Сунуштамадагы башка шарттар
28.7. Сунуштамадагы башка шарттар Төмөнкү терминдер сунуштамада да болушу мүмкүн Сунушталган доза:
Белгилүү бир жаныбар үчүн натыйжалуу, коопсуз доза.
Максималдуу доза:
Малдын салмагына карабастан берилиши керек болгон максималдуу доза.
Колдонуу:
Дарыны кантип берсе болот. Төмөнкү аббревиатуралар колдонулушу мүмкүн:
БЭ = булчуң этке ТА = тери астына КТ = көк тамырга ОА = оозу аркылуу Ордуна = териге же жараатка Берүү ирээти:
Дарыны канча жолу берүү керек. Төмөнкү аббревиатуралар колдонулушу мүмкүн:
КБЖ-күнүнө бир жолу КЭЖ-күнүнө эки жолу КҮЖ-күнүнө үч жолу КТЖ-күнүнө төрт жолу Коргоо/Сактык чаралар/Эскертүү:
Өзгөчө учурлар (мисалы, бооз, сүт берген) жаныбарлар (мисалы, жаш, айрым жаныбарлардын түрлөрү) үчүн атайын нускамалар.
Дарынын денеден чыгуу убактысы:
Организмди дарыдан же анын калдыктарынан тазалоо үчүн зарыл болгон убакыт. Денеден чыгуу убактысы малды союу үчүнже сүтүн колдонуу үчүн көрсөтүлөт.
Денеден чыгуу убактысынын мисалдары:
Эгерде дарынын сүттөн чыгуу убактысы 72 саат болсо, малдын сүтүн дары берилгенден кийин биринчи 72 саат ичүүгө болбойт, анткени сүттүн курамында зыяндуу дары калдыктары болушу мүмкүн. Уйдун сүтүн 72 сааттан кийин ичүү коопсуз.
Дарынын эттен чыгуу убактысы 1 жума болсо, анда дары берилгенден кийин малды 1 жумадан кем убакытта союуга болбойт.
Малдын түрлөрү:
Кээ бир дарылар жаныбарлардын айрым түрлөрүнө гана колдонулушу керек.
Тирүү салмагы же дене салмагы:
Бул жаныбардын салмагын билдирет жана көбүнчө "т.с же д.с” деп кыскартылат. Бул дозаны көрсөтүүдө колдонулат.
Уулуу дозасы:
Уулуу доза, адатта, коопсуз берилиши мүмкүн болгон максималдуу доза болуп саналат. Эгерде дозадан ашып кетсе, мал өлүмгө дуушар болуусу мүмкүн.