Карын курттары (Парафистамотоз)
27.6.2 Карын курттары (парамфистаматоз)
Илимий аталышы "Paramphistomum" деп аталган карын фасциолалары үлүлдөрдүн белгилүү бир түрү бар жерде жана күрүч талаалары сыяктуу нымдуу шарттарда көйгөй жаратышы мүмкүн. Мал күрүч талаасында багылбаса да, “метацеркария” деп аталган карын фасциола кисталары бар күрүч саманы менен тоюттандырылышы мүмкүн.
Жашоо циклы:
• Жашоо циклы боор фасциоласына эле окшош, ичегилердеги метацеркариялардан чыккан жаш курттар боорго эмес, карынга барат.
Белгилери:
• Карын фасциоласы ич өткөккө жана начар абалга алып келиши мүмкүн, өзгөчө жаш малдарда байкалат.
Диагноз:
Белгилер: Карын фасциолалары жалпы белгилерине негизделип, карын фасциоласы аймакта көйгөй экенин билүү жана дарылоонун жыйынтыктары менен диагнозу аныкталат.
Некропсия: Жетилген фасциолалар карын керегесине жабышып, күрүчтүн кызыл дандарына окшоп даана көрүнөт.
Лабаратория:Тезек үлгүлөрүн изилдөө пайдалуу, бирок инфекция болгон малдан анализ терс натыйжа көрсөтүшү мүмкүн ( мис. Фасциола жумурткалары табылган жок).
Дарылоо/Көзөмөлдөө:
Карын фасциола курттарын жок кылуу ич өтүүнү токтотууга жардам берет. Жетилген карын фасциолаларын жок кылуу, жайыттардын жана күрүч талааларынын фасциола жумурткалары менен булганышын азайтат.
• Никлозамид дары, карын фасциола курттарын дарылайт. Оксиклозанид жана альбендазол дарылары жетилген фасциолаларды жок кылат.