Дарыларды жок кылуу

28.5 ДАРЫЛАРДЫ ЖОК КЫЛУУ

Адамдарга жана жаныбарларга зыян келтирүүчү дары-дармектерди, вакциналарды, шприцтерди, ийнелерди жана башка материалдарды өрттөп, көөмп же адамдар да, жаныбарлар да таппагандай кылып жок кылуу керек.

Жакшы МСКК колдонгондон кийин ЭЧ КАЧАН ийнелерди жана башка курч лезвияларды жерге ыргытпайт. Бул адамдар жылаң аяк баскан жерлерде өзгөчө маанилүү.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Таштандыны калтырбоо! Таштанды таштоо шалаакылык, жаман таасир калтырат жана коомчулук үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Таштанды чогулткан идишти жаныңа алып жүр! МСКК ар кандай таштандылар үчүн атайын идиш жана колдонулган ийнелер, устара жана башка курч буюмдар үчүн жабык банканы алып жүрүшү керек. МСККлөр таштандыларын дароо алып, коопсуз жерге ташташы керек. Эгер кимдир бирөө МСККнүн таштандысынан жабыркаса, буга МСКК күнөөлүү болот!