Мал багылган жерди текшерүү

3.4 Мал багылган жерди текшерүү Жакшы МСКК дайыма мал кандай каралып жатканын, сарайын, тоютун, суусун жана турган жерин карайт. Мал көп ылаңдап жаткан маалда бул өзгөчө маанилүү.

- тоют менен сууну - жайытты - сарай менен акырды - туут жайларын - малдын санын - жеткиликтүү жайларды кылдат текшергиле Минералдар Тропикалык өлкөлөрдүн аймагында, фосфор сыяктуу керектүү минералдар көбүнчө жетишсиз болот. Ушундай жердин тоютун жеген малда ошол минералдар жетишсиз болуп калуусу мүмкүн. Мындай абал тоютка кошумча минералдар, “минерал туз” же атайын жем берилбеген учурда кездешет, 101-бетти карагыла. Өз жериңер боюнча маалыматтарды Айыл Чарба министирлигинен алса болот.

Витаминдер Малдарга витаминдер жетишсиз болуусу мүмкүн. Ысык жайда, көп айлар бою сакталып турган тоюттарда витаминдер, өзгөчө А жана Е витаминдери жок болуп кетет. Ным тоюттар бузулуп, витаминдерин жоготуп жана малды ылаңдатып коюуусу ыктымал.

Малдын уулануусу Эгерде ууланууга шек жаралып калса, тоютту, сууну, жайытты, акырды, жана мал турган сарайды текшерүү керек. Бош жүргөн мал келемиштин дарысы сыяктуу уулу заттарды жеп алышы мүмкүн.

- Чириген тоюттар (Көгөргөн же карарган). Нымдуу тоют көгөрүп же карарып кетет. Көк уулуу зат бөлүп чыгарып, андан мал ылаңдап же өлүп да калышы мүмкүн. Көк ошондой эле тоютту жагымсыз кылгандыктан, мал анча жебей коёт.

- Уулуу өсүмдүктөр да көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Кургакчылык маалда, кээ бир өсүмдүктөр нитраттарды чогултуп, анан уулуу болуп калат. Көбүнчө уулуу өсүмдүктөр малга жагымсыз болот. Бирок тоют жетишсиз болгондо ач мал уулуу өсүмдүктөрдү дагы жей берет.

- Таштанды. Эски машиналардын аккумуляторлору, антифриз же колдонулган мотор майлары да уулуу болгондуктан, мал жете ала турган жерге калтырбаш керек.

- Малдын тоюттары - Тоюттарга кокусунан уулуу химикаттар кошулуп кетүүсү ыктымал.

- Малга адашып туура эмес тоют берилип калуусу да мүмкүн. Мисалы, чочконун жеминде койду уулантып кое тургандай жез кездешип калат. Жылкылар болсо, уйлардын тоют кошумчасы Моненсин же Руменсин жеп алса, өлүп калат.

Малды сугаруу Ар дайым суунун башатын текшергиле.

- Булгануу: Эгер суу булганган, токтоп калган, малдын өлүгү түшүп кеткен же өтө муздак же өтө ысык болсо, мал ичпей коёт. Суусаган мал кээде булганган сууну ичип алып, ылаңдап калуусу мүмкүн.

- Тузга уулануу: Чочколордун тоютунда туз болуп, бирок сууну жетишээрлик көлөмдө ичпей калса, мээси шишип өлүп калышы ыктымал. Муну “туз менен уулануу” деп аташат, чындыгында, чочколор суу жетишсиз болгондуктан өлүп калат. 254, 269, 313-беттерди карагыла.

- Электр тогу: Сууда электр тогу болсо, мал суу иче албайт.

Малдын жайыты Мал ашыкча көп болгондо же бир эле жайытта көп убакыт жайылганда, ички курттар көйгөйүнө туш болушат. Эгер жайыттар ашыкча пайдаланылса, анда