Туяк
8.7.1.8 Курттоо Курттар бул чымындын жумурткадан кийинки стадиясы. Курттар малдын ичинде же терисинде аны жеп чоңойгон маалын миаз деп аташат. Малдын жараатына же териге жабышкан ным жерине, тезек жабышкан жерлерине курттар олуттуу зыян келтирет. Көбүнчө бычкандан кийинки жарааттар, шарптан кийинки туяктардын жабыркаган жерлери, кесилген жерлер, сынган мүйүздүн орду, жаңы туулган музоолордун киндиги, ичи өткөн малдын куйругу курттайт.
Белгилери жана диагнозу: Жетилген чымындар жупташып жумурткаларды таштайт, алар курт болуп чыгышат. Курттар жаранын ичине сойлоп киришет. Курттар ткандарды жабыркатат; жарааттардын айыгуусуна жол бербейт. Кээ бир чымындар кой-эчкилердин мурундарынын айланасына чычып кетишет. Ал жумурткалар чыгып куртка айланып, мурундун ичи менен өйдө көздөй сойлоп синустарга же мүйүзгө жетет. Курт кирип жабыркаган мал башын чайкап, мүйүзү менен сөйкөнүп, чүчкүрүп, тынч ала албай калат.
Дарылоо жана алдын алуу: Миаздарды көзөмөлдөө.
Алдын алуу айыктыруудан кыйла жакшы деген сөз эң туура!
Алдын алуу жолдоруна төмөнкүлөр кирет:
Куйруктун айланасындагы жүндөрдү тезек чогулбай тургандай кылып кыска кыркуу.
Ылаңдарды дарылагыла, мисалы ич өткөккө жана жүндү булгаган курттарга каршы дарылоо зарыл.
Көп убакытка чейин таасир бере турган инсектициддерди жүндүү койлордогу курттардын алдын алуу үчүн колдонсо болот.
Чымындар көбөйгөн учурда бардык жарааттарды кылдат карап туруу керек. Курттоону алдын алуу үчүн инсектицид күлмайдасын жарааттардын айланасына, ал эми инсектицид кремин, майын же үй каражаттарын жарааттын өзүнө сүйкөө керек. (Эскертүү: инсектициддер жана үй каражаттары кычыштырып, айыгууну жайлатат. Жарааттарды таза кармоо жана таңуу керек, репеленттерди жарааттардын айланасына жана таңгакка колдонуу керек. Эгерде мүмкүнчүлүк болбосо, миаз болуп кетпөөсү үчүн дарыны түз эле жараатка койгула).
Дарылоого төмөнкүлөр кирет:
Жүндү же чачты курттар көрүнгүдөй кылып кырккыла.
Жараатты самын же антисептик менен тазалагыла.
Курттарды жок кылуу үчүн же түшүрүү үчүн жергиликтүү, жеткиликтүү ыкмаларды колдонгула.
Нафталин шариктерин майдалап, сууга аралаштырып жараатка чачкыла.
Суюк инсектициддерди курттар көрүнгөн жерлерге чачуу, сүртүү же малуу керек. Диазинон же хорфенинфос (Супона) сыяктуу Оргонофосфаттар курттарды жарым күндө өлтүрөт.
Турпентин майын, креолин же керосин да колдонсо болот. Кебез же таза чүпүрөккө малып, курттаган жараатка койгула. Чүпүрөк менен үстүнөн таңып койгула.
Тамекиден жасалган суюктук же майдаланган жалбырактар сыяктуу жергиликтүү ыкмаларды да колдонгула.
Эки-үч сааттан кийин өлгөн курттарды терип алып салып, жараатты тазалап жууп салгыла.
Курт-кумурскаларга каршы жергиликтүү дарыларды, чымын кайра чычып кетпөөсү үчүн жарааттын айланасына колдонгула.
Белгилери, диагнозу: Бурама курттар Түштүк Америкада жана Африкада, бурама курт учуп чыгып жараат болгон жерге жумурткасын таштаганда жайылат. Анын курту жыгачтын чамындысына окшоп кетет, учтуу жагы этке терең кирип кетет. Курттардын тобу чогуу азыктанышат, этке терең кирип жарааттын айыгуусуна жол бербейт, жараатка бактерия же фунгилерди киргизип, инфекциянын өөрчүшүнө шарт түзөт. Бурама курттар өтө кычыштырат.

Жараатты тешип кирген бурама курт Дарылоо:Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук зыян азыраак болот. Ошондо башка малда да инфекция башталбаганын текшерүү керек.
Жараатты тазалагыла (самын же антисептик колдонгула).
Майда инсектицид же креолинди, жарааттын терең жерине чейин салгыла (мисалы кумафос дарысын).
Өлгөн курттарды алып салып, жараатты тазалап, инсектицид майын кайра курттабашы үчүн сүйкөп коюу керек.
Көпчүлүк жарааттарга инфекция киргендиктен пенициллин же окситетрациклин дарысын колдонгула.
Алдын алуу: Бычуу же мүйүз кесүү сыяктуу иштерден кийин болгон жарааттардын бурама курттар пайда болгон жерлерине, инсектицид майын же суюк дарысын чачкыла. 5% майда кумафостко вазелиндин (же машинанын жаңы мотор майын) 30 бөлүгүн кошуп май жасагыла. Же вазелиндин (же машина майы) 20 граммына 1 грамм кумафос кошуп да май жасаса болот.




