Чоң жана майда жумуру курттар- жалпы маалымат

27.5 Чоң ЖАНА майда жумуру курттар - ЖАЛПЫ Маалымыт Чоң жана майда жумуру курттар ашказандын жана ичеги-карындын былжыр челин сезгентет жана жабыркатат, натыйжада тоюттун начар сиңишине жана начар өсүүгө алып келет. Кээ бир жумуру курттар боорду жана өпкөнү жабыркатат, анткени курттары бүт денеге жайылат. Чоң жумуру курттар ичегилерди кептеп калышы мүмкүн. Өпкө курттары (майда жумуру курттун бир түрү) жаныбардын дем алуу жолдорун сезгентет, жөтөлтөт, өпкө инфекциясынын коркунучун жогорулатат жана жалпы ден-соолукка зыян келтирет. Бул таасирлердин баары жаш жаныбарлар үчүн өзгөчө олуттуу.