Уу жана ууландыруучу заттар

5.3.2 Уу жана ууландыруучу заттар Мал уу өсүмдүктөрдү же уулуу тоюттарды жеп алганда:

1. Кылдат изилдөө керек. Малдын ээсинен же баккан кишиден, уулуу бир нерсе жегенин же жебегенин жана андан бери канча убакыт өткөнүн аныктагыла.

2. Уунун булагын табуу үчүн айлана-чөйрөнү текшергиле. Тоюттун баарын, суунун булактарын, жайытты жана жабыркаган мал багылган сарайларды текшергиле. Күмөн жараткан өсүмдүктөрдү же башка заттарды чогулткула.

Уулуу заттар болгон жерлерде мал оттогон болсо, ошондон ууланган деп дарылай бергиле. Дээрлик бардык уулуу өсүмдүктөрдүн даамы жагымсыз болот. Бирок мал ачка болгондо, мисалы кургакчылык маалында, уулуу өсүмдүктөрдү да жеши мүмкүн.

3. Ылаңдаган да ылаңдабаган да малды текшергиле. Канча малда бирдей же окшош белгилер болсо, анда аларды ылаңдабагандар менен салыштыргыла. Ылаңдаган малды, ылаңдабаган малдан айырмалап, эмне жегенин аныктагыла.

Уулануунун негизги белгилери
Белгилер, адатта, уулуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө көз каранды болот, ошого карабай, көп уулуу өсүмдүктөр төмөндөгүдөй белгилерди козгойт:
- мал капыстан катып же бир кызыктай болуп калат;
2. - тоютка табити жок;
3. - ичи көөп кетет,бул оор дем алуу менен коштолуусу мүмкүн;
4. - ич өтүү жана ашыкча шилекей (мис. ооздон шилекей же көбүктүн агуусу);
5. - бүйлөлөрдүн же көздүн айланасынын түсү бөлөкчө болуп калуусу (эгерде бүйлөлөр же көздүн айланасы күрөң болсо, нитраттан ууланды деп шектенсе болот, ал эми ачык кызыл болсо цианидден уулануу);
6. - капыстан өлүп калуу.
Эскертүү: Дене табынын жогорулоосу, адатта, өсүмдүктөн уулануунун белгиси ЭМЕС.

Ууланган малды дарылоонун негизги жолдору:

1. Ашказанды бошотуу. Кепшөөчүлөрдү кустуруу кыйын болгондуктан жана жылкылар куса албагандыктан, ашказанды жана ичегилерди тазалоо үчүн, төмөнкү дарылардын бирөөсүн ичти өткөрүү үчүн бергиле. Бул дарыларды сууга эзип оозуна куйгула.

2. Магний сульфаты. Эң жеткиликтүү (доза: 250 мг/кг же беш килограмм салмакка бир чай кашык). Чоң мал үчүн 200-300 гр; майда мал үчүн 20-40гр.

3. Натрий сульфаты (Глаубер тузу). Эгерде бул бар болсо, магний сульфатына караганда жакшыраак болот. Ченеми (дозасы) магний сульфатындай эле.

4. Сорбитал. Ченеми (дозасы)1кг салмакка 2 грамм болот.

Активдештирилген көмүр бергиле: Эгер бар болсо, жогорудагы дарыларга кошуп берсе болот. Активдешкен көмүр ууну өзүнө сиңирип алат. Ченеми: бир киллограмм салмакка 2 гр., 1:10 кылып сууга эзип, оозго куюлат. Активдештирилген көмүрдү жөнөкөй көмүр менен алмаштырбагыла!

Белгилөө: Активдештирилген көмүрдү, негизинен, минералдык майлар менен же башка майлар менен деле аралаштырбоо керек.

Кичинекей жаныбарларды (ит жана мышыктар) кустуруп, ашказандарын тазаласа болот. Бирок кустуруу ууну жегенден кийин эки сааттан ашпаган убакытта гана жардам берет. Самын суу жана “салттык дарылар” деп аталган кээ бир жергиликтүү өсүмдүктөр кичинекей жаныбарларды кустурат.

Ичи көөп кеткен малды айыктыруу: Эгер малдын ичи көөп, жакшы дем ала албай жатса, ашказанга шланг киргизгиле же троакар, канюля же бычак колдонгула. Ич көбүү таркагандан кийин, магний сульфаттын бергиле. Ич көбүү боюнча бөлүктү, 186-187-бетти карагыла.

