Өпкө курттары

27.5.3 Өпкө курттары Өпкө курттары көбүнчө жаш малда көйгөй жаратат. Алар өпкөнүн майда аба өткөөлдөрүндө өнүгүп, тканды жабыркатат, натыйжада мал начар өсөт. Мындай жабыркоо пневмонияга да алып келиши ыктымал. Төмөнкү тизме ар кандай өпкө курттарынын жана алар таасир эткен жаныбарлардын илимий аталышын көрсөтөт:

Диктиокаулез (бодо мал, кой жана эчки)

Протостронгилидоз (кой жана эчки)

Мюллериоз (кой жана эчки)

Метастронгилёз (чочко)

Элуростронгилез (мышык)

Өпкө курттарынын жашоо циклы:

Өпкө курттарынын түрүнө жараша жашоо циклдары айырмаланат, жалпысынан жетилген өпкө курттары өпкөдө жашап, жумуртка тууйт.

Жумурткаларды жөтөл менен чыгарып, анан жутушат.

Өпкө курттарынын кээ бир түрлөрү, жумурткалары ичегиде жатканда куртка айланып, андан кийин тезек менен бирге сыртка чыгып, жерди же тоютту булгайт. Курттар табиятта ар кандай этаптардан өтөт. Өпкө курттарынын башка түрлөрүнүн жумурткалары малдын тезеги менен чыгып, куртка айланат. Андан кийин курттарды сөөлжандар же үлүлдөр сыяктуу “ортомчу алып жүрүүчүлөр” жейт.

Жайытта багылган мал курттарды сырткы жаратылыштан (жумуру курттардын кээ бир түрлөрүн) же ортомчу алып жүрүүчүлөрдү (курттардын башка түрлөрүн) жегенде ылаңдайт.

Андан кийин курттар ичегилерден өпкөгө өтөт.

Image undefined
Image undefined

Белгилери:

• Өпкө курттары жөтөлүүгө, кыйналып дем алууга жана начар салмак кошууга алып келиши мүмкүн. Өпкө курттары малды башка организмдер (мисалы, бактериялар же вирустар) пайда кылган пневмонияга да сезгич кылат.

Диагноз:

Белгилер: Жалпы белгилерине, өпкө курттары ошол аймакта көйгөй экендигине жана дарылоого карата болгон реакциянын негизинде, өпкө курттарына диагноз коюуга болот.

Некропсия: Өлгөн жаныбарлардын өпкөсүнөн өпкө курттарын байкоого болот. Курттар ак түстө, узундугу 8 сантиметрге чейин жетет.

Лабаротория: Эгерде үлгүлөр атайын (“Берман”) ыкмасы менен даярдалса, микроскоптун жардамы менен өпкө куртунун жумурткаларын малдын тезегинен көрүүгө болот.

Дарылоо:

• Тетрамизол, тиабендол жана альбендазол сыяктуу жумуру курттарга каршы кеңири колдонулган дарылар өпкө курттарына каршы таасирлүү болот (сунуштаманы текшергиле). Колдо болгон, эң арзан жана силердин аймакта натыйжалуу экендиги белгилүү болгон дарыны колдонгула. Ар дайым сунуштаманын көрсөтмөлөрүн аткаргыла.

Көзөмөлдөө:

• Өпкө курттарын, жок дегенде, 6 ай сайын дарылагыла. Дарыны берүү аралыгы силердин аймактагы көйгөйдүн оордугуна жараша болот. Кээ бир өлкөлөрдө өпкө курттарына каршы вакцина да бар. Бул тууралуу маалыматты көбүнчө айыл чарба министрлигинен алса болот. Чоң жаныбарлар дарыланбай эле айыгып кетиши мүмкүн.