+ Машинанын жаңы мотор майы менен инсектициддин аралашмасы, инсектицид чачмасы Белгилөө: Ивермек жаш курттарды жакшы өлтүрөт, бирок чоңдоруна таасир бербейт. Курттаган жердин өзүн дарылоо, бардык курттарды жок кылуунун эң жакшы жолу.
Тамекиден жасалган инсектицид Төмөнкү жоболорду колдонуп тамекиден инсектицид жасап алса болот:
300 грамм кургак тамеки жалбырагына бир литр суу керектелет.
Бир кашык туз кошкула.
Үч сааттан кийин, тамекинин жалбырагын соргуч сыяктуу кылып, суусун малдын курттаган жерине сүрткүлө. (Азиянын элдик ветеринардык медицинасы, 2 бөлүм: Кепшөөчүлөр. 50-бет.)
Белгилери, диагнозу: Боттор – бул дененин ичинде жашаган курттар (чымындын курттары). Кээ бирлери койдун мурдунда жашайт, кээ бирлери жылкынын ашказанына жабышып жашайт. Боттун жумурткалары жылкынын дене түктөрүндө, буттарында болот, алар сары түстөгү, өтө майда тактарга окшош.
Койдун мурдундагы боттор чүчкүртүп, коюу суюктук чыгарат жана кой башын силкилдетип, кыймылдатат. Койлор жакшы оттой албагандыктан арыктап кетет. Жылкынын боттору ашказанга жана ичегилерге жабышып, ир нече көйгөйлөрдү жаратат.
Дарылоо, көзөмөлдөө:
Койдун мурунундагы сайгак курттар ( боттор)
Койго ивермек бергиле.
Мурундун ичине хлороформ спиртин, деттол, тамеки же трихлорфон сыяктуу инсектициддерди чачкыла.
Шприцти ийнеси жок колдонгула же кол менен чачыраткан насосту колдонгула. Койду чалкалатып жаткызып, башын түз кармагыла. Суюктукту мурундун бир таноосуна, мурун көңдөйүнө чейин терең кеткидей кылып чачкыла. Койду бир мүнөттөй чалкасынан кармап туруп, анан дароо айландырып бутуна тургузгула. Бир же эки мүнөт эс алгандан кийин, мурундун экинчи таноосуна куйгула.
Жылкынын окура курттары Жылкыларды трихлорфон, дихлорво же ивермек менен убак-убагы менен дарылап туруу ботт курттарынын жайылуусунун алдын алат.
Булар негизинен түндүк жарым шарда кезигет. Сайгактын чымыны, алдынкы буттарга чычып кетет, анан жумурткасынан курт чыгып, теринин ичине кирет, денени аралап теринин алдына топтолот.
Белгилери, диагнозу: Бул курттар теринин алдында, жондо дөмпөйүп көрүнөт, аларды “сайгак” курттары деп коебуз. Ар бир дөмпөктө үч сантиметрдей болгон курттар болот. Малдын көп түрлөрү жабыркоосу мүмкүн, бирок сайгак уйларда жана иттерде көп болот. Сайгактар уйларды стресс кылып жана териге зыян келтирет.
Сайгак мителеринен дарылоо жана ылаңдын алдын алуу: Кыймылдап жүргөн курттарды инсектициддерди чачып же куюп, ивермек менен жок кылса болот. Бирок эгер чоң курт малдын ичинде өлсө, малдын нервдерине зыян келтирүүсү мүмкүн. Ошондуктан курттар чоңоюп кеткиче дарылоо керек. Чымындын мезгили бүтүп жатканда, чоң чымындар жумурткаларын таштабай калганда дарыласа, курттар чоңоюп, денеге тарап кеткиче өлөт.
Дөмпөктөрдү сыгып, курттарды чыгарып салуу дагы натыйжалуу (эгер малдын жана курттардын саны аз болсо)
Фамфур (Warbex), фентион (Tiguvon), же ивормекти куюп же дарысын сайгыла. Саан уйларга, сүткө өтө турган инсектициддерди колдонбогула. Ротенонду малдын жонунуна сүртсө жакшы натыйжа берет, сүткө да таасир бербейт.
Ылаңдын белгилери жана митенин жашоо цикли. Бул курттун илимий аталышы "Dermatobia hominis". Нуче курттары — чымын жумурткаларынан чыккан курттар. Чымын жумурткасын чиркейлердин чандырына калтырат, чиркейлер ошол жумурткаларды бодо малдын денесине таштайт. Жумурткадан курт чыгып, териге кирип, аны жабыркатат.

Диагноз:Уйдун денесиндеги курттар тешип кирген жерлеринде – жонунда, муундарында жана башка бөлүктөрүндө дөмпөктөр пайда болот (кичинекей аба кирүүчү тешиги менен).

Дарылоо, көзөмөлдөө жана алдын алуу: Нуче курттарынан дарылоонун бир нече жолдору бар. Жергиликтүү айыл чарба адисинен, аймакта кандай натыйжалуу жана арзан дары бар экенин сурагыла. Дарылоо жолдору:
Мал сүйкөнүп дарыланууга ыңгайлашылган жайларды же майда дары салынган мүшөктөрдү нуче курттарынан алдын алуу үчүн колдонгула.
Куртка аба жетпей өлүшү үчүн май куйгула (тамак жасаган же жаңы мотор майын) же дем алган тешике мазь сүйкөп койгула. Бул майды же мазды таасирдүүрөөк болуусу үчүн, инсектицид менен аралаштыргыла. Мисалы, 5% Комуфос дарысынын бир бөлүгүнө маздын же майдын отуз бөлүгүн кошкула.
Ивермектин суюгун же пастасын болобу инструкциясына ылайык колдонгула.