Дарыларды өлчөө
28.9 ДАРЫЛАРды ӨЛЧӨө Катуу формадагы дарылар жана майда дары, адатта, төмөндөгүдөй өлчөнөт:
миллиграмм (мг) же грамм менен (гм)
Эсиңерде болсун: 1000 мг = 1 л IU же U (эл аралык ченемдер же бирдиктер). Пенициллин көп учурда ушундайча өлчөнөт.
Суюк формадагы дарылар төмөндөгүдөй өлчөнөт:
• миллилитр (мл) же литр менен (л)
Эсиңерде болсун: 1000 мл = 1 литр Эгерде дарыларды ченөө же өлчөө үчүн тараза жок болсо, анда силердин аймакта кеңири таралган идиштерди жана кашыктарды алып, көп колдонулган дарылардын ар кандай көлөмүн өлчөгүлө. Анан фермерлерге атайын жабдыктарсыз дары-дармектерди ченөө үчүн бул идиштерди же кашыктарды кантип колдонууну көрсөткүлө.
Мисалы:
Кээ бир чай кашыктарга 5 мл суюктук туура келет.
Кээ бир аш кашыктар болжол менен 15 мл суюктукту камтыйт.
Тамеки идиштеринде 25 грамдай магний сульфаты болот.