Чочконун жалпак курту – цистицеркоз

27.7.3 Чочконун жалпак курту – цистицеркоз Бул жалпак курт калктын ден соолугуна көйгөйлөрдү жаратат. Бул жалпак курттун чоңу адамдын ичегисинде жашап, тоют сиңирүү тутумунун бузулушуна жана бир аз ич өткөккө себеп болот. Андан да маанилүүсү, Taenia solium адамдын ткандарында кисталарды пайда кылып, киста кайсы жерде (мисалы, мээде) пайда болгонуна жараша олуттуу ылаңды жаратышы мүмкүн. Taenia solium чочколордун этинде да пайда болуп, этин бузат. Бул ылаңдын цистикалык түрү "цистицеркоз" деп аталат.

Image undefined
Image undefined

Жашоо циклы Жугузган адамдан жалпак курт сегменттери заңга өтүп, анан жумурткаларын бөлүп чыгарат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

2. Чочко ылаңдаган адамдын заңын жеп өзүнө жугузуп алат. Чочконун ичегисинде жумурткалар куртка айланат. Курттар чочконун денесинде ар кандай булчуңдарга жылат жана кисталаларды пайда кылат. .

Image undefined

3. Начар бышырылган чочконун этин жеген же митенин жумурткасын жугузган адамдар (гигиеналык талаптарды сактабагандыктан же булганган нерсени жегенден улам) жугузуп алышат.

Image undefined
Image undefined

Көзөмөлдөө:

Цистицеркоз эки ыкма менен көзөмөлдөнөт:

1. Чочколорго адамдын заңын жегенге жол бербегиле. Адамдар ажаткана колдонуулары керек жана чочколорду бош койбоо керек.

2.Бардык чочконун этин жакшылап бышыруу керек. Кисталар, жок дегенде, 53 градуста бир мүнөттөн аз эмес бышырганда өлүшөт. Эттин бардык бөлүктөрүн жакшы бышыруу үчүн, этти майда бөлүктөргө бөлүп туурагыла.

Гидатид жалпак курту Эхинококк гранулезус тарабынан козголот - Гидатидоз Эхинакокк гранулос — иттердин жалпак курту, адамда, эчкиде, чочкодо, буйволдо жана бодо малда кисталарды пайда кылат (ортомчу өткөргүч болушат). Бул ылаңдын киста түрү "гидатидоз" деп аталат.

Жашоо цикли:

Жетилген жалпак курт иттин ичегисинде жашайт жана жумурткалайт, анан алар заң менен чыгат.

Эчкилер, чочколор, буйволдор, бодо малдар же адамдар (ортомчу ээси катары) бул жумурткаларды курт болгон тамак-ашты жеп же малдар жайыттан жугузуп алуулары мүмкүн. Жумурткадан курт пайда болуп, андан соң жаныбардын же адамдын денеси аркылуу көчүп, "гидаттык кисталар" деп аталган чоң кисталарды пайда кылышат. Бул абал "гидатидоз" деп аталат. Кээ бир жерлерде бул коомдун саламаттыгын сактоодо олутту көйгөй болуп саналат.

Ит, киста менен булганган чийки этти жейт. Иттин ичегисинде кисталар курттарды бөлүп чыгарышат, алар чоң жалпак курттарга айланат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Дарылоо:

Мал чарбачылыкта дарылоо мүмкүн эмес. Адамдарда кисталарды хирургиялык жол менен алышат, кээ бир дары-дармектерди колдонушат.

Көзөмөлдөө:

Image undefined

Ылаңдын циклын төмөндөгү эки ыкма менен бузууга болот:

Image undefined

Бардык иттерге бул куртка каршы дарыларды үзгүлтүксүз берип тургула. Дарылоо ирети көйгөйдүн оордугуна жараша болот.

Эч качан иттерге чийки эт жедирбегиле. Союлган малдын ичегилерин өрттөп салгыла.

