Карын
11.4 Малдын карын көйгөйлөрү Ашказанга байланыштуу көйгөйлөр малдын ашказан түзүлүшүнө жараша (мис. кепшөөчү же кепшебегендер) айырмаланат.
Ашыкча жеп алуу.
Мал кандайдыр бир тоютту (жакшы тоют болсо дагы) ашыкча жеп алса, ичи көбөт, ичи өтөт, карындын иштөөсү бузулат. Мал ашыкча дан тоютун жеп алса, тез арада жардам көрсөтүү керек.
Белгилери: Белгилери жеген тоютка жараша айырмаланат. Кийинки бөлүктөрдөн карагыла.
Дарылоо: 80-беттеги тез жардам бөлүгүндө жазылгандай, эң алдын тоют сиңирүү органдарындагы тоюттарды болушунча тез тазалап, алып салуу керек. Анткени кепшөөчүү малды кустуруу кыйын, магний сульфаты сыяктуу дары берип ич өткөрүү оңоюраак болот. Ич өткөндө тоют сиңирүү тутуму бошойт.
Чоң көлөмдөгү малга 250 гр магний сульфатын сууга эритип бергиле.
Кичинекей малга 25 гр магний сульфатын сууга эритип бергиле.
Кээ бир адамдар жергиликтүү дары берип, кепшөөчү малды кустурушу мүмкүн.
Алдын алуу: Ичүүгө таза суунун дайыма болуп туруусу малдын ашыкча ысып кетүүсүн алдын алат.
Малдын карындарына газдын толуп калуусу (Тимпания)
Карындын көбүүсүнүн себептери:
- муунуп калуу;
- тоюттун өзгөрүүсү;
- жүгөрү жана башка жемдерден;
- сөңгөктүү өсүмдүктөрдөн;
- буурчактан (беде сыяктуу);
- күчтүү чөптөрдөн;
- уулуу өсүмдүктөрдөн.
Малдын ашказанында (чоң карын жана чөйчөк карын) көп газ чогулуп калганда карын көбөт. Мындай абал тоют рационунун кескин өзгөрүүсүндө, өзгөчө күчтүү тоют болсо (көк чөп же жем), же мал уулу өсүмдүктөрдү жеп алса, же мал тамагына бир нерсе тыгылып какап калганда болот. Газ ушунчалык даражада толгондуктан, газды ыкчам чыгарып жибербесе, мал дем ала албай өлүп калуусу мүмкүн.
Карын көпкөндө, мал тез эле өлүп калуусу мүмкүн.

Эскертүү: Суу көбүкчөлөрү аралашкан беде газды бөлүп чыгарат, бул малдын дем алуусун кыйындатат. Бул "көбүктүү тимпания" деп аталат.
Белгилери: (бул курч ылаң)
1. Малдын карыны чоңоюп, шарга окшоп калат. Көбүнчө ал сол жагына жабышып турат, бирок оор, курч учурларда бүт ашказан шишип кетет.
2. Оор учурларда малдын дем алуусу кыйындайт, оозунан шилекей чыгышы мүмкүн.
3. Дене табы жогору болбойт.
Эскертүү: Кээ бир мал дайыма бир аз шишигендей болуп турат. Бул абал өнөкөт тимпания деп аталат. Бул форма малды капыстан өлүмгө алып келбейт.
Диагнозу:

Алакан менен малдын сол тарабын, карындын тушун таптагыла. Эгер ал абага толсо, барабандыкындай үндү угасыңар.
"Кызыл өңгөчтөгү тыгынды" жок кылгыла.
Тоюттанууда капыстан өзгөрүү болгонбу же мал уулуу өсүмдүктөрдү жегенби, текшергиле.
Тимпаниянын оор учурларын дарылоо:
Малдын ашказанына көп аба топтолуп, дем алуусу кыйындайт. (Эгер мал тура албаса, ал бир нече мүнөттүн ичинде өлүп калышы мүмкүн.)
Эскертүү! Эгерде мал муунуп жатса, анда дарыларды оозунан берүүгө аракет кылбагыла, анткени ал өпкөсүнө кирип кетиши мүмкүн!
