Капыстан болгон инфекция
5.3.3 Капыстан болгон инфекция Сибирь жарасы, гемморогиялык септицемия же клостридия сыяктуу малдын курч ооруларынын белгилери ууланууга окшоп кетет. Адатта, бул оорулар ысытманы дагы козгойт. Мындай учурда эң жакшы дарылоо, пенициллин же тетрациклин колдонуу керек. Эгерде малдын көчүгүнөн же оозунан, мурдунан кара кан чыгып жатса, Сибирь жарасынан шек санаса болот, өзүңөргө жана башкаларга өтө этият болгула. Эгерде мал Сибирь жарасынан өлсө, аны сойбогула, анткени ал жерди Сибирь жарасынын споралары булгайт (196-бетти карагыла).
Капыстан болгон ылаңдарды дайыма кылдат клиникалык текшерүүдөн өткөрүп, кайсы дене тутуму жабыркаганын аныктагыла. Эсиңерде болсун, капыстан катуу ооруп калган малдын канында коркунучтуу организмдер (клостирида, күйдүргү же гемморогиялык септицемия сыяктуу) болушу мүмкүн. Муну “септицемия” деп аташат. Эгерде организмдер канда айланып жүргөн уу бөлүп чыкса, муну “токсемия” деп аташат.
Дененин ичиндеги затка же тери менен болгон байланыштан аллергия болот. Бул заттар башка малга эч кандай көйгөй жаратпашы мүмкүн.
Аллергияларды эки түргө бөлсө болот:
1. Күчтүү аллергиялык реакция шок кылат, дем алууну оорлотот, кээде өлүмгө алып келет.
2. Жеңил аллергиялык реакция кычышууну, шишикти же теринин кызаруусун пайда кылат. Ооздо ыйлакчалар пайда болуп, чүчкүрүп, көз кычышат же көздөн ашыкча жаш чыгарат.
Күчтүү аллергиялык реакциялар дем алууга таасир берет (анафилакция)
Курт-кумурскалар чакканда, кайсы бир тамактан же дарыдан аллергия болот.


Белгилери. Белгилери таасир болгондон кийин тез башталып, дем алууну оорлотуп, пульс тез жана алсыз болот, мал жыгылып калат. Тамак да шишип кетет.
Дарылоо: Аллергияны козгогон затты дароо алып салгыла: Адреналин (дагы бир аты эпинафрин), антигистаминдер жана стероид дарылар бар болсо, болушунча дароо бергиле. (Ченемдери боюнча дарылар бөлүмүнөн карагыла).
Жеңил аллергиялык реакциялар Булар көбүнчө курт-кумурскалар чакканда, тамактан, дарылардан, өсүмдүктөрдөн курттардан же химикаттардан болот. Адатта, булар малды өлтүрө тургандай олуттуу көйгөй эмес.
Белгилери: Жеңил аллергиялар, адатта, тез эле билинет. Алар көбүнчө теринин аллергиялары сыяктуу болот (кызыл тактар, кычышуу жана же теринин шишүүсү), ооздо ыйлакчалар пайда болуп, көз кызарып жаш чыгат жана чүчкүртөт.
Дарылоо: Аллергияны козгогон затты аныктап, ал затка мал жолобошуна көз салгыла. Антигистамин же стероиддерди бергиле. 3.3.5 Шок



Кан айлануу тутуму ткандарга жетиштүү канды керектүү күч (басым) менен жеткире албаганда шок болот. Шокко аллергия же катуу кансыроо, инфекция, уулануу, мээге доо кетүү же ткандардын катуу жабыркоосу жана оору себеп болот.
Белгилери:
1. Алсыздык же эс-учун жоготуу.
2. Тери бозоруп, муздап, батташып турат.
3. Дем алуу тездейт.
4. Пульс алсыз, тез же жай болот 5. Дене табы төмөндөйт.
Дарылоо:
1. Малдын дем алуу жолу түз жана ачык экенин текшергиле.
2. Катуу кансыроону токтоткула.
3. Адреналин (дагы бир аталышы эпинефрин) жана стероид бар болсо бергиле.
4. Суюктукту вена аркылуу берген жакшыраак болот. Мал суюктукту жута алгандай болуп калганда оозуна куйгула.
5. Малды жылуу кармагыла (ысык эмес).
6. Малдын тынчын албагыла же чочутпагыла.
Шокту алдын алуу. Шокту алдын алуу үчүн ооруну, жараатты, инфекцияларды, ууланууларды тез жана натыйжалуу дарылоо керек. Мындай учурларда малдын туура дем алуусун камсыз кылып, кан агууну токтотуп, малды жылуу кармап, ооруну баскан дары берип жана ашыкча дүрбөлөңгө салган же кыймылдата турган нерселерден алыс кылуу керек. Малдын бир нерсеге аллергиясы бар экени белгилүү болгондон кийин ошол нерсеге жолотпогула.