Ийнелер
4.8.2 Ийнелер Ийнелердин узундугу жана көзүнүн өлчөмдөрү ар кандай болот. Ийнелердин сыртында, ийненин узундугу дюйм же сантиметр менен көрсөтүлгөн жана көзүнүн өлчөмү да көрсөтүлөт. Адатта, ал төмөндөгүдөй жазылат:
"16Gx2,5" 16 калибрлик ийне, узуну 2.5 см.

Узуну =2.5см Көзүнүннкалибри = 16 УЗУНУ Малга дары берүү үчүн 2.5 дан 4 сантиметрге чейинки ийне керек болот. Тери астына ийне саюу үчүн, 2.5 сантиметрлик жетиштүү, бирок 4 сантиметрликти деле колдонсо болот. Булчуңга ийне сайганда, 4 сантиметрлик ийне болсо ошону колдонгула, кичинекей музоолорго 2.5 сантиметрлик жетиштүү.
ИЙНЕНИН КӨЗҮНҮН КӨЛӨМҮ
Көп дарыларга 16-22 калибрлик ийнелер керек болот; калибри чоң болсо көзүнүн көлөмү кичине болот. Ийненин көзүнүн өлчөмүн, малдын түрүнө жана дарынын коюулугуна жараша тандоо керек.


Дары коюу болсо, чоңураак көздүү ийне зарыл болушу мүмкүн, бирок, негизинен, 20 же 22 калибрлик ийнелер жаш бодо малдар үчүн туура болот. Мисалы, пенициллин үчүн 19 калибрликтен кичирээк ийне жарабайт. Чоң көздүү (кичинекей калибрдүү) ийнелер менен саюу жеңилирээк болот жана оңой менен ийилбейт. Ал эми чоң калибрдүү ийне менен сайганда дары артка тээп, сыртка куюлуп ысырап болуп калышы мүмкүн.
| Керектүү дарынын өлчөмүн малдын салмагына жараша, этикеткада көрсөтүлгөндөй кылдат эсептегиле. | |
|---|---|
| Колду самын менен жуугула. | |
| Дарынын резина капкагын дезинфектант менен сүртүп, анан идишти дарыны аралаштыруу үчүн чайкагыла. | |
| Стирилденген ийнени, капкагын ачпай туруп шприцке бекем таккыла. | |
| Ийненин капкагын ачып, дарынын идишине салгыла. Ийненин учу дарыга малынып турушу керек, андан соң керектүү өлчөмдөгү дарыны сордургула. | |
| Ийнени сууруп алгыла. Ийнени өйдө каратып ашыкча дарыны же абаны акырын түртүп чыгаргыла. Абаны чыгаргандан кийин, шприцте жетиштүү дары калганын текшергиле. | |
| Ийнени дароо сайгыла же ийненин капкагын жаап койгула. |
| Ийненин капкагы алынгандан кийин, кол менен кармабагыла же башка булгай турган нерселерге тийгизбегиле. |
СТИРИЛДЕНГЕН, КУРЧ ИЙНЕЛЕРДИ КОЛДОНГУЛА

Ийнелер жана шприцтер ыргытылышы керек, же болбосо аларды чайкап, стирилдеп колдонуу керек.




Мокоп калган ийнелерди кайра курчутуу керек же ыргытуу керек, болбосо ийне сайылган жерди шишитип жиберет.


ТУУРА ЖАНА КООПСУЗ ЖОК КЫЛУУ!
Ийнелерди мойну ичке, капкагы коопсуз идишке салгыла. Идиш толгондо жерге көмүп же өрттөп жиберүү керек.


Ийнелерди ЭЧ КАЧАН жерге же бардык таштандылар төгүлгөн жерге ыргытпаш керек. Болбосо адамдарга же жаныбарларга сайылып калуу коркунучу жаралат.
Мурда колдонулган ийнени ЭЧ КАЧАН башка дарыга колдонбогула. Дайыма стирилденген гана ийнени колдонгула. Болбосо бүт дарылардын булганып калуу коркунучу бар.
Теринин астына ийне сайуу. Теринин астына кайсы жерлерге укол сайуу керек:
- тери бош жерлерге;
- буту менен тебе албагандай, мүйүз менен сүзө албагандай же бир жерин жабырката албагандай жерге сайуу керек;
- эгер шишик болуп калса, ириң суюктугу оңой агып түшө турган болсун.
Булчуң этке ийне сайуу. Ийне булчуң этке сайылат.
Төмөндөгү сүрөттөрдөгү жаныбарларга теринин астына жана булчуңга ийне сайыла турган жерлери кара менен боёлуп көрсөтүлдү.