Мүмкүн болсо, малды бутуна тургузуп, башын өйдө каратып кармап тургула. Ашказан түтүгүн же ийилчээк түтүктү ашказанга тез киргизгиле 60-бетти карагыла. Түтүктү ашказан аркылуу газнчогулган жерге чейин жылдыргыла. Түтүк жеткени өзү эле билинет, анткени көп газ чыгат.
Эгерде мал өлөйүн деп жатса, газды ашказан түтүкчөлөрү менен чыгарууга мүмкүн болбосо, анда сол жагындагы карынды бычак же атайын “троакар” менен жаруу керек. Эгерде атайын троакар жок болсо, ойлонбостон.бычак же башка курч нерсени колдонгула.
Дарыны төмөндө жазылгандай бергиле. Газ чыккандан кийин, карынын тешип кеткен болсо, аны тиктирбегиле. Анын ордуна, инвазия жана чымындардын алдын алуу үчүн май сүйкөгүлө.
Теринин да, ичтин да инфекцияларынын алдын алуу үчүн 5 күн антибиотиктерди (пенициллин) сайгыла.
ТИМПАНИЯ БОЛГОН УЧУРДА ТРОАКАРДЫ ЖАНА КАНЮЛЯНЫ КОЛДОНУУ
Троакарды же бычакты карынга сайа турган орду (өзгөчө кырдаалдарда гана!)

Трокардды канюляга киргизгиле жана аны малдын сол тарабындагы көрсөтүлгөн жерге ыкчам сайуу керек. Андан кийин трокарды алып, газды канюля аркылуу чыгаргыла. Канюляны газ чыкканга чейин кармап тургула, андан кийин аны алып салгыла. Эгерде бычак колдонсоңор, терини туура жерден тешээр замат газ дароо чыгып баштайт.



Tроакар Канюля Канюля менен киргизилген троакар Тимпаниянын жеңил түрлөрүн дарылоо Анча оор эмес учурларда мал тоюттана алат. Мал энтикпейт, кубатуу болуп кыймылдай алат.
1. Ашказанга салуучу түтүк болсо, газды ошо менен чыгаргыла.
2. Ашказанга салуучу түтүк аркылуу бир аз өсүмдүк майын (өсүмдүк же минералдык май) же тимпанияны дарылоо үчүн атайын дарыны сайгыла. Ашказан түтүгүн колдонуу мүмкүн болбосо, дарыны бөтөлкө менен этияттап бергиле. Тимпанияга каршы дары же май жок болсо, самындуу сууну колдонгула.
3. Кээ бирлери магний сульфатын колдонушат. Магний сульфаты малдын ичин оорутуп, ашказанды ашыкча газды пайда кылган тоюттан тазалайт. Бул малдын карыны кайра көбүүсүн алдын алууга жардам берет.
Бодо малга доза: 250 мг магний сульфаты Майда мал үчүн доза: 25 мг магний сульфаты Өсүмдүк же минералдык май Мал: буйвол, уй, бука, эчки, кой ж.б.
Доза: Ири мал: 1–4 литр Майда мал: 1/4–1/2 литр Аралыгы: Ар бир 2–4 саат аралыгында калыбына келгиче Тимпаниянын алдын алуу/көзөмөлдөө:
-тоют рационун тез өзгөртүүдөн качкыла;
- уулуу өсүмдүктөр же заттар бар жерлерде мал жаюудан алыс болгула;
- малды тоюттандыруунун алдында сугаргыла.
Тоют тыгыны / Ичтин катуусу Ичтин катуусу – бул кык адаттан тышкары катуу болгондо колдонулган термин. Мунун бир себеби, жетиштүү суу же кесек тоют менен камсыз кылбастан кургак тоюттарды берүү.
Тоют тыгыны–ашказан же ичегилер тоют сиңирүү жолдору аркылуу өтө албаган катуу тоюттарга толгондо колдонулган термин болуп саналат. Ич катуу сыяктуу эле, ал көбүнчө малдын рационунда суу же кесек тоют жетишсиз болгондо пайда болот. Ич катууга убагында жардам бербесеңер, ал тыгынга айланып кетиши мүмкүн.
Белгилери: Жаныбардын табити жок, заңы жок, кепшебейт, өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн жана ыйынып заңдаганга аракет жасайт. Жаныбардын сол тарабын (карындын үстүнө) бассаңар, ал катуу тоют менен толтурулгандыктан, аны ургулаганда аба толтурулган барабандын (б.а. тимпания) үнү чыкпайт.
