Жумуртка
13.1.2 Дөмпөктөр жана шишиктер Ириң шишиктер, чуркулар, серомалар Кээде бүдүрчөлөр малдын капталында же курсагында, киндигинин же жумуртка калтасынын жанынан көрүүгө болот. Ириң шишик, чурку, серома, киста малдын организминде бир канча себептерден улам болот. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, “Тери тутуму” бөлүмүн 220-бетти карагыла.
Clostridium бактериялары пайда кылган көптөгөн ылаңдар бар. Карасан (Эмкар) жана залалдуу шишик, бул ылаңдардын экөө бири-бири менен тыгыз байланышта жана белгилери окшош.
Карасан (Эмкар)
Бул кээ бир географиялык аймактарда кеңири таралган курч жугуштуу ылаң. Көбүнчө бодо малда кездешет. Бирок ылаң буйволдо, койлордо да кездешет, ал эми чочколордо өтө сейрек кездешет.
Ылаңды козгогуч бактериялар (Clostridium chauvoei) малдын ичегисинде жана топуракта жашайт. Бул бактерия топуракта өзүнүн коргоочу кабыгынын ичинде (спорасында) көпкө чейин жашай алат. Бактериялар ичеги керегеси аркылуу канга, андан соң булчуңдарга өтүп, ылаңды пайда кылат. Алар теридеги жаралар аркылуу да кирет. Ылаң егизинен 6 айдан 2 жашка чейинки жаш бодо малдарда кездешет. Ошондой эле койлордо, өзгөчө кыркындан кийин байкалат.
Белгилери:
Аксоо ылаңдын алгачкы белгилеринин бири.
Ылаң тез өнүгөт, кээде капыстан (б.а. 1-2 күндүн ичинде) мал өлүмгө дуушар болот.
Катуу ооруткандыктан мал онтойт.
Бир буту, моюну, жону же капталы шишийт.
Дене табы жогорулайт.
Дем алуу ылдамдайт.
Карын иштебей калат.
Теринин жабыркаган жерлери карарып, кургак болуп калат.
Булчуңдарда жана теринин астына аба (газ) чогулуп калат.
Шишиген жерлерди басканда, кышылдаган үн чыгат.
Диагнозу: Жергиликтүү мал доктур шишип кеткен булчуңдан кандын үлгүсүн алып, малды текшерет (кандын мазогу карасанды Сибирь жарасынан айырмалоого жардам берет). Эгерде малда Сибирь жарасы болсо, малды союп экспертиза жүргүзүүгө болбойт. Бирок карасандан жабыркаган булчуңду оюп койсоңор, карарып, кургап, жагымсыз жыт чыгып калганын көрөсүңөр.

Көзөмөлдөө жана алдын алуу чаралары:


Өлгөн малды чөөлөр жана жапайы иттер казып албашы үчүн бир метрден ашык тереңдикке көмгүлө. Мүмкүн болсо, малдын өлүгүн топурак жана таш менен көмөөрдөн мурун анын үстүнө акиташ сыйпагыла.
Карасан табылган аймактарда 6 айдан 3 жашка чейинки бардык бодо мал эмдөөдөн өтүшү керек. Мүмкүн болсо койлорду да эмдөө керек.
Дарылоо:
Пенициллин жана тетрациклин сыяктуу башка антибиотиктер менен эрте жана жогорку дозада дарыланганда кээ бир малды сактап калууга мүмкүн, бирок малдын көбү өлүмгө дуушар болот.
Килең шишик Бул курч жугуштуу ылаң, кара андан айырмалоо кыйын. Залалдуу шишик көбүнчө бодо малда жана койлордо кездешет, бирок карасандан айырмаланып, чочко менен жылкыда да болушу мүмкүн.
Clostridium septicum бактериясы малдын ичегисинде жана топуракта жашайт. Бул бактериялар топуракта көпкө жашай ала турган спораларды түзөт. Бактериялар организмге көбүнчө жараат алганда, куйрук кесилгенден, бычуудан жана сапатсыз эмдөөдөн пайда болгон жарааттар аркылуу кирет. Ошондой эле, таза эмес кол менен туудурганда жатын инфекциясы болушу мүмкүн.
Белгилери: Карасандын белгилерине окшош, теринин астына аба (газ) азыраак топтолот. Шишик көбүрөөк гель сыяктуу суюктук камтышы мүмкүн.

Диагнозу: Карасандагыдай эле болот.
Көзөмөлдөө жана алдын алуу чаралары:

Өлгөн малды карасандан өлгөн малды көмгөн сыяктуу көмүү талапка ылайык.