КОКцИДИА Кокцидиа айрыкча жаш малдарда маанилүү ылаң козгогуч болуп эсептелет. Катуу жабыркаган жаныбарлар кой, эчки, бодо малдар, буйволдор, чочколор, коёндор жана канаттуулар болот. Жалпысынан алганда, ар бир жаныбардын түрүнө жараша өзүнө тиешелүү кокцидий түрү болот, (кой эчкиден башкалары, алардыкы бир болот). Кокцидиялар ичке жана жоон ичегилердин былжыр челин жабыркатат. Кокцидияны жуктуруп алуу коркунучу жаныбарлардын бир жерде көп болгондо же санитардык абалы начарлаганда жаралат.

Жашоо циклы:

1. Жетилген кокцидиялар ичегиде жашап, жумуртка тууйт жана алар заң менен чыгат.

2.Эгерде нымдуулук жана температура туура келсе, ооцисттердин формасы өзгөрүп, "жугуштуу" болуп калат.

Image undefined

Жумурткаларды мал жеп, алар ичегиде өсүп жетилет.

Белгилери:

•Эң кеңири кезиккен белгилери: кан аралаш ич өтүү жана арыктоо болот. Ич өткөктүн таасиринен улам өлбөгөн малда кокцидиянын ошол түрүнө туруктуулук пайда болот. Бирок эгерде мал кокцидияга кайра дуушар болбосо, туруктуулук (резистенттүүлүк) убакыттын өтүшү менен азаят. Коёндордо кокцидиялар боорду жабыркатып, тез өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Диагноз:

Белгилери: Кокцидияны жалпы белгилерине карап, аймакта көйгөй экенин белгилүү болгонуна жана дарылоого карата кандай реакция болгонуна жараша коюлат.

Некропсия: Ичегилердин былжыр челдери кан болуп калат. Коёндордун боорунда ак тактар ​​байкалышы мүмкүн.

Лабаротория: Микроскоптун жардамы менен заңда ооцисттерди байкоого болот. Бирок ылаңдаган жаныбарлардын заңы терс жыйынтык бериши мүмкүн.

Дарылоо:

Кокцидиозду дарылоочу бир нече дарылар бар, мисалы, “сульфаниламидтер” жана ампролиум. Колдо болгон жана силердин аймакта эффективдүү экендиги белгилүү болгон эң арзан дарыларды колдонгула. Сунуштамадагы көрсөтмөлөрдү кылдаттык менен аткаргыла.

Кокцидиоздон алсыраган мал тезирээк сакайып кетиши үчүн таза, кургак, корголгон короого кармаш керек, ошондой эле таза сууну жана таза, сапаттуу жемди камсыз кылыш керек.

Көзөмөлдөө:

Жумуртка кир, нымдуу чөйрөдө көпкө жашай алат. Ошондуктан таза санитария кокцидиа менен күрөшүү үчүн маанилүү болуп саналат.

Короолор: Жаш жаныбарлар үчүн короолор таза жана кургак болушу керек, ашыкча тыгын болбош керек. Мезгил-мезгили менен короолорду тазалоо, дезинфекциялоо жана бир нече күн бош калтыруу керек (күн тийгендей кылып). Кээде малдын короосун кокцидиянын жумурткаларынан тазалоо үчүн күчтүү дезинфектант керек болот.

Жайыт: Жайыттарды которуштуруп турууну практикалоо жана жайыттарда ашыкча мал кармоодон качуу, жайыттагы малдын кокцидиясын көзөмөлдөөгө жардам берет. Ошондой эле кокцидиянын жумурткалары кургакка жана күн нуруна кабылса, жашоосун уланта албай калат.

• Ампролиум жана монензин сыяктуу кээ бир дарыларды кокцидиянын алдын алуу үчүн жемге же сууга кошуп берүүгө болот. Монензинди көбүнчө кокцидиянын алдын алуу үчүн, тооктун жемине кошуп беришет (бирок жылкылар үчүн өтө уулуу!).

Трипаносомалар: 275-бетти карагыла.

Бабезиоз: Заара чыгаруу тутуму / кандуу заара, 245-бетти карагыла.