Боор курту (Фасциола)
27.6.1 Боор курту (Фасциола)
Боор мителери көптөгөн өлкөлөрдө малдын олуттуу көйгөйү болуп саналат. Эң кеңири тараган эки боор ылаңдары "Fasciola hepatica" жана "Fasciola gigantica", бул илимий аталыштары. Үлүлдөрдүн кайсыл бир түрлөрүнөн жана күрүч талаасындай нымдуу жерлерде, боор курттары олуттуу көйгөй жаратышы мүмкүн. Мал күрүч талаасында багылбаса да, “мета церкария” деген боор фасциола кистасы менен булганган күрүчтүн сабактары тоют болуп берилип калат. Боор фасциоласы боор тканына зыян келтирип, боор каналдарын жаап калышы ыктымал.
Боор фасциоласынын жашоо циклы Боор фасциоалалары өттүн жолдоруна жумуртка тууйт.
Жумурткалары малдын ичке ичегисине өтүп, заң менен сыртка чыгат.
Нымдуу жерден жумурткалардан “мирацидия” деп аталган курт чыгат.
Бул курттар "ортомчу өткөзүүчү" болгон үлүлдөрдүн ичине кирип, курттардын кийинки стадиясында "церкарияга" айланат.
Церкария үлүлдөн чыгып, чөптүн же самандын тилкелерине жабышат. Алар сырткы коргоочу кабык жасап, чаң данындай болгон “метацеркарияга” айланат.
Малдар жайыттан метацеркарияларды жешет. Ичегилерде метацеркариялар кабыгын жоготуп, жаш фасциолага айланат жана боорго жайланышып, ошол жакта чоңоюшат. Цикл адатта 2 айга созулат.

Боор фасциоласынын белгилери:
• Боор фасциоласынын белгилери - табиттин жоголушу, ич өтүү, начар абал жана аз кандуулук болуп саналат. Эгерде аз кандуулук катуу болсо, ылдыйкы жаактын астына суюктук чогулат. Боор фасциола инфекциясы өтүшүп кеткенде боорго зыян келтирет, бул “сарыкка” алып келиши мүмкүн, бул абалда ткань сары түстө болот жана мал өлүп калышы мүмкүн. Белгилери тоют жетишсиз болгондо, мисалы, кургакчылык мезгилинде күчөйт.
Боор фасциоласынын диагнозу:
Белгилери: Боор фасциоласын жалпы белгилерине жана боор ылаңдары аймакта көйгөй экенин билүү менен, дарылоого болгон реакция аркылуу диагноз коюлат.
Некропсия: Өлгөн малдын боор түтүкчөлөрүнөн боор фасциоласын көрүүгө болот. Алар жалбырак сымал жалпак жана узундугу беш сантиметрге чейин жетет. Боордун ткандарын жабыркаткандыктан, ал катуу болуп калат. Өлгөн малдын боорун текшерүү - аймакта боор ылаңдардын бар-жогун билүүнүн эң жакшы жолу.
Лабаротория: Боор жумурткаларын малдын тезек үлгүлөрүнөн изилдөө пайдалуу, бирок инфекция болгон малдардын анализ жыйынтыгы терс болуп калат (б.а. жумуртка табылбайт).
Боордун фасциола ылаңын дарылоо:
Боор ылаңына каршы бир нече жакшы дарылар бар. Силердин аймакта эң арзан жана натыйжалуу экендиги белгилүү болгон дарыны колдонгула.
Абайлагыла: Көмүртек тетрахлорид жана гексахлорэтан сыяктуу боордун эски дарылары арзаныраак, бирок көбүнчө натыйжалуу эмес, айрыкча алсыз жана бооз малдарга. Авторлор оксиклозанид, альбендазол сыяктуу жаңы дарыларды колдонууну сунушташат. Кээ бир жаңы дары-дармектер жетилген гана эмес, жетиле элек фасциолаларды, боорго зыян келтиргиче эле жок кылат.
Эгерде мал тоют жакшы жебей жатса, В витамини сыяктуу табитти ачуучу каражаттар менен дарылоо малдын тезирээк айыгышына жардам берет.
Көзөмөлдөө:
Төмөнкү үч ыкма боор фасциоласынан жардам берет:
Жылына 3 жолудан кем эмес боор ылаңына каршы дарылоо керек. Аралыгы жергиликтүү шарттарга жана көйгөйдүн оордугуна жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Үлүлдөрдү жок кылуу керек, колдонулган ыкмалар башка жаныбарларга коркунуч туудурбашы керек, башкача айтканда ичүүчү сууну ууландырып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеши керек. Өрдөктөр үлүлдөрдү азайтууга жардам берет.
Күрүч саманы тоют катары берилсе, анын жакшы кургатылганын текшергиле, анткени кургатканда кээ бир метацеркариялар өлөт. Мүмкүн болсо, бак-дарак тоюттарын бергиле, анткени аларда чөп же күрүч саманындагыдай метацеркария болбойт.