Дарыларды сактоо
28.4 ДАРЫЛАРДЫ САКТОО
Дары-дармектерди балдар жана жаныбарлар жетпеген коопсуз жайларда сактагыла.



Дарылардын идиштеринин баарында аталышы, дозасы жана жарактуу мөөнөтү боюнча маалымат болушу керек. Эгерде дарынын бетине чапталган кагаз өчүп же түшүп калган болсо аны кайра чаптагыла, аталышы жок дарыларды колдонууга БОЛБОЙТ.
| Дарыларды таза, кургак жерде сактагыла. Түз тийген күн нуру же ашыкча жылуулук | Эгерде сунуштамада жазылбаса, эч качан дарыларды тоңдурбагыла. Тоңдуруу кээ бир дарыларга зыян келтириши мүмкүн. | |
|---|---|---|
| дарынын бузулушуна себеп болушу мүмкүн. |
Дарыларды колдонуу жана сактоо боюнча дайыма сунуштамасындагы көрсөтмөлөрдү сактагыла. Көпчүлүк сунуштамаларда көрсөтмөлөр бар.