Жалпак курттар (цестодтор)

27.7 Жалпак курттар (Цестодтор)

Image undefined

Жалпак курттар ичке ичегиде жашоочу узун, жалпак, ак курттар. Бул курттардын денеси сегменттелген, башында соруучу оозу бар. Жалпак курттар жашоо циклин аягына чыгаруу үчүн эки башка жаныбарды талап кылат. Жетиле элек жалпак курт “ортомчу жаныбарда” кисталарды пайда кылып, жаныбарлар менен адамдарда ооруларды козгойт. Жетилген жалпак курт "негизги жаныбарда" жашайт жана адатта олуттуу ылаңды козгобойт.

Жалпы жашоо циклы: 338, 339 жана 340-беттерди карагыла Акыркы ээси көбүнчө кистасы бар ылаңдаган ортомчу жаныбардан чыккан куртту жеп алат. Ичегилерде киста (жетилбеген жалпак курт) өзүнүн кабыгынан чыгып, жетилет. Жетилген цестод көптөгөн сегменттерден турат. Ар бир сегмент өзүндө жумуртка камтыйт. Сегменттери үзүлүп, заң менен чыгып, жумурткаларды чыгарышат.

Жумурткаларды ортомчу жаныбар жеп, куртка айланат. Курттар ортомчу жаныбарлардын денеси боюнча жылып, кисталарды пайда кылышат.

Диагноз:

Белгилери: Акыркы жаныбарда ич өтүүдөн башка бир нече клиникалык белгилер болот. Бирок тезекте күрүчкө окшош жалпак курттардын сегменттери байкалат.

Ортомчу жаныбарда кисталар жайгашкан жерине жараша ар кандай белгилерди пайда кылышы мүмкүн, бирок атайын лабораториялык изилдөөсүз диагноз коюу кыйын.

Лабаротория:Эгерде жалпак курт жуккан болсо, акыркы жаныбардан алынган сегменттерден жалпак курттун жумурткаларын микроскоп менен көрүүгө болот. Инфекция болгон ортомчу жаныбардан алынган кисталарга диагноз коюу үчүн атайын текшерүүлөр керек.

Дарылоо:

Малда кисталарды дарылоо, адатта, кыйын же каражат жагынан актабайт. Адамдарда кээ бир кисталарды хирургиялык жол менен алып салууга же атайын дарылар менен дарылоого болот.

• Жетилген жалпак куртту дарылоо жалпак курттун циклын бузат.

Көзөмөлдөө:

Жалпысынан алганда, акыркы жаныбарга ортомчу жаныбардын чийки этин жешине жол бербөө, көпчүлүк жалпак курттардын циклын бузууга жардам берет.

• Адамдардын ажатканаларды колдонуусу жана чочконун этин жакшы бышыруу, адамдарда жана чочколордо жалпак курттарды көзөмөлдөөгө жардам берет.

Жалпак курттардын конкреттүү мисалдары -
Алардын акыркы жаныбар ээлери жана ортомчу жаныбар ээлери
Адамдар
Акыркы жаныбар ээси катары адамдар чочконун этинде болгон “Taenia solium” жана уй этинде болгон “Taenia saginata” жалпак курттарынан улам тамак сиңирүү тутумунун бузулушуна дуушар болушу мүмкүн.
Ортомчу катары адамдар "Таения солиум" жана "Эхинококкозус гранулёза" кисталары менен катуу ооруп калышы мүмкүн.
Бодо мал жана буйвол
Акыркы ээси катары, бода мал жана буйвол жетилген жалпак курттарынан жабыркайт.
Ортомчу ээси катары бодо мал эхинококктун кисталарынан ылаңдап калышы мүмкүн. Этти бузган "Таения сагината" кисталары болушу мүмкүн.
Кой жана эчкилер
Акыркы ээси катары жаш койлор жана эчкилер жетилген жалпак курту Monezia менен жабыркашы мүмкүн. Чоң койлор менен эчкилер, адатта, жетилген жалпак курттарынан жабыркабайт.
Ортомчу ээси катары койлор менен эчкилердин "Тения" жана "Эхинококк" түрлөрүнүн кисталарынан жабыркашы мүмкүн, натыйжада "айланма ылаңы" же "Ценуроз" менен ылаңдап калышат
Чочколор
Акыркы ээси катары чочко, адатта, жетилген жалпак курттарынан жабыркабайт.
Ортомчу жаныбар катары чочколордо, этти бузуучу Эхинакокк гранулоса жана Таения солиум кисталары болот, бирок чочколор ылаңдабайт.
Иттер
Иттерге акыркы ээси катары жетилген Дипилидиум, Эхинококк жана Таения түрлөрү жугушу мүмкүн.
Ортомчу ээси катары иттерде Таения солиум жана эхинококктун кисталары болушу мүмкүн, бирок белгилери билинбейт.
Канаттуулар
Акыркы ээси катары, канаттуулар Давиния жана башка жетилген жалпак курттардын түрлөрүнөн улам ич өткөк жана табиттин жоктугу болушу ыктымал.
Ортомчу ээси катары алар маанилүү эмес.
Жылкылар
Акыркы ээси катары жылкыларга Аноплосефаланын чоңдору таасир этиши мүмкүн. Алардын саны көп болсо, ич өтүүгө жана арыктоого алып келет.
Ортомчу ээси катары маанилүү эмес.