Диагноз: Диагноз белгилерине жана кургак тоютту же кесек тоютту чоң өлчөмдө, суусуз жеген деген маалыматка негизделет.
Дарылоо:
- суу берүү;
- минералдык же өсүмдүк майын берүү;
- магний сульфаты;
- жаңы көк чөп берүү.
Дарылоо: Бул ылаңды дарылоодо кадимки өсүмдүк жана минералдык майлар натыйжалуу. Чоң малга 1–4 литр май куюучу түтүк же бөтөлкө аркылуу берилиши керек. Эгер май өтө кымбат болсо, аны магний сульфаты менен алмаштырып көргүлө. 188-бетти карагыла. Бир нече чака суу даярдагыла. Мал ичүүнү каалабашы мүмкүн, мындай учурда сууну ашказан түтүгү, бөтөлкө же бамбук түтүкчөлөрү аркылуу бергиле. Бул ишти күнүнө эки жолу кайталагыла. Тоют сиңирүү тутумунун ишин жакшыртуу үчүн, ылаңдаган малды жаңы көк чөп менен камсыз кылуу зарыл.
Көзөмөлдөө чаралары / Алдын алуу: Мал ар дайым жетиштүү таза суу менен камсыз болушу керек. Карындын туура иштеши үчүн жаңы көк чөп же башка кесек тоют да керек.
Кепшөөчү малдын тоютту сиңире албай калышынын бир себеби, антибиотиктерди көп колдонуу болушу мүмкүн. Ал дарылар пайдалуу микроорганизмдерди өлтүрөт. Дагы бир себеби, мал бир убакта көп жем жеп алгандан болот. Мындай учурда аш казанда кычкылдык жогорулайт, пайдалуу бактериялар өлөт.
Кепшөөчү малда карын ылаңы (тоют сиңирүү ылаңдары)
Мал жем-чөп жегенди, кепшегенди токтотуп, адаттагыдан аз жеген учурлар болот. Көбүнчө, бул абал ичеги-карында тыгын болгондо болот. Ошондой эле көп учурда ар кандай себептерден ашказан ылаңдаганда болот:
- рациондогу күтүлбөгөн өзгөрүүлөр;
- ичтин катуусу;
- жаман же чириген тоют;
- мителердин болушу;
- дан жеми менен ашыкча тоюттануу;
- антибиотиктерди колд онуу;
- “травматикалык гастрит” (учтуу нерсени жегенден).
Бул беттин төмөн жагын карагыла.
Белгилери: Мал жем-чөп жегенди жана кепшегенди токтотот. Ашказаны катуу ооругандыктан мал онтошу да ыктымал. Карын ашыкча газга толушу мүмкүн.
Диагнозу: Клиникалык изилдөөлөрдүн жана анемнездин негизинде.
Дарылоо:
1. Малдын так аныкталган ылаңдарын дарылагыла.
2. Эгерде мал ылаңдап, дене табы көтөрүлсө, жугуштуу ылаң болушу мүмкүн. Антибиотиктерди (пенициллин) сайгыла.
3. Малга жаңы көк чөп берүү керек.
4. Мүмкүн болсо табитти ачуу үчүн В витаминин колдонгула. 312-бетти карагыла. Бирок В витамини кымбат. Кадимки даамдуу көк чөп болсо жетиштүү болот.
5. Малдын табитин жогорулатуу үчүн табитти ачуучу каражаттарды же башка ушул сыяктуу элдик каражаттарды колдонууга болот.
6. Катуу ылаңдаган, көпкө тоюттанбаган малга соо малдын ичегисинен тоют калдыгын алып берсе болот. Мында ылаңдаган малдын ичегисинде көбөйө турган пайдалуу микроорганизмдер бар. Бул чөптү этке союлган малдын кекиртегин кескен жерден же кепшеп жатканда соо малдын оозунан алууга болот. Андан кийин бул чөп ылаңдаган малга ашказан түтүгү аркылуу берилет. Бул процесс трансплатация деп аталат.
Көзөмөлдөө чаралары / Алдын алуу: Малдын тоют сиңирүүсүнүн бузулушун антибиотиктерди туура колдонуу, мителерге каршы дарыларды үзгүлтүксүз берүү жана малдын эмне жеп жатканын көзөмөлдөө менен алдын алса болот.
