Монезия

27.7.2 Монезия Монезия — кепшөөчү малдын ичке ичегисинде жашоочу жалпак курт.

Бодо мал жана буйвол: Монезия, адатта, бодо малда жана буйволдо ылаң козгобойт. Ошондуктан бодо малды жана буйволду жалпак курттарга каршы дарылоо сунушталбайт. Бирок бодо малдын же буйволдун заңында жалпак курт сегменттеринин болушу аларда майда жумуру курттардын болушунан кабар берет, бул дарылоону талап кылат.

Кой жана эчкилер: Монезия жаш кой-эчкилерде тоют сиңирүү көйгөйлөрүн жаратышы мүмкүн, бирок чоңдордо сейрек кездешет. Ошондой эле жетилген кой-эчкилердин заңында жалпак курттар сейрек кездешет, (эгер алар майда жумуру курттар менен ылаңдабаса).

Жашоо цикли:

1 Жетилген жалпак курт малдын ичке ичегисинде (кой, эчки, бодо мал, буйвол) жашайт.

2. Жумурткалары бар сегменттер бөлүнүп, заң менен чыгат.

3. Кенелер жумурткаларды жешет, алар жетилип “цистицеркоиддерге” айланат.

4. Мал кенелерди жейт. Цистицеркоиддер кенелерден бөлүнүп, ээсинин ичке ичегисинде жетилет.

Белгилери:

Жаш кой-эчкилер арык болушат жана начар тоюттанышат. Аларда аз кандуулуктун белгилери байкалышы ыктымал.

Диагнозу:

Жалпак курт сегменттери заңда көрүнүшү мүмкүн. Аз кандуулуктун башка белгилери, мисалы, тиштин бүйлөлөрүнүн кубаруусу да байкалат.

Дарылоо:

Жалпак курттары бар жаш кой-эчкилерди жалпак курттан да майда жумуру курттан да дарылоо керек. Бодо малдарды, буйволдорду, чоң койлорду жана чоң эчкилерди майда жумуру курттардан гана дарылоо керек.

Көзөмөлдөө:

• Майда жумуртка курттарды дайыма дарылагыла. Жайыт алмаштырып тургула. Малды жаңы короого/жайытка көчүргөн күнү эле курттарга каршы дары менен дарылагыла. Бошотулган короолорду тазалап, аларга малдарды көчүрүүдөн мурун бир нече күн кургатуу керек.