Карасан, килең шишик катталган аймактарда бардык малды, өзгөчө койлорду эмдөө керек.
Туут кабыл алуу, бычуу жана эмдөө иштеринде стерилдүүлүктү сактагыла.
Дарылоо:
Пенициллин жана тетрациклин сыяктуу башка антибиотиктер менен эрте жана жогорку дозада дарыланганда, ылаңдаган малды сактап калууга болот. Көпчүлүк мал дарылануудан кийин да өлүмгө дуушар болот.
Селейме (жаак булчуңдардын тырышып калуусу).
Селейме – дүйнө жүзүндө кеңири таралган курч жугуштуу ылаң. Козгогучу - Clostridium tetani бактериясы, ал көбүнчө терең жарааттарда көбөйөт. Бул бактериялар токсин деп аталган уунун бир түрүн чыгарышат. Бул уу денеге жайылып, нервдерге таасир этет. Андан кийин булчуңдар иштөөсүн токтотуп, катып, тырышып калат. Селейме жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн 258-бетти карагыла (нерв тутуму).
Организмдин тутумдары жана ага байланыштуу ветеринардык көйгөйлөр Алгачкы маалымат Тери бүт денени каптап турат. Тери тынымсыз жаңыланып, эски тери түлөп түшүп астында жаңы тери пайда болот. Териде ошондой эле тер бездери, кан тамырлар, лимфа тамырлары жана нерв жипчелери бар. Мүйүз жана туяктар теринин бир бөлүгү болуп саналат. Мүйүз менен туяктын катуу тканы жумшак териден түзүлөт. Бул тери катуу ткандарды пайда кылуучу атайын клеткаларды камтыйт. Бул клеткалар жабыркаса, туяк же мүйүз жакшы өсө албайт.
Теринин функциялары:
Тери ички органдарды бактериялардан жана башка зыяндуу заттардан коргойт.
Тери дененин температурасын жөнгө салууга тер бездери жардам берет.
Жараттар негизинен үч түргө бөлүнөт: 1. Курч кесилген жана айрылган; 2. Тытылган (жанчылган); 3. Тешилген (терең) жаралар. Эреже катары, курч нерсе менен терең жаракат алганда кан көбүрөөк агат. Терең жараат алгандар селеймеге көбүрөөк кабылышат. Муундагы жарааттар абдан олуттуу, ал айыгып кетсе да, малдын муунуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
ЖАҢЫ ЖАРАттАРДЫ ДАРЫЛОО 1) Мал жаракат албаш үчүн малды туура матагыла.
Ашыкча кан агуунун алдын алуу керек. 78-бетти карагыла.

Малды карап чыгып, баары жайында экенине, жараат болгон жерде башка жаралар жана сыныктар жок экендигине ынангыла.



Колду таза суу жана самын менен жуугула.
Жараатты таза суу жана самын менен жуу керек.
Мүмкүн болсо жарааттын айланасындагы түктү кырккыла же кыргыла. Жарадан кирди, таштарды, бутактарды, самандарды, кылдарды ж.б. бөтөн нерселерди алып салгыла.
Марганцовка, савлон, йод, дезинфекциялоочу эритме сыяктуу суюлтулган антисептик эритмеси же кадимки самын менен жараны жуу керек. Концентрацияланган эритмелерди колдонбогула, алар жарааттын абалын дагы начарлатып, айыгууну жайлатышы мүмкүн.
Жараатты тигүү керекпи-жокпу, чечкиле (214-беттеги тигүү боюнча карагыла). Эсиңерде болсун, дээрлик бардык жарааттар тикпесе деле айыгат. Бирок тиккендин артыкчылыгы – тез айыгат жана жакшыраак көрүнөт.
Эгерде силердин аймакта тропикалык чымындар жашаса, куртоого каршы натыйжалуу дарыны жараатка жана анын айланасына сүйкөгүлө. 120-бетти карагыла.



Тери терең тешилип жабыркаган учурда ага суутек кычкылы же антисептик эритмени мүмкүн болушунча терең куйгула же сайгыла. Бул жараатты селейме инфекциясына азыраак сезгич кылат.
Эгерде антибиотик май же спрей (адамдар же мал үчүн) бар болсо, аларды жарага сүйкөгүлө.






Мүмкүн болсо жараатты таза кармоо үчүн бинт менен жаап койгула. Жаратты таңууга дээрлик бардык таза материалдар жарай берет. Өтө катуу таңууга болбойт, себеби айланасындагы тканга зыян келтирет. Жарааттын оордугуна, айлана-чөйрөнүн шарттарына (тазалыгына) жана малды башкаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша ар үч күн сайын бинттиалмаштыруу зарыл. Бул учурда жараатты карап, жууп, дезинфекциялоо керек.



