Дарылардын ченемдерин эсептөө
28.10 ДАРЫЛАРДЫН ченемин Эсептөө Дарынын дозасы канча, канча жолу жана канча күн берилээрин билдирет. Бере турган дары көлөмүн эсептөө үчүн төмөнкү кадамдарды колдонгула.
1-кадам жаныбардын дене салмагын аныктоо. 36-41-беттерди карагыла.
2-кадам Дарынын дозасын билип алгыла. Эгерде доза мг/кг (килограммга миллиграмм) менен берилсе, 3-кадамды колдонгула. Доза мл/кг менен берилсе, анда 4-кадамга өткүлө.
3-кадам Керектүү болгон доза үчүн керектүү дары салмагын эсептегиле.
.
Доза (мг/кг) X салмагы (кг) = ошол дозага керектүү мг - дарынын жалпы саны.
Мисалы: дозасы 20 мг/кг болсо, эчки 20 кг дейли, анда:
20 мг/кг X 20 кг = 400 мг дары ошол доза үчүн керектүү болот.
Бул 20 кг эчкиге 400 мг дары керек дегенди билдирет.
Эгерде дары майда (катуу) болсо, эсептөө бүттү. Жөн гана эчкиге 400 мг дарыны (көбүнчө тоютка же сууга аралаштырып) көрсөтүлгөн аралыкта жана дозалардын санына жараша бергиле.
Эгерде дары суюк формада болсо, бериле турган дарынын көлөмүн билүү үчүн кошумча эсептөө керек. Бул кошумча эсептөө үчүн, дарынын күчүн билүү керек болот.
Төмөнкү маалыматтарды колдонуу менен керектүү көлөмдү эсептегиле:
- керектүү дарынын салмагы (мг) жана - дарынын күчү.
Бул ар дайым дары бөтөлкөсүндө жазылат жана адатта мг/мл менен көрсөтүлгөн. Күчтүү формулага фактор катары кошуу үчүн, жөн гана эсептөөнү колдонгула. Мисалы, окситетрациклиндин бөтөлкөсү 100 мг/мл күчтүүлүккө ээ болсо, төмөндө керектүү көлөмдү эсептөөдө аны 1 мл/100 милиграммга айландыргыла.
Керектүү көлөм мл = (Керектүү мг жалпы саны) X (мл/мг менен күч)
Мисалы: мурунку мисалдагы 20 кг эчкиге 400 мг дары керек болчу. Эгерде биздин суюк дарыбыздын күчү 100 мг/мл болсо, керектүү дары көлөмү:
400 мг X 1 мл/100 мг = 4 мл дары керек Ошондуктан эчкиге 4мл же 4 кб дарыны бергиле.
4-кадам Эгерде доза мл/кг катары берилсе, анда сизге керектүү болгон дарынын көлөмүн төмөнкү формула менен эсептөө үчүн жаныбардын салмагы керек:
Доза (мл/кг) X салмагы (кг) = мл дары талап кылынат Мисалы, эгерде доза 2 мл/кг болсо жана чочконун салмагы 30 кг болсо, анда:
2мл/кг X 30кг = 60мл же 60кб дары керектелет Чочкого 60кб дары бергиле.
Эскертүү: Эгерде дарыны сайыш керек болсо, чочкого, жок дегенде, үч башка жерине бөлүп саюу керек. Бир сайган жерге 20 кубдан ашык дарыны сайбагыла.