Мите курттардын жумурткаларынын мисалдары
Мите курттардын жумурткаларынын мисалдары Эмне көрүнүп жатат? Жалпысынан алганда, төмөнкү эрежелер туура (ошондой эле көптөгөн өзгөчөлүктөр бар!)

Трематод жумурткалары кыйла чоң жана жумуртканын бир учунда "капкак" (operculum) болот. Боор курттардын жумурткалары карын курттардын жумуркаларына караганда бир аз кичирээк, өңү күрөң-сары түстө болот.

Чоң тоголок курт жумурткалары кыйла тегерек формада жана кабыгы калың болот.

Кичинекей тоголок курт жумурткалары кичинекей, кабыгы жука, формасы бир аз сүйрү болот.

Тасма курт жумурткалары, адатта, жумуру курт жумурткаларынан бир аз чоңураак болот. Алар тегерек формада жана кабыгы калың болот. Кээде жумуртканын ичинде бир нече "сызыктар" көрүнөт.