Эгерде ийне менен бериле турган антибиотик (көбүрөөк пенициллин) бар болсо, аны жок дегенде бир жума же жара кургап, сезгенүү кеткенге чейин сайгыла. Муну кылуу өзгөчө силердин аймакта селейме ылаңы бар болсо, айлана-чөйрө кир болсо жана жараат терең же муундарда болгон учурда маанилүү.
Маанилүү эскертүү: Таңылган бинттин ным жана кир болгону анын жок болгонунан да жаман! Эгерде шарттар нымдуу жана кир болсо, анда жараатты күн сайын жууп, бинтти алмаштырып туруу керек болот. Болбосо, жараны ырбатуу коркунучу жогорулайт. 14.3. тигүү Аныктама:
Жараларды "тигүү" - жарааттарды "жабуу" дегенге барабар.
Жарааттардын айрым түрлөрү гана ийгиликтүү тигилиши мүмкүн. Чынында, тигүү жараат инфекциясынын коркунучун жогорулатат. Ошондуктан төмөнкү алты критерийге жооп бербесе, жараатты тигүүгө аракет кылбагыла.
Тигүү үчүн алты критерий:
Жаңы жараат 12 сааттын ичинде тигилиши керек.
Таза болуш керек.
Ачык жараат болушу керек. Терең тешилген жараатты тигүүгө болбойт, анткени ал жерде инфекция, айрыкча селейме коркунучу жогору болот.
Жарааттын айланасындагы ткань жабыркабаган болушу керек. Эгерде жарааттын айланасындагы эт катуу жабыркаса, анда жараатты кан менен камсыздоо бузулат. Мындай учурда тигилген жараат жакшы айыкпайт.
Жараатты тиккенди билген бирөө болушу керек.
Керектүү шаймандар жетиштүү болушу шарт.
Керектүү куралдар Негизгилер:
- самын жана таза суу;
- дезинфекциялоочу каражат (спирт ичимдиктери да болот);
- антисептиктер жана шаймандар үчүн металл, айнек же пластик идиш;
- тигүү шаймандары (төмөн жактан карагыла).
Кошумча чаралар:
- жансыздандыруучу дары;
- жансыздандыруучу дары үчүн стерилдүү ийнелер жана шприцтер.
Тигүү шаймандарынын топтому Ийне кармагыч: Тигүү учурунда ийнени кармайт. Ал жок болсо, пинцетти колдонсо болот.



Тиштүү кычкач: Тканды кармоо жана башкаруу үчүн керек. Болбосо, пинцетти колдонсоңор болот.



Башка кычкачтар: Ткандарды жана кан тамырларды кысуу үчүн дагы атайын шаймандардын түрү болуусу зарыл. Крилл кычкачтары, аллис кычкачтары жана кандын агуусун токтотуучу “чиркей” аталыштагы кычкачтардын бир нече түрү бар. Тканды кармоо жана кансыраган тамырларды кысуу үчүн 1–2 кычкачтын болушу пайдалуу.
Хирургиялык ийнелер тери же эттерди тигүү үчүн колдонулат. Эки түрү бар:



Кесүүчү ийне: Териден оңой өтүүчү учтуу, үч бурчтуу учу бар.
Тегерек (конус) ийне: Булчуңдардан жана башка жумшак ткандардан өтүүсүн шарттаган курч, бирок жылмакай учу бар.
Тигүү материалы (б.а. лигатура): Ар кандай тигүү материалдары бар, алар организмде сиңип кетүүчү жана сиңбөөчү болуп бөлүнөт:
Сиңип кетүүчү тигиштер (мисалы, кетгут). Ички тигиштерге колдонуу үчүн, анткени алар убакыттын өтүшү менен организмге сиңет. Жиптин бул түрү терини абдан дүүлүктүрөт, ошондуктан алар, адатта, ага колдонулбайт. Сиңип кетүүчү жиптердин бекемдиги 7-10 күн сакталат. Бирок жараат инфекция болуп калса, 3 күндөн кийин бошоп кетиши мүмкүн.
Сиңбөөчү тигиштер (мисалы, жибек, пахта, нейлон, жылкынын кылынан). Алар, адатта, терини тигүү үчүн колдонулат жана жараат айыгып кеткенден кийин көп өтпөй алынып салынат (антпесе алар инфекцияны пайда кылышы мүмкүн). Сиңбөөчү жиптер, адатта, бекем болот. Ар бир түрүнүн өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Мисалы, жибек жип менен иштөө оңой, бирок ал бардык нымдуулукту өзүнө сиңирип алган тампон катары кызмат кыла алат. Бул инфекциянын коркунучун жогорулатат. Нейлон жиптерин колдонууда сезгенүү жана инфекция коркунучу эң аз. Бирок алар менен иштөө кыйыныраак. Мындан тышкары, нейлон жылмышчаак келет, түйүн туура бекитилбесе, ал чечилип калышы мүмкүн.
Тигүү материалдарын колдонуудан мурун стерилденген же спиртке чыланган болушу керек. Тигүү жиптери ар кандай өлчөмдө болот, адатта төмөнкүдөй белгиленет, эң жоонунан эң ичкесине чейин:
3 2 1 0 00 000 0000
Эң жоон Эң ичке Ири мал үчүн, адатта, 0-2 өлчөмү колдонулат, майда жаныбарлар үчүн - 00-1.