Негизги тез жардамдар

5.3 негизги тез жардамдар Олуттуу жараат жана кокустук болгон учурда тез жардам төмөнкүдөй көрсөтүлүшү керек:

Малдын дем алуусун текшерүү Малдын башын өйдө же артка тартып түздөгүлө, аба кысылбай кирсин. Эгерде суюктук же кан тосуп калган болсо, кичирээк малды башын ылдый каратып, суюктукту чыгарса болот. Эгерде дем ала албай жатса, жасалма жол менен дем алдыруу үчүн төшүнөн 1 мүнөттө 10-20 жолу баскыла. Кичинекей жана жаңы туулган малдын мурдун жаап, оозунан мүнөтүнө 10 жолу үйлөгүлө. Кансыроону токтотуу Төмөнкү жолдорду толук колдонгула: - таза чүпүрөк менен же тыгыз бинт менен жараатты баскыла; - жараат алган жердеги негизги тамырды таңгыла; - кан токтогондон кийин этияттык менен жараатты тазалагыла, анан антибиотик сайгыла.
Бууп таңуу: Эгер кан шаркырап же катуу оргуштап агып жатса, анда артерия кесилген болот. Жараат аяктарында болсо, бууй турган материал катары ичке чүпүрөктү же жипти колдонуп, жарааттын үстү жагынан бекем таңуу керек (мис. жараат менен жүрөктүн ортосунда). Ошондо кан токтоп, уюганга өбөлгө түзүлөт. Ар бир 20 мүнөт сайын таңылган жерди бошотуп, кан агууну текшерип, кандын келүүсүнө жол бергиле.Бууп таңуу: Эгер кан шаркырап же катуу оргуштап агып жатса, анда артерия кесилген болот. Жараат аяктарында болсо, бууй турган материал катары ичке чүпүрөктү же жипти колдонуп, жарааттын үстү жагынан бекем таңуу керек (мис. жараат менен жүрөктүн ортосунда). Ошондо кан токтоп, уюганга өбөлгө түзүлөт. Ар бир 20 мүнөт сайын таңылган жерди бошотуп, кан агууну текшерип, кандын келүүсүнө жол бергиле.
Мүйүз жана туяк сыяктуу катуу жерлерге калий перманганатына (эгер болсо) чүпүрөктү нымдап басса болот.Мүйүз жана туяк сыяктуу катуу жерлерге калий перманганатына (эгер болсо) чүпүрөктү нымдап басса болот.
Мүйүздөн кан агып жатса, түбүнөн (убактылуу) бекем тартып байлап, мүйүзгө кеткен тамырларды бууп салгыла. Музоолорду, кочкорлорду жана эчкилерди бычкандан кийин кан токтобосо да ушундай эле жол менен бууп коюу керек.Мүйүздөн кан агып жатса, түбүнөн (убактылуу) бекем тартып байлап, мүйүзгө кеткен тамырларды бууп салгыла. Музоолорду, кочкорлорду жана эчкилерди бычкандан кийин кан токтобосо да ушундай эле жол менен бууп коюу керек.
Ысытылган темир менен да, канап жаткан мүйүздү, туякты жана бычкандан кийинки жараатты басса болот, бирок чекесин күйгүзүп албоо үчүн этият болуу керек.Ысытылган темир менен да, канап жаткан мүйүздү, туякты жана бычкандан кийинки жараатты басса болот, бирок чекесин күйгүзүп албоо үчүн этият болуу керек.
Малдарды жылуу, кургак жана ыңгайлуу шартта кармагыла.Малдарды жылуу, кургак жана ыңгайлуу шартта кармагыла.
Өтө ысыктан, сууктан, күндөн жана шамалдан малды коргогула.Өтө ысыктан, сууктан, күндөн жана шамалдан малды коргогула.
Жакшы болуп калганга чейин малды жылдырбагыла.Жакшы болуп калганга чейин малды жылдырбагыла.
Сыныктарын текшергиле. Эгерде шыйрактын ылдый жагы сынган болсо, малды жылдыраардан мурун шак-шак койгула. (233-бетти карагыла). Ооруну басуу үчүн аспирин же башка ооруну басуучу дарыны колдонгула. Малды калыбына келип калган учурда гана жылдыргыла.Сыныктарын текшергиле. Эгерде шыйрактын ылдый жагы сынган болсо, малды жылдыраардан мурун шак-шак койгула. (233-бетти карагыла). Ооруну басуу үчүн аспирин же башка ооруну басуучу дарыны колдонгула. Малды калыбына келип калган учурда гана жылдыргыла.
Малды бир жакка жүктөгөндө, бошоном деп өзүн көбүрөөк жабыркатып албашы үчүн, болушунча, ага ыңгайлуу шартта, тынч алып баруу керек. Мисалы, малды башын ылдый каратып же чалкалатып жүктөбөгүлө! Чоң малды көтөрүү үчүн, бекем жыгачты курсагына коюп, бир нече кишилер жыгачтын ар бир бурчунан көтөрүшү керек.Малды бир жакка жүктөгөндө, бошоном деп өзүн көбүрөөк жабыркатып албашы үчүн, болушунча, ага ыңгайлуу шартта, тынч алып баруу керек. Мисалы, малды башын ылдый каратып же чалкалатып жүктөбөгүлө! Чоң малды көтөрүү үчүн, бекем жыгачты курсагына коюп, бир нече кишилер жыгачтын ар бир бурчунан көтөрүшү керек.
Малга суу бергилеМалга суу бергиле
Сууну мал иче ала турган учурда эле бергиле. Бирок жута албай жатса кыйнабагыла.Сууну мал иче ала турган учурда эле бергиле. Бирок жута албай жатса кыйнабагыла.