Травматикалык гастрит Мал кокустан бир нерсени, мисалы, учтуу зымды жутуп алган учурлар болот. Бул нерсе ашказандын керегесин чийип же тешип, ылаңды жана инфекцияны пайда кылышы мүмкүн. Айрым учурда, зым малдын ашказанын тешип, жүрөккө кирип, тез өлүмгө алып келет. Мал көбүнчө травматикалык гастритке курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерде (мык, зым сыяктуу шаймандар), техника менен чөп чабылган жерлерде кабылат. Зымды майда бөлүктөргө кескен жерде жайылып жүргөн мал тоют менен ошо зым жеп алуусу мүмкүн.
Дарылоо: Мүмкүн болсо, ветеринарга кайрылгыла. Кээ бир учурларда, операция жасоо жолу менен же магниттик зонд менен зымды алып салып, ашказандын тешилүүсүнүн алдын алууга болот.
Эгерде малдын дене табы көтөрүлсө, ашказан ылаңын дарылоо бөлүмүндө айтылгандай пенициллин сайгыла.
Кепшөөчү эмес малдагы жаталак Жаталак–курсактагы (башкача айтканда, ашказандагы же ичегидеги) ылаңдын жалпы аталышы. Бул көрүнүш жылкылар арасында өтө кеңири таралган ылаң, бирок башка малдарда да кездешет. Жаталактын көптөгөн себептери бар, мисалы: ашыкча газ, ич катуу, тыгын, ичегилердеги кан айлануунун начарлоосу (мите курттардан улам) же ичегинин буралып калуусу.
Белгилери: Жаталактын белгилери тоютка табиттин жоктугу, тынчсыздануу, жерге ооналактоо, курсагын тебинүү, тердөө, жүрөктүн ылдам кагышы (ооругандан улам), ичеги-карындын кыймылдабай калышы, “итче отуруш” абалында болуу.
Диагнозу: Дартын аныктоо жалпысынан белгилерине негизделет. Тажрыйбалуу ветеринардык адис ректалдык текшерүүнү жасай алат жана ашыкча газдын бар экендигин же тоют сиңирүү жолдору аркылуу кыймылдын кыйынчылыгын аныктайт. Бирок бул ишти тажрыйбасыз адам аткарса, кооптуу болушу мүмкүн.
Дарылоо: Малга аспирин, ксилазин же новалгин сыяктуу наркоз берүү керек. "Дары каражаттары" бөлүмүн карагыла. Малга өсүмдүк же минералдык майы, вазелин же магний сульфаты да берилиши мүмкүн. Малды бастыруу, тоют сиңирүү жолдорун стимулдаштыруу (балким, калдыктарды же газдарды сыртка чыгаруу) иштери малдын оонашынын, тебинүүсүнүн алдын алуу үчүн маанилүү. Малдын абалы бир аз жакшыргандан кийин эле курттарга каршы дары берүү керек.
Алдын алуу/көзөмөлдөө чаралары: Силер жашаган аймактын шартына жараша малдын курттарын түшүрүү иштерин үзгүлтүксүз өткөрүп тургула. Тоютту тез өзгөртпөгүлө.
Кусуу Жеген тоютун кусуу кепшебеген малга (жылкыларды кошпогондо) көбүрөөк тиешелүү. Бул чириген тоют же уу аралашкан тоютту жегенден жана тоют сиңирүү жолдорунун тоскоолдугунан келип чыгышы мүмкүн.
Белгилери/диагнозу: Кусуунун себебин аныктагыла. Мындай учурларда анамнезди, өзгөчө малдын ээси мурунку рационду эске алуусу,маанилүү болуп саналат.
Дарылоо: Дарылоо кусууну козгогон себепке жараша болот. Ууланган же сапатсыз тоют жеген учурда мал өз алдынча кусуп жиберүү менен карынын бошото алат. Магний сульфатын малдын ичин өткөрүү максатында жана организмден уу заттарды чыгаруу үчүн берүүгө болот. Тоют сиңирүү жолунда тоют тыгылып калган учурда бир нерсе кылуу кыйын болуп калат. Тоют тыгынын ээритүү үчүн бир аз магний сульфатын же май бергиле.