ЭСКЕРТҮҮ: Жамбашка ийне сайганда көбүрөөк булчуңду жабыркатып, жарактуу эттин азайуусуна алып келүүсү мүмкүн. Ошондуктан моюн жакка ийне сайуу көбүрөөк сунушталат.ИЙНЕНИ ТЕРИНИН АСТЫНА ЖЕ БУЛЧУҢГА КАНТИП САЙУУ КЕРЕК
| Шприцти жана ийнени даярдагыла. Малды жакшылап байлап, кайсы жагына ийне саярыңарды аныктагыла. Ийне сая турган жер кир болсо, тазалагыла же башка жерин аныктагыла. Эгер таза болсо, ийнени шприцтен чыгаргыла. Ийненин башын бармак менен бекем кармагыла. Айланадагылардын баарына, артка туруусун же мал реакция кылган учурга даяр болуусун эскерткиле. | |
|---|---|
| Тери астына саюу: Бир кол менен терини чоюп, анан ошол чоюлган териге ийнени сайгыла, ошондо ийне булчуң менен теринин ортосунда болот. | |
| Булчуңга ийне саюу: Коркпой, ийнени булчуңга ылдам киргизүү керек. | |
| Шприцти ийнеге бекем кадагыла. | |
| Шприцти акырын тартып көрүп, шприцке кан кирген, кирбегенин карагыла. Эгер кан чыкса, анда ийне тамырга түшкөн болот. Ийнени бир аз артка тартып, башка жакка жылдыргыла. | |
| Эгер кан жок болсо, дарыны сайгыла. Анан шприцти ийнеси менен тартып алгыла. |
Негизинен көп колдонулган дарылар ооз аркылуу, теринин астына же булчуңга берилет. МСККгө кээде малдын венасына ийне саюуга туура келип калат, бирок бул, көбүнчө, тажрыйбалуу адис же мал доктур тарабынан жасалат. Тамырга ийне саюуда, күрөө тамырларга саюу оңоюраак болот. Чоң уй, жылкы, эчки жана койлордун күрөө тамыры чоң болгондуктан табуу оңой.
| Шприцти даярдагыла. Малдын башын бир аз өйдө кылып, өзүңөрдөн алыс жана бекем байлагыла. Тынчы жок малды ноктолоп же мурдуна чүлүк салып, жиптин бир учун арткы бутуна байлоо керек. Мал турган жайды тазалагыла. Ийнени шприцтен чыгарып алып, сөөмөй жана бармак менен бекем кармагыла. | Шприцти даярдагыла. Малдын башын бир аз өйдө кылып, өзүңөрдөн алыс жана бекем байлагыла. Тынчы жок малды ноктолоп же мурдуна чүлүк салып, жиптин бир учун арткы бутуна байлоо керек. Мал турган жайды тазалагыла. Ийнени шприцтен чыгарып алып, сөөмөй жана бармак менен бекем кармагыла. | |||
|---|---|---|---|---|
| Малдын башын бир аз көтөрүп, өзүңөрдөн оолагыраак кармап, моюндун астыраак жагын бойлой кеткен чуңкурчаны тапкыла. Бармак менен чуңкурчаны баскыла. Ошондо күрөө тамыр көөп, чыгып калат, муну “күрөө тамырды кармоо” дейт. | Малдын башын бир аз көтөрүп, өзүңөрдөн оолагыраак кармап, моюндун астыраак жагын бойлой кеткен чуңкурчаны тапкыла. Бармак менен чуңкурчаны баскыла. Ошондо күрөө тамыр көөп, чыгып калат, муну “күрөө тамырды кармоо” дейт. | Малдын башын бир аз көтөрүп, өзүңөрдөн оолагыраак кармап, моюндун астыраак жагын бойлой кеткен чуңкурчаны тапкыла. Бармак менен чуңкурчаны баскыла. Ошондо күрөө тамыр көөп, чыгып калат, муну “күрөө тамырды кармоо” дейт. | ||
| Жаныңардагы кишилерге этият болууну эскерткиле. | Жаныңардагы кишилерге этият болууну эскерткиле. | Жаныңардагы кишилерге этият болууну эскерткиле. | ||
| Күрөө тамырды кармаган боюнча, ийнени тамырга териден өткөрө сайып коркпой киргизгиле. Ийненин тамырга киргенин сезесиңер, анткени ийненин башынан кан чыга баштайт. Кандайдыр бир дары саярдан мурун, ийненин түбү териге тийгенге чейин тамырга киргизүү керек. Туура киргизилген ийнеден кан чууруп агат. | Күрөө тамырды кармаган боюнча, ийнени тамырга териден өткөрө сайып коркпой киргизгиле. Ийненин тамырга киргенин сезесиңер, анткени ийненин башынан кан чыга баштайт. Кандайдыр бир дары саярдан мурун, ийненин түбү териге тийгенге чейин тамырга киргизүү керек. Туура киргизилген ийнеден кан чууруп агат. | Күрөө тамырды кармаган боюнча, ийнени тамырга териден өткөрө сайып коркпой киргизгиле. Ийненин тамырга киргенин сезесиңер, анткени ийненин башынан кан чыга баштайт. Кандайдыр бир дары саярдан мурун, ийненин түбү териге тийгенге чейин тамырга киргизүү керек. Туура киргизилген ийнеден кан чууруп агат. | ||
