Малдын оозу жана кекиртеги

3.3.7 Малдын оозу жана кекиртеги Тиштер жакшы чыгып тоютту жетиштүү чайнап жатабы? Тиши жок же кыйшык, жаагы түз эмес болгон мал тоютту жакшы жей албай, арык болуп калат. Жаактын алдында ашыкча суюктук чогулуп калып жатабы? (Бул ички курттардын белгиси).

Жаагы кыйшык уйЖылкынын нормалдуу тиштери“Кем ээк” жылкыҮстүнкү жаагы астыга чыгып турган жылкыҮстүнкү жаагы астыга чыгып турган жылкы
Image undefined

Жашты болжолдоого болобу? 32-35-беттен жаш болжолдоо боюнча карагыла?

Тиш бүйлөлөрүнүн өңү кандай? Бүйлөнүн түсү кээ бир учурда уулануудан кабар берет. Бүйлөлөрдө же тилде жара же ыйлакчаалар чыктыбы? Бир нече ылаңдар жараларды же ыйлакчааларды чыгарат, мисалы шарп ( ящур) ылаңы.