Шприцтер

4.8.1 Шприцтер Шприцтер миллилитр (мл) же сантиметр кубу (ск) менен өлчөнүп, ар кандай көлөмдө болот (1 мл = 1 ск). Шприцтер бекем пластмассадан, темирден же айнектен жасалат. Айнек жана темир шприцтерди көп убакытка чейин колдонсо болот, алар оңой тазаланып, стирилденет. Бирок алар кымбатыраак жана айнек тез эле сынып калышы мүмкүн.

Кээ бир шприцтер “пистолет” түрүндө же “ченеме (дозаланган) шприцтери” болот. Булар шприцтеги дары түгөнгө чейин, бир нече жаныбарларга ийне сайганга ылайыкталып жасалган.

Image undefined

Ченеме шприцти, вакцинаны же ооз аркылуу бериле турган дарыны автоматтык түрдө бирдей өлчөмдө бергендей кылып ыңгайлаштырса болот. Көп өлчөмдөгү дарыны же вакцинаны рюкзакка салып, аны шприцке цластик түтүк менен уласа болот. Мындай учурда шприцти кайра-кайра толтуруунун зарылчылыгы болбойт, өзгөчө көп малды бир дары менен дарылоодо өтө ыңгайлуу. Бирок ийне алмаштырылып турбаса, кээ бир ылаңдар бир малдан башка малга жугуу тобокелчилиги бар.

Image undefined
Image undefined
Image undefined