| Тамырга ийне сайып жатканда, 19 калибрдик же андан чоңураак ийнени колдонгула. Болбосо ийне тамырга киргенин билбей каласыңар, анткени кан коюу болгондуктан, кичинекей калибрдүү ийнеден кан чыкпайт. | Тамырга ийне сайып жатканда, 19 калибрдик же андан чоңураак ийнени колдонгула. Болбосо ийне тамырга киргенин билбей каласыңар, анткени кан коюу болгондуктан, кичинекей калибрдүү ийнеден кан чыкпайт. | Тамырга ийне сайып жатканда, 19 калибрдик же андан чоңураак ийнени колдонгула. Болбосо ийне тамырга киргенин билбей каласыңар, анткени кан коюу болгондуктан, кичинекей калибрдүү ийнеден кан чыкпайт. | ||
| Ийненин тамырга киргенине көзүңөр жеткенден кийин, шприцти ийнеге кадагыла. Поршенди акырын тартып, шприцке кан киргенин же кирбегенин текшергиле. Ийне дагы эле тамырда экени ушундайча текшерилет. Эгер кан жок болсо, ийнени кайра киргизгиле. Эгер кан шприцке оңой эле кирсе, поршенди түртүп, дарыны сайгыла. | Ийненин тамырга киргенине көзүңөр жеткенден кийин, шприцти ийнеге кадагыла. Поршенди акырын тартып, шприцке кан киргенин же кирбегенин текшергиле. Ийне дагы эле тамырда экени ушундайча текшерилет. Эгер кан жок болсо, ийнени кайра киргизгиле. Эгер кан шприцке оңой эле кирсе, поршенди түртүп, дарыны сайгыла. | Ийненин тамырга киргенине көзүңөр жеткенден кийин, шприцти ийнеге кадагыла. Поршенди акырын тартып, шприцке кан киргенин же кирбегенин текшергиле. Ийне дагы эле тамырда экени ушундайча текшерилет. Эгер кан жок болсо, ийнени кайра киргизгиле. Эгер кан шприцке оңой эле кирсе, поршенди түртүп, дарыны сайгыла. | ||
| Ийнени эч качан артерияга сайбагыла! | Ийнени эч качан артерияга сайбагыла! | Ийнени эч качан артерияга сайбагыла! |
ЭСКЕРТҮҮ! Кан ийнеден жүрөк СОГУП жаткандай же чачырап чыгып жатса, анда бул ийненин артерияга кирип кеткенинин белгиси. Мындай сейрек кездешүүчү окуялар көбүнчө жылкы, лама жана алпактарда болот. ЭЧ КАЧАН ийнени артерияга сайбагыла! Ийненин кайсы жакка киргенин билбесеңер чыгарып, кайра аракет кылгыла.
ЭСКЕРТҮҮ! Тамырга сайылуучу кээ бир дарыларды жай куюу керек, болбосо мал кулап калуусу мүмкүн. Дарыны колдонуу боюнча сунуштамадагы маалымат менен таанышып текшергиле же тажрыйбалуу адамдан сурагыла.
ЭСКЕРТҮҮ! Тамырга сайылуучу кээ бир дарылар жегич болгондуктан, кокустан сыртына сайылып калса, айланасындагы ткандарды жабыркатат. Көбүнчө жылкыларга сайылуучу “Фенилбутазон” деген дары ушундай касиетке ээ. Дарыны колдонуу боюнча сунуштамадагы маалымат менен таанышып текшергиле же тажрыйбалуу адамдан сурагыла.
Чочколорго, көбүнчө, кулагындагы тамырга сайылат. Тузак менен чочкону этияттап байлагыла жана чоюлчаак резинканы же жипти кулактын түбүнөн өткөргүлө. Кулагын тазалап, кан тамырды толтурушун күткүлө. Эң чоң тамырлар кулактын сыртында болот.
Даана көрүнгөн жана канга толгон тамырды тандагыла. 19 калибирдик ийнени тамырга болушунча терең киргизгиле. Эгер чочко башын чайкап тоскоолдук кыла турган болсо ийне оңой чыгып кетпеши үчүн терең киргизүү керек. Шприцти ийнеге кадап, ийненин дагы деле тамырда экенин, поршенди тартып текшергиле. Эгер ошондой болсо, шприцке кан кирет. Ийнени саярда резинаны бошоткула. Анан дарыны куюу үчүн поршенди баскыла.
САК БОЛУУ КЕРЕК! Чочконун кулагындагы тамырлар назик болот. Тамырды жабыркатпоо үчүн ийнени жай, акырын саюу керек. Мүмкүн болушунча бекем байлоо өтө маанилүү!
