Ценуроз же “айланма оорусу”

27.7.1 “Ценуроз” же“Айланма оорусу”

Image undefined

Жашоо циклы:

1. Жетилген жалпак курт ит, карышкыр, чөө, түлкүнүн ичегисинде жашайт. Жумурткалары заң менен чыгып, жайылып жүргөн кой-эчкилерге жугат.

2. Жумурткалары кой-эчкинин ичегисинде куртка айланат. Курттар малдын тканы аркылуу көчүп, киста пайда кылышат. Мээде пайда болгон кисталар "ценурозду" пайда кылат.

Image undefined
Image undefined

Белгилер:

Койдун же эчкинин мээсинде Taenia multiceps же Taenia pisiformis кисталары пайда болгондо, алар тегеренип, башын кыйшайтып, табити тартпай, абдан чарчап, катуу үн чыгарып же башкача кыймылдап калышат. Алардын абалы акырындык менен начарлап, аягында өлүмгө дуушар болушат.

Диагноз: Диагноз жалпы белгилерге жана мээни текшергенде табылган кистага карап коюлат.

Дарылоо:

Негизинен дарысы жок, ылаңдаган малды союш керек. Бирок кээ бир ветеринарлар жана фермерлер ылаңдаган малдын баш сөөгүнөн жумшак, шишип кеткен жерди таап, басымды басаңдатуу үчүн тешип коюшат. Бул кээде бир аз оңолууга алып келет.

Image undefined

Көзөмөлдөө:

Циклды эки ыкма менен бузууга болот:

Image undefined

1. Аймактагы бардык иттерди жалпак курттарга каршы дарылагыла.

2. Иттерге чийки эт жегенге жол бербегиле. Союлган малдын ичегилерин өрттөө керек.