Аспаптарды тазалоо жана стерилдөө
4.9 АСПАПТАРДЫ тазалоо жана стерилдөө Аспаптарды тазалоо жана стерилдөө ошол жабдуулар аркылуу оорулардын таркоо тобокелчилигин азайтат. Төмөндөгү ыкмаларды айнек, темир жана желим жабдууларга карата колдонууга болот. Бирок пластиктен жасалган буюмдар мындай ыкмаларды колдонуудан кийин иштен чыгып калат. Эскертүү: Сибирь жарасынын споралары сыяктуу микроорганизмдерди жоюу үчүн төмөндөгү ыкма жетиштүү эмес болушу мүмкүн.
| 1 кадам: Тазалоо Аспаптарды колдонуп бүтөр замат тазалоо керек. Щетка менен аспаптардын ички бетиндеги, кошулган жерлериндеги канды тазалоо зарыл. |
|---|
| 2 кадам: Дезинфекция жана стерилдөө |
| ДЕЗИНФЕКЦИЯ |
| Сайлон ыкмасы.10 мл сайлон 1 литр сууга жетет. (1:100 аралашма). Колдоноордон 20 мүнөт мурун аспаптарды кошулган жерлерин ачып дезинфектантка чылап коюу керек. |
| Хлор менен агартуу ыкмасы. 1 бөлүк хлорго 7 бөлүк суу кошуп, 20 мүнөт чылап коюу керек. |
| Алкоголь же спирт ыкмасы. Жабдуулардын кошулган жерлерин ачып, кебезди 20 мүнөт (70%) этиль же башка алкоголго чылап коюу керек. |
| СТЕРИЛДӨӨ |
| Ысытуу ыкмасы. Алкоголду темир жабдуунун үстүнө куюп, күйгүзгүлө. |
| Пар менен стерилдөө ыкмасы: Темир жабдуулар, нейлон тигиштер жана пахта кездемелерди 15 мүнөттөй бууга коюп стерилдөө керек. Буу менен стерилдөө мүмкүнчүлүгү жок болсо, жабдууларды 15 мүнөт тез бышыруучу мискейдин (скороварка) ичине салып кайнатып стерилдөөгө болот. |
| Кайнатуу ыкмасы: Темир же айнек аспаптарды 20 мүнөт кайнатуу керек. |
| 3 кадам. Чайкоо |
| Дезинфекция кылынгандан кийин бардык шприцтерди жана башка аспаптарды стерилденген (кайнаган) суу менен чайкоо керек. Стерилденген аспаптарды экинчи ирет кайра чайкоонун кажети жок. |
| 4 кадам. Кургатуу |
| Тазалап жана дезинфекция кылгандан кийин, стерилденген аспаптарды стерилденген чүпүрөк менен жаап кургатуу керек. Анан аларды колдонгонго чейин оролгон боюнча сактоо зарыл. Аспаптар кургак, чаң жок жерде сакталсын. |
Жабдууларды дезинфектанттарда сактабоо керек. Аспаптарды езинфектанттарда сактаса, жарактан чыгып калат.
Эскертүү: Ийне, шприц, скальпель, бычак, кайчы же кычкачтар сыяктуу аспаптар көп колдонула турган күндөр болуп калат. Ошол күндөрү жабдууларды үстү жабык айнек же темир идишке дезинфектант куюп убактылуу кармаса болот. Жумуш бүткөндөн кийин аспаптарды дезинфектанттардан алып, тазалап, кургатып, анан эрежеге ылайык сактагыла. Күн сайын жаңы дезинфектанттарды даярдоо керек, колдонуп жатканда булганып, кир болсо алмаштыргыла. Аспаптар дезинфектантка тез-тез салына турган болсо, натрий нитратын 1 литрге 4 грамм кылып кошуп койгула, бул аспаптарды сактоо үчүн керек болот.