Бир эле дары – ар башка ченемде
28.6.3 Бир эле дары – ар башка ченемде Дарынын күчү - белгилүү бир көлөмдөгү активдүү ингредиенттин өлчөмүндө болот.
Куб сантиметр же “кс” көлөмдүн ченеми болуп саналат. Бир кс бир миллилитрге же “мл” барабар.
| 1 кc = 1куб сантиметр = 1 мл = 1 милилитр |
Дарыдагы активдүү ингредиенттин көлөмү көбүнчө миллиграмм же "мг" менен көрсөтүлөт.
Ошондуктан, дарынын күчү көп учурда төмөнкүчө чагылдырылат:
“миллиграмм миллилитрге” же “мг/мл” же “мг/кc.”
Мисалы, 50 мг/мл ар бир миллилитр дарыда 50 миллиграмм (же кс) активдүү ингредиент бар дегенди билдирет.
Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Дарынын күчү дарынын баасын жана малга канча берилиш керектигин өзгөртөт. Төмөндөгү тетрациклиндин бул капсулалары ар кандай күчкө ээ.


