Дарынын сунуштамаларын кылдат окуп чыккыла
28.7 Дарынын сунуштамаларын КЫЛдАТ ОКУп чыккыла Белгилүү бир дарыны колдонууну тандап алгандан кийин, дарынын сунуштамасын өтө кылдаттык менен окуу керек. Себеби жаныбарлар ар түрлүү жана көлөмдөрү ар кандай болгондуктан, ветеринардык дарылардын сунуштамасын окуу абдан маанилүү.
Дарылар ПАЙДАЛУУ.....
бирок КООПТУУ да болушу мүмкүн Дарылар туура колдонулбаса, кооптуу болушу мүмкүн. Жаңылыштык кылбоо үчүн төмөнкү суроолорду эске алуу менен сунуштаманы кылдат окуп чыккыла:
- Жалпы аталышы туурабы?
- Бул дары колдонула турган же кайсы бир мал (мисалы, бооз же жаш малдар) үчүн кооптуубу?
- Бул дары МСКК үчүн кооптуубу (мисалы, пестициддер, аллергиялар)?
- Дарынын мөөнөтү өтүп кеткенби? (жарактуу мөөнөтүн текшергиле)
- Туура дозасы канча болот? (Бул китепти же кээде сунуштаманы же пакеттин тиркемесин карагыла.)
- Дарыны кандай жол менен бериш керек (укол, оозу аркылуу, териге, желинге)?
- Дарыны канча жолу бериш керек?