Ичегидеги жана аш казандагы майда курттар
27.5.2 Ашказандагы жана ичегидеги майда жумуру курттар Ашказанда жана ичегиде жашаган майда жумуру курттар көп.
Ашказандагы жана ичегидеги майда жумуру курттардын жашоо циклы:
Жетилген курттар ашказанда же ичегиде жашап, жумуртка тууйт.
Жумурткалар малдын заңы менен кошо сыртка чыгып, жылуу аба ырайында алардан курттар чыгат.
Курттар жаныбар булганган тоютту, сууну жеп-ичкенде жана кир желинди эмүүдө жугат. Кир, нымдуу шартта жыш болуп багылган малдарда бул курттар көп кездешет.

4. Жаныбардын ичегисиндеги курттар чоңоюп, жумурткалай баштайт.
Белгилери • Көпчүлүк жумуру курттар кан соруп, ылаңдаган жаныбарды “аз кандуулукка” (б.а. кандын суюлушуна) алып келет. Аз кандуу малдарда көздүн астындагы кызгылт эт, адатта, ак түстө болуп калат. Аз кандуулук малдын алкымында кошумча суюктуктун топтолушуна алып келет, аны "бөтөлкө жаак" же "чоң баш" деп аташат. Айрыкча жаш жаныбарларда жумуру курттар ич өткөккө алып келип, табитти начарлатышы мүмкүн.



Бөтөлкө жаак Ич өткөк Аз кандуулук Диагнозу:
Белгилери: Диагноз көбүнчө белгилерине негизделет, өзгөчө аз кандуулук жана ич өткөктүк. Мал мителерге каршы дарыланбаса ошондой эле кир, нымдуу шарттарда жана жайыт алмаштырбай багылган малдарда, майда жумуру курттар өтө кеңири таралган көйгөй экенин билүү менен диагноз коюлат.
Некропсия: Майда жумуру курттар өлгөн жаныбарлардын тоют сиңирүү жолдорунда да кездешет, айрыкча карынды электин үстүнө жуусаңар көрө аласыңар.
Лабаротория: Микроскоптун жардамы менен көбүнчө малдын тезегинен майда жумурткаларды табууга болот.
Дарылоо:
•Майда жумуру курттарга каршы ар кандай дарыларды тапса болот. Сунуштаманы окуп силердин аймактагы майда жумуру курттарга каршы эффективдүү экендиги белгилүү болгон эң арзан дары-дармекти тандагыла. Жалпысынан алганда, жаныбарлар, жок эле дегенде, ар бир 6 ай сайын дарыланууга тийиш, бирок аралыктары жергиликтүү шартка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Жылдын белгилүү бир мезгилинде (көпчүлүк мелүүн климатта, жазда) мите курттар абдан кооптуу болушу мүмкүн, бул мезгилде тез-тез дарылаш керек. Бир эле дары менен кайра-кайра дарылаганда, курттарга дары таасир бербей калат. Мындай учурда, башка дары колдонуу керек.
Көзөмөлдөө:
Майда курттарды төмөнкү жолдор менен көзөмөлдөсө болот:
Таза санитария Жемди малдын тезеги менен булганбагандай акырларда сактоо.
Сууну малдын тезеги менен булганбагандай идиштерге куюу.
Короолорду бат-баттан тазалап, кургак кармоо (күн тийсе жакшы болот).
Жайыт которуу Малды бир нече ай сайын жаңы короого же жайытка көчүрүү жана мурда жайылып жүргөн жайыттарды кеминде 3 айга бош калтыруу керек.
Эскертүү: Малды ички мите курттарга каршы дарылаган күнү эле жаңы короого же жайытка көчүрүү эң жакшы болот.

Жайыт которуу Мал бир жайытта белгилүү бир мезгилге чейин (мисалы, 1 ай) багылат. Андан кийин аларды экинчи жайытка которушат, ал эми мурда жайылып келген жайытты “эс алдырат”. Андан кийин алар үчүнчү жайытка жана төртүнчү жайытка көчүрүлүп, мурда жайылып жүргөн жайыттарга “тыныгууга” мүмкүндүк беришет. Жайыттарды эс алдыруу мезгилинде мителер кургап, күн нуруна кабылып, өлүшөт. Андан кийин жайыттагы малдар тыныгуудагы жайытка кайтып келишкенде мителерге дуушар болбойт.
Майда жумуру курттардын мисалдары
| Карында |
|---|
| Гемонхоз(ичтин чоң курту же зым курту) кызыл же кызыл тилкелүү, узундугу 1-3 сантиметр, өлгөн жаныбарлардын карынында оңой байкалат. Бул кепшөөчү жаныбарлардын дээрлик бардыгында кездешет. |
| Остертагия (орто же күрөң карын курту) узундугу 1 сантиметрге жакын жана күрөң түстө болот. |
| Трихтострогилоидоз (кичинекей карын курту) карындагы эң кичинекей аскарида курту (узундугу 0,5 сантиметрдей). |
| Ичке ичегилерде |
| Коопироз (туюк курту) узундугу 1 сантиметрге жетпейт жана аны көрүү кыйын. |
| Анкилостомоз, жана Буностомоз (илмек курт). |
| Анкилостома адамдарда жана эт жеген жаныбарларда байкалат. Буностомум кепшөөчү жаныбарларда кездешет. Бул курттар илмек сымал баштарынан улам оңой таанылат. Курттар тери же ооз аркылуу кирип, жаныбарга жугушу мүмкүн. Чоңдор ичегиде жашайт жана тез эле оор аз кандуулукка алып келиши мүмкүн. |
| Майда жумуру курттардын мисалдары (уландысы) |
| Нематодироз (узун моюн курт) илмек куртка окшош, бирок табиттин бузулуусун жана илмек куртка караганда күчтүрөөк ич өткөктү пайда кылат. |
| Жоон ичегилерде: |
| Трихоцефалёз (камчы курт) сокур ичегиде кездешет жана узун куйругу менен оңой таанылат. Бул, адатта, зыяндуу эмес. |
| Хабертиоз (чоң ооздуу курт) узундугу 2 сантиметр, оозу чоң. Ичегинин керегесин бузуп, кандуу ич өткөктү пайда кылат. |
| Эзофагостомоз (түйүндүү курт) ак түстө жана узундугу 2 сантиметрге жакын. Курт жоон жана ичке ичегилердин керегесинде майда шишиктерди пайда кылат. Бул шишиктер жарылып, катуу инфекцияларды жана ич өтүүнү пайда кылышы мүмкүн. |