Hoecius lunatus бархат чөп Hydrangea spp. гортензия Linium spp. зыгыр Lotus corniculatus шамрок Phaseolus lunatus лима буурчагы Prunus spp. алча өрүк шабдалы Pyrus malus алма Sambucus canadensis буза мөмөсү Sorghum spp. Судан жана жонсон чөбү Suckleya suckleyenaс уклев уусу Trifolium repens ак беде Triglochin maritima жебе чөп Vicia sativa век уругу Zea mays жүгөрү Ууландырган негизги өсүмдүктөр Цианид же циан кислотасы менен уулануу Цианид кээ бир өсүмдүктөрдүн данегинде же жалбырактарында кездешет. Жаңы чыгып тез өсүп жаткан, же кургакчылыкка кабылып, соолуп баштаган өсүмдүктөрдө цианид болот. Уулуу цианид келемиштердин дарысында да кезигет.

Белгилери: Белгилери дароо көрүнөт, бүйлөлөрдүн өңү өчүп, дем алуу оорлойт. Кээде мал өлүп калган болот.

Айыктыруу:

Магний сульфатын ич өткөрүү үчүн жана уулануудан арылтуу үчүн бергиле.

2. Орточо уулануу учурунда, чоң мал үчүн 30 гр, кичинекей мал үчүн 5 грамм натрий тиосульфатын бергиле. Мал жакшы болуп калганга чейин ар саат сайын кайталап тургула.

3. Олуттуу учурда, 66 грамм натрий сульфатын, 500 мл стерилдүү сууга аралаштырып, венага (100 кг салмакка 500 мл) куйгула.

Цианидден уулануунун алдын алуу Цианид бөлүп чыгарган өсүмдүктөр өскөн жерлерге мал жайбаш керек. Өзгөчө чөптөр тез өсүп, бирок үшүктөн жана кургакчылыктан соолуй баштаганда, ал жерлерге мал жайбоо керек.

Нитрат менен уулануу Нитрат менен ууланууну козгогон өсүмдүктөр:

Ото чөптөр Amaranthus spp. Чочко чөбү Chenopodium spp. Козу кулак Cirsium arvense канадалык тикенек Datura spp. Жимсон чөбү Helianthus anuus жапайы күн карама Kochia scoparia кипрей Malva parviflora чырмоок Melilotus officinalis таттуу беде Polygonum spp. Койчу баштык Rumex spp. Ат кулак Salsola pestifer Орус тикенеги Solanum spp. Жапайы картошка Sorghum halepense жонсон чөбү Өсүмдүктөр Avena sativa сулуу Beta vulgaris кызылча Brassica napus рапс Glycine max соя Linum usitatissimum зыгыр Medicago sativa беде Secale cereale кара буудай Sorghum vulgare судан чөбү Triticum aestivum буудай Zea mays жүгөрү Мал кургакчылык маалында жеген чөптөрдөн же нитрат кошулган суу ичкенде ууланат. Топурагында нитрат же аммиак жогору болгон жерлерде, өзгөчө кычкыл топурак нитрат менен ууланууну козгойт. Ошондой эле топурагында молибден, күкүрт же фосфор минералдары жетишсиз болгондо да, нитраттык уулануу болушу мүмкүн. Аба ырайынын төмөн болуусу да уулануунун тобокелчилигин жогорулатат.

Image undefined

Белгилер: Уулануунун белгилери тез пайда болот, дем алууну оорлотот, жүрөк тез-тез согот жана жылдырганда, капыстан кулап калышы мүмкүн. Буга кошумча бүйлөлөр, көздүн айланасы жана кан күрөң тартып калат.

Дарылоо: Он грамм жаңы көк метиленди, 500 мл кайнатылып муздаган суу менен аралаштыргыла. Муну венага (5 кг салмакка 2мл) куйгула. Эгерде көп өлчөмдөгү уулуу зат жеген болсо, ар бир 6-8 саат сайын кайталагыла.

Жылан жана курт-кумурскалар чаккандан кийин уулануу:

Белгилери: Катуу ооруйт жана чаккан жер шишип кетет, дем алуу оорлойт, шок болот жана шилекей агат. Жылкы жана уйдун көбүнчө тумшугун чагат. (255-бетти карагыла). Бул баштын жана тумшуктун шишишине алып келет.

Дарылоо: Уунун жайылуусун токтотуу: - жабыркаган жерди самын суу менен тазалоо; - малды тынч кармоо; - жабыркаган жерди сордуруу (биринчи 15 мүнөттүн ичинде гана пайдалуу болот); - уунун жайылуусун азайтуу үчүн турникет колдонгула. 2. Шишикти азайтуу үчүн стероид жана шокко каршы адреналинди сайгыла. 3. Зарыл болсо, ооруну басаңдатуучу дарыларды бергиле. 4. Инфекцияны алдын алуу үчүн антибиотиктерди колдонгула.Дарылоо: Уунун жайылуусун токтотуу: - жабыркаган жерди самын суу менен тазалоо; - малды тынч кармоо; - жабыркаган жерди сордуруу (биринчи 15 мүнөттүн ичинде гана пайдалуу болот); - уунун жайылуусун азайтуу үчүн турникет колдонгула. 2. Шишикти азайтуу үчүн стероид жана шокко каршы адреналинди сайгыла. 3. Зарыл болсо, ооруну басаңдатуучу дарыларды бергиле. 4. Инфекцияны алдын алуу үчүн антибиотиктерди колдонгула.
Пестициддердин уусу жана алар менен малдын уулануусу
Мал пестициддердин ууландыруучу өлчөмүн, тоют аркылуу же сырткы курттарга каршы чачыла турган суюктукту туура эмес аралаштырып колдонгондо ууланып калат. Мышыктар жана жаш малдар пестициддерге сезгич болушат. Белгилери пестциддердин түрүнө жараша айырмаланат. Эгерде колдонуу үчүн көрсөтмөсү бар болсо, белгилерин жана ууланганда эмне кылуу керектигин этикеткадан окугула.

Хлордуу углеводдордун уулулуугу (мисалы. BHC, Chlordane, Lindane, Aldrin, Dieldrin)

Белгилери:

1. Биринчи малдын ашыкча дүүлүгүүсү жана тынчсыздануусу жана кутурма ылаңынын белгилерине окшош белгилер байкалат.

2. Анан мал калчылдап, титиреп, акыры өлүп калат.

Дарылоо: Жакшы дарылоо жолу жок. Эгерде териге тийген болсо, пестицидди самын суу менен жууп салуу керек. Эгерде ичип алган болсо, магний сульфатын жана майдаланган активдүү көмүрдү ичиргиле. Ичте калган токсиндердин калдыгын чыгаруу үчүн, өтө майдаланган активдүү көмүрдү эки жума бою тоютка кошуп бергиле.

Органофосфат (ОФ) уулуу зат.(б.а. Дихлорвос, Фентион, Малатион, Паратион, Роннел, Руелена, Левамизол)

Белгилери:
Дем алуунун оорлошу.
Шилекей агуу, жаш чыгуу, тез-тез заара кылуу жана ичтин өтүүсү (ШЖЗИӨ).
Айрым учурда талма болуу.

Малдын органофосфат менен уулануусун дарылоо:

Image undefined
Image undefined

1. Терисине чачыратуу же чөмүлдүрүү жолу менен ашыкча көлөмдө жаракат алган малды жылуу, самын суу менен жуунтуу керек.

2.Төмөнкү ченемдер боюнча атропин сульфатын берүү керек (булчуңга):

Уй : 30мгр/45 кг ДС Кой: 50 мг/45 kг ДС Жылкы: 6.5 мг/45кг ДС Ит: 2-4 мг/ жалпы ДС (эгерде белгилери кайра кайталанса бул дарыны 4-5 саат сайын сайгыла)

Келемиш уусу: Кээде үй жаныбарлары капысынан келемиштерге жасалган уулуу дандарды жеп алышат. Кандай түрдөгү уу колдонулганына жараша дарылап же антидот колдонобуз. Ошондуктан уулуу заттын сыртын окуп, уу жана айыктыруу боюнча маалымат алгыла. Көп көлөмдөгү уу желбесе, андай деле олуттуу белгилер коштобойт. Ошого карабай ууну алыс алып, мал толук айыкмайынча, кам көргүлө.