Дарынын жарактуу мөөнөтү
28.7.1 Дарынын жарактуу мөөнөтү Дары идишинде эки дата жазылган болушу мүмкүн:
1. Чыккан күнү - бул дары жасалган күн, адатта, ай жана жыл (батыш календарын колдонуу) менен көрсөтүлөт. Мисалы, 1/99 (же январь 99-жыл) дары 1999-жылдын январында жасалганын билдирет.
2. Жарактуу мөөнөтү (мөөнөтү) - бул дары колдонула турган акыркы күн. Бул күндөн кийин дары натыйжалуу болбой калышы мүмкүн же ал кооптуу болуп калышы мүмкүн.
Кээ бир дарылар болсо жарактуу мөөнөтүн гана көрсөтөт.