Туура дары тандоо
28.3 ТУУРА дары ТАНДОО 4-бөлүмгө кайрылгыла. 61-бетти карагыла.
Тандалган дарылоо бир нече жагдайга жараша болот:
диагноз жаныбарлардын саны жеткиликтүү дарылар дары-дармектин баасы малдын баасы малдын аман калуу жана кайра кунардуу болуу ыктымалдыгы мал ээсинин же МСККдүн дарыларды туура колдонуу жөндөмдүүлүгү мал ээсинин төлөө мүмкүнчүлүгү ээсинин артыкчылыктары МСКК мал ээсине дарылоо жолдорун, чыгымдарды, жумушту жана айыгуу ыктымалдыгын түшүндүрүшү керек. Ошондо гана кожоюн жагдайды жана малдын баалуулугун эске алуу менен эң туура чечим кабыл ала алат.
Көбүнчө жакшы же толук дарылоо мүмкүн болбой калат. Мисалы, жакшы дарылоо үчүн күн сайын дары сайуу талап кылынышы мүмкүн, ал эми алыс жашаган үй ээси үчүн бул мүмкүн эмес (эгер жакын жердеги бирөө ийне сая албаса). Балким башка дары тандоо керек. Же ээсинин толук дарылоого акчасы жетпей калышы мүмкүн. МСКК мал ээсине ар бир кырдаал үчүн кандай дарылоо жакшы болоорун чечүүгө жардам бериши керек.
Ошондой эле МСККгө кандайдыр бир кысымдар болушу мүмкүн. Кээ бир фермерлер ийне сайуу муктаждыгы болбосо дагы МСККдөн ийне сайууну күтүшөт! Кээ бир дарылар, мисалы, антибиотиктер, ашыкча же керексиз колдонулганда таасирин жоготуп коюшу мүмкүн! Анын үстүнө, дарылар кымбат, кээде чектелүү болот.