Дозаны эсептөөнүн иш жүзүндөгү мисалдары
28.10.1 Дозаны эсептөөнүн иш жүзүндөгү мисалдары 1. Курттарга каршы майда дарынын нускамасы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо: Дарыны бергенден кийин малды жети күндүн ичинде союуга жана сүттү 24 саат ичинде адамдын керектөөсүнө колдонууга болбойт.
Колдонуу жолдору: Бодо малдарды, койлорду жана эчкилерди ваннага салуу; чочко үчүн тоют менен аралаштыруу; канаттуулар үчүн суу менен аралаштыруу.
Чыгарылган күнү: Май 94.
Мөөнөтү: M.F.G. кийин 48 ай. күнү.
Сунушталган дозасы: 45 мг/кг тирүү салмакка. Бодо мал, кой, эчки жана чочко үчүн.
Канаттуулар үчүн: 100 канаттууга 4 литр сууга 10 грамм дарыны эритүү керек.
Бодо мал жана кой эчки үчүн максималдуу дозалар: Бодо мал үчүн 15 грамм; Кой-эчкилер үчүн 2 грамм Малдын түрү: Бодо мал, кой/эчки/чочко/канаттуулар.
Сунуштамадагы маалыматты колдонуу:
30 кг эчки үчүн:
45 мг/кг X 30 кг = 1350 мг = 1,35 гр 50 кг эчки үчүн:
45 мг/кг X 50 кг = 2250 мг = 2,25 гр Бирок, максималдуу дозасы - 2 г! Ошондуктан 50 кг эчкиге 2,0 граммдан гана бере алабыз.
2. Тетрациклин дарысын сайуу:
Нускамада же кагазда жазылган дозасы: 4 мг/кг булчуңга сайылат.
Дарыга муктаж буйволдун салмагы: 400 кг Эсептөө: 4 мг/кг х 400 кг = 1,600 мг дары керектелет Бирок тетрациклин суюк формада болгондуктан, дары күчүн колдонуу менен төмөнкүдөй эсептөө керек.
Тетрациклиндин күчү (бөтөлкөдөн): 50 мг/мл Эсептөө: 400 кг буйвол үчүн 1600 мг х 1 мл/50 мг = 32 мл Ошондуктан, 400 кг буйволго 32 мл тетрациклинди сайуу керек болот.
29. Көп колдонулган дарылар жана алардын дозалары КИРИШҮҮ Дары-дармектерди туура колдонуу жана туура өлчөмдө берүү абдан маанилүү. Ошондой эле дарылоо кылдаттык менен жазылуусудагы маанилүү. Мында дарыланып жаткан малдын так идентификациясын, негизги белгилерин, клиникалык байкоолорду (температура, тамырдын кагышы, дем алуу ж.б.), дарынын аталышын, дозасын, канча жолу берилгенин, наркын жана малдын айыгып кеткендиги тууралуу ар кандай талдоолорду ж.б. маалыматтарды камтышы керек.