Ичке ичегидеги чоң жумуру курттар (аскаридалар)

27.5.1 Ичке ичегидеги чоң жумуру курттар (аскаридалар)

Жылкылардын, чочколордун, тооктордун, бодо малдын жана буйволдун, иттердин жана мышыктардын ичке ичегисинде чоң жумуру курттар (аскаридалар) болушу мүмкүн. Кой-эчкилерде чоң жумуру курттар болбойт.

Чоң жумуру курттардын жашоо циклы

Image undefined

Ичке ичегидеги чоң курттар жумуртка тууйт, алар заң менен сыртка чыгат. Бул жумурткалар бир нече жума жетилип, анан башка жаныбарга жугат. Белгилүү шарттарда жумуртка бир нече жыл жашай алат.

Image undefined

Жумурткаларды башка бир жаныбар жейт, эгерде ал туура этапта болсо ичке ичегиде куртка айланат.

Алар ичегинин керегеси аркылуу канга, андан соң боор, өпкө сыяктуу ар кандай органдарга өтүп, ар бир органга зыян келтиришет.

Акырында курттар өпкөгө кайтып келип, мал жөтөлүп кайра жутат. Курттар ичке ичегилерде жетилет.

Image undefined

Жашоо циклы бир айдан үч айга созулат.

Image undefined
Image undefined

Белгилери: Көбүнчө жаш малдар жабыркайт. Алардын өсүүсү, ден-соолугу начарлайт, жөтөлүшү мүмкүн, ич өткөккө же ичтин катуусуна себеп болот, ошондой эле ичегилери толук бүтөлүп калышы мүмкүн.

Диагноз:

Диагноз оорунун белгилерине, жакында малдын дарыланбагандыгын билүү менен, ошондой эле жумуру курттар ошол аймакта көйгөй экендигин аныктоо менен коюлат.

Өлүктү изилдөө: Өлгөн малдын боорунда ак тактар ​​байкалышы мүмкүн. Бул тактар ​​боор аркылуу өтүүчү курттардан улам жаралат.

Лабаротория: Микроскоптун жардамы менен малдын тезегинен чоң жумуру курттардын жумурткаларын көрүүгө болот. Бирок кээде курттардан улам мал ылаңдап, заңда жумуртка байкалбашы ыктымал.

Дарылоо:

• Эң арзан дарылоо ыкмасы – пиперазин, ал көбүнчө жеткиликтүү. Башка дары-дармектер кичинекей жумуру курттарга жакшы таасир этет, бирок чоң жумуру курттарга жакшы таасир этпейт жана абдан кымбат болот. Малды ар бир 3-6 ай сайын кырдаалга жараша курттарга каршы дарылап туруу керек.

Көзөмөлдөө:

Бул жумурткалар нымдуу, салкын чөйрөдө бир нече айдан бир нече жылдарга чейин жашай алат. Күндүн түз нурлары жана айрым дезинфекциялоочу каражаттар жумурткаларды өлтүрөт. Тобокелге кабылган бардык жаныбарларды дайыма дарылап туруу керек. Жаңы келген бардык жаныбарларды башка жаныбарларга кошоордон мурун дарылоо керек. Мындан тышкары, бооз малдар балдарына инфекцияны жугузбоосу үчүн аларды дагы курттарга каршы дарылоо керек.

Image undefined

Чочколордо чоң аскаридаларды болтурбоо үчүн, бооз чочколорду туутуна бир ай калганда, акыркы бир ай ичинде чоң жумуру курттарга каршы дарылоо керек.

Чоң жумуру курттардын малга таасир берүү өзгөчөлүктөрү Бодо мал жана буйволдогу чоң жумуру курттар Неоаскаридоз — ири тоголок курт (узундугу 25 сантиметрге чейин) бодо малда жана буйволдун музоолорунда кездешет. Чоң буйволдор жана бодо малдар неоаскаридозго туруштук беришет, бирок музоолор бул чоң жумуру курттардан 6 айлык курагына чейин эле ылаңдап калышы мүмкүн. Музоолор туула электе (күмөнгө энесинен жугат) эле ылаңдап калышы да мүмкүн.

Эскертүү: Кээ бирлер музоолорго “ууз” деп аталган биринчи сүттү бербей коюшат. Алар ууз сүттү бербей коюу менен чоң жумуру курттардан сактайбыз деп ойлошот. Бирок бул инфекциянын алдын ала албайт жана өтө кооптуу, анткени ууз сүт жаңы туулган музоону көптөгөн ылаңдардан коргойт.

Дарылоо • Музоолорго пиперазин бергиле жана 4 жумадан кийин дарылоону кайталагыла. Ченеми дарыдагы сунуштамага ылайык.

Көзөмөлдөө • Жаш, ылаңдаган малды үзгүлтүксүз дарылоо ылаңдын алдын алат.

Кой-эчкидеги чоң жумуру курттар (чоң аскаридалар)

Чоң жумуру курттар, адатта, кой-эчкилерде кездешпейт.

Чочколордогу чоң жумуру курттар Аскаридоз - чоң аскарида курту, көбүнчө жаш жана чоң чочколордун ичке ичегисинде кездешет. Кур боорду жана өпкөнү жабыркатат, өпкөнү алсыздатып, инфекцияларга көбүрөөк кабылтат. Бодо малдагы жана буйволдогу чоң аскарида курттан айырмаланып, аскаридоз чочколордун балдарына, алар туулганга чейин жукпайт.

Дарылоо:

Пиперазин эң арзан дары. Дозасы сунуштамасында жазылган. Аскаридозду дарылоо үчүн малдын тезегин изилдөөнүн жыйынтыгын күтпөгүлө. Бардык жаныбарлар (жашы жана карысы), жок дегенде, ар бир алты ай сайын дарыланууга тийиш. Бооз чочколор тууруна бир ай калганда пиперазин алыш керек. Эсиңерде болсун, дарылоодон көрө алдын алуу артык!

Көзөмөлдөө:

Жумурткалар нымдуу шарттарда көп жылдар бою жашай алат, бирок түз тийген күндүн нурунан бир нече жуманын ичинде өлөт. Тууган чочкону таза, бош жана күн нуру тийген короого бир нече убакытка жайгаштырыш керек. Чочколордун балдары жана алардын энелери өзүнчө бөлөк, таза, кургак жерде болушу зарыл. Ошондой эле бооз чочколорду туутка чейин акыркы бир ай ичинде дарылоо керек.

Жылкылардагы чоң жумуру курттар (аскаридалар)

Параскаридоз жылкылардын чоң жумуру курту (аскарида). Анын жашоо циклы чочколордукуна окшош. Бул аскарида жаш жылкыларда гана көйгөй, кээде жаталакты пайда кылып же ичегилерин бүтөп калат.

Дарылоо:

Пиперазин эң арзан. Дозасы дарынын сунуштамасына ылайык. Жумуру курттарды жана башка мите курттарды дарылоочу башка дарылар болушу мүмкүн.

Көзөмөлдөө:

Бээлерди жана кулундарды таза короодо кармоо, кулундарды (жылкылардын баласын) бир жашка чейин (бир айлык болгондон баштап) жумуру курттарга каршы дарылоо шарт.

Канаттуулардагы чоң жумуру курттар (аскаридалар)

Аскаридоз бул - көпчүлүк үй канаттууларынын чоң жумуру курту. Бул курт башка кадимки чоң жумуру курттарга караганда кичине болот. Дени сак канаттууларга салыштырмалуу ылаңга же тоюттун жетишсиздигине байланыштуу иммунитети төмөндөгөн жаш канаттуулар бул курттан көбүрөөк жабыркашат.

Дарылоо:

Бардык тоокторду көйгөйдүн оордугуна жараша ар бир 6 ай сайын дарылап тургула. Дозасы дарыдагы сунуштамага ылайык.

Көзөмөлдөө /Алдын алуу:

Таза санитария жана курттар менен өз убагында күрөшүү бул көйгөйдү жөнгө салат.

Иттердеги чоң жумуру курттар Иттердин чоң жумуру куртун көзөмөлгө алуу коомдун саламаттыгы үчүн маанилүү. Анын жашоо циклы бодо малдагы жана буйволдогу чоң жумуру курттарга окшош. Көбүнчө күчүктөр жабыркайт жана аларга алар туула электе эле (энесинен) жугушу мүмкүн. Күчүк менен байланышта болгон балдар токсокароз жуктуруп алышы ыктымал, ал боорго, мээге, өпкөгө жана көзгө зыян келтириши мүмкүн.

Дарылоо:

Пиперазин эң арзан дарылоо болуп саналат, бирок башка дарылар да эффективдүү (мисалы, тиабендазол, пирантел памоат, мебендазол). Дозасы дарынын сунуштамасына ылайык.

Көзөмөлдөө:

Жумурткалардын заң менен өтүшүнө жол бербөө үчүн күчүктөрдү жана алардын энелерин, күчүк эки жумага толгондо, андан кийин күчүк үч айлык болгонго чейин, үч жума сайын дарылап туруу керек. Дарылоо көйгөйдүн оордугуна жараша үзгүлтүксүз (мисалы, 3-6 ай сайын) улантылышы керек.