабышып калат.
Иш кадамдар:
Жогоруда айтылгандай коюу эритмени даярдагыла.
10–12 мл пробирканын түбүнө бир нече мл коюу эритме менен бир аз өлчөмдө жаңы тезек(1/4–1/2 чай кашык) аралаштырылат.
Пробирка толуп жана оозунан бир аз чыгып кеткенге чейин коюу эритме кошуу керек.
Пробирканын үстүнө акырын таза айнекти жаап же микроскоптун слайдын койгула. Эгерде слайдды түтүктүн үстүнө коюп жатканда аба көбүкчөлөрү пайда болсо, анда аны чыгарып, кийинки жолу кылдаттык менен коюуга аракет кылгыла.
30-45 мүнөт күткүлө.
Пробирканын үстүндөгү айнекчени же капкакты кылдаттык менен алып салгыла. (Эгер капкак колдонулса, аны таза микроскоптун слайдына койгула. Слайд колдонулса, капкакты слайддагы үлгүнүн үстүнө койгула.)
Микроскоп менен карап көргүлө. Адегенде бир аз чоңойтуп, анан жумуртка көрүнсө көбүрөөк чоңойткула. Силер баарын кылдаттык менен карап чыгышыңар керек, бир эле жерди текшере бербегиле.
Натыйжалар:
Эгерде үлгү жаңы эмес болсо же өтө көпкө туруп калса, жумуртка жарылып, көрүнбөй калат. Ошондой эле, кокциддик ооцисталар (жумурткалар) абдан кичинекей болгондуктан көрүү кыйын болот. Алар кичинекей аба көбүкчөлөрүнө окшош болуп көрүнөт.