Иш кагаздарын жүргүзүү жана рецептерди жазуу
28.3.1 Иш кагаздарын жүргүзүү жана рецепттерди жазуу Малдарды текшерүү жана дарылоо боюнча иштер тууралуу маалыматтарды камтыган дептерди ачуу маанилүү. Бул маалымат башка МСККлөр жана ветеринардык доктурлар менен кылган иштер боюнча жана аймактагы кеңири тараган ылаңдар тууралуу ой бөлүшүү үчүн маанилүү.
Мындан тышкары, дарылар өз убагында, тийиштүү малга берилиши үчүн “рецепт” жазуу маанилүү. Ошондой эле мал ээси базардан туура дары сатып алуу үчүн рецепт керек.
Рецепт маалыматы жана жазуу дептер боюнча маалымат:
Ээсинин аты-жөнү.
Күнү Дары-дармектин аталышы.
Бериле турган мал (жашы, породасы ж.б.).
Ылаң (негизги белгилерин, дене табын, дем алуусун ж.б. атагыла).
Доза (бериле турган өлчөмү).
Дарыны канча жолу берүү керек.
Дарыны канча күн берүү керек.
Дарыны кантип берүү керек.
Сактык чаралары.
Жеке маалымат үчүн: жаныбардын айыгып кеткендигин жана башка нерселерди жазгыла, мисалы, дарынын баасы, кызмат үчүн төлөмдөр ж.б.
Бардык мал ээлери үчүн, окуп жана жаза билгендер үчүн дагы, төмөнкү маалыматты түшүндүрүп беришиңер керек. Эгерде алардын түшүнүп же түшүнбөй жатканына шектенсеңер, анда түшүндүргөн нерселерди кайталоосун сурангыла: Доза (берилүүчү өлчөм). Канча жолу бериш керек. Качанга чейин. Кантип берсе болот. Сактык чараларын түшүндүргүлө (эгер бар болсо).