Түз көрүү ыкмасы:

Түз көрүү ыкмасы Түздөн-түз көрүү эң оңой ыкма. Бул ыкманы колдонуу менен жумуртканын көпчүлүк түрлөрүн көрүүгө болот. Бирок бул так эмес жана адаштырышы мүмкүн. Тезектин бир аз гана көлөмү текшерилгендиктен, калган жагында курт болсо дагы таза жыйынтык көрсөтүп коет. Ошондой эле мите курттардын жумурткалары менен бирге ар кандай сиңирилбеген чөптөрдүн, чаңчалардын, топурактардын ж.б. майда калдыктары көрүнүп адаштырат.

Аткарылышы:

Бир аз көлөмдө жаңы тезек (бир тамчы) микроскоптун слайдында бир нече тамчы суу менен аралаштырылат.

Микроскопту анча чоңойтпой карап көргүлө. Эгерде жумуртканы көрүп жатам деп ойлосоңор, анда болушунча чоңойтуп, жумуртканы жакшыраак изилдегиле.

Натыйжалар:

Эгер жумуртка көрүнсө, үлгү оң жыйынтык берди деп эсептелинет. Эгерде жумуртка көрүнбөсө да курт жок, таза деп айтуу кыйын. Курттардын жумурткасы көрүнгөн жок деп айтса болот. Эгерде үлгү терс болсо, бирок малда ички мителердин бардык белгилери болсо, баары бир малды ички мителерден дарылоо керек, же атайын бөлөк ыкма (седиментация же флотация сыяктуу) менен текшерүү керек.

Чөктүрүү ыкмасы:

Бул колдонуу үчүн жакшы ыкма, анткени ал боор куртунун жумурткаларын издөөгө мүмкүндүк берет жана оңой ыкма. Бул ыкма боюнча кээ бир жумурткалар суудан оор болуп, тезек эритмесинин түбүнө чөгөт. Эгерде тезек суунун эритмесинде болсо, мите жумурткалары жана кээ бир жалпак курт жумурткалары үлгүнүн түбүнө акырын чөгөт.

Чара:

Таза стаканга 1 чай кашыкка жакын жаңы тезек салгыла.

Стаканга болжол менен жарымына чейин таза суу куюп, таза таякча менен аралаштыргыла.

Бул эритмени кадимки чай чыпкасы менен (бир катмар гана) башка таза стаканга чыпкалагыла.

Жаңы стаканды толтуруу үчүн таза сууну чыпка аркылуу куйгула.

30–60 мүнөт күткөндөн кийин, оор нерселер стакандын түбүнө чөгүп калышы мүмкүн.

Стакандын үстүндөгү тунук сууну төккүлө. Чөкмө калышы керек.

Стаканга кайрадан суу куюп, 30 мүнөткө чейин күткүлө. Стакандын үстү жагындагы тунук сууну төккүлө. Чөкмө калышы керек. Убакыт мүмкүндүк берсе, дагы кайталагыла.

Чөкмөгө жаңы метилен көгүн кошкула (маанилүү эмес, бирок карындын жумурткаларын аныктоого жардам берет).

Таза айнекке бир нече тамчы чөкмөнү тамчылатып, таза суу менен аралаштыргыла.

Мите жумурткаларын аныктоо үчүн микроскопту орточо чоңойтуп кароо керек.

Эгер жумуртка көрүнбөсө, анда жаңы айнек даярдап, дагы 2 жолу кайра кароо керек.

Эскертүү! Үлгүнү сөзсүз 3 жолу чөктүрүү шарт эмес, тек гана текшерүүнү жеңилдетет.

Натыйжалар:

Текшергенде 1 эле жумуртка көрүнсө, жыйынтыгы оң болот. Бирок бардык 3 үлгүдө жок болуп көрүнсө да малдын боорунда курт бар болушу мүмкүн. Текшерилген тезек жаңы эле текшерилген болушу мүмкүн. Эгер шектенсеңер, малды ылаңдын белгилерине ылайык дарылагыла.