Тез жардамды талап кылган башка учурлар
5.4 ТЕЗ ЖАРДАМДЫ ТАЛАП КЫЛГАН БАШКА УЧУРЛАР
Көздү дарылоо -Эсиңерде болсун:
Көз өтө сезимтал болгондуктан жабыркаганда аябай оорутат.
Көздү текшерерде дайыма колду жуугула.
Көз үчүн гана даярдалган дарыларды колдонгула.
Курч жарааттарды дароо дарылоо керек.
Көздүн өнөкөт көйгөйлөрүн айыктыруу кыйын.
Аныктама: Коньюнктивиттер - көздүн айланасындагы челдин сезгенүүсү.
Белгилер: Жабыркаган же инфекция кирген көз ашыкча кызарат, ооруйт жана көздөн жаш же ириң чыгат.Дарылоо:
Эгерде өнөкөт ылаң болсо (мис. көп убакыттан бери болсо), малдын ээсине дарылоодон кийин анчалык деле өзгөрүү болбостугун эскерткиле.
Эгерде курч өтүүчү ылаң болсо:
- Малды бекем байлагыла, колду жуугула.
- Көздүн ичине кирген нерсени издегиле, мүмкүн болсо алып салгыла.

- Көздүн кареги бозоргонун же бозорбогонун байкагыла. Бозоргон түс - инфекциянын же жабыркагандын белгиси. Кызыл жана шишиген коньюнктива (көздүн айланасындагы чел) - коньюнктивитдин белгиси.
- Көздү кайнап муздатылган суу менен жуугула. Эгер бор кислотасы бар болсо, 100 мл сууга бор кислотасынын бир бөлүгүн кошкула.
- Антибиотик майдан 7-10 күн эки маал сүйкөгүлө. Көз үчүн гана жасалган майларды колдонгула. Эгер жергиликтүү дарыканаларда адамдар үчүн жасалган майлар бар болсо, аны мал үчүн да колдонууга болот.

- Көздү таза кармагыла. Ашыкча чыккан суюктуктарды тез-тез жууп, чымындардан коргогула.

- Эгерде көз жабыркаса, атропин суюктугунан тамчылатып же май (бар болсо) көзгө сүйкөгүлө. Бул ооруну кыйла басаңдатып, зыяндын алдын алат.

Сак болуу: Атропиндин суюктугун же майын көзгө тийгизип албагыла, тийип калса, бир топ убакытка чейин жакшы көрө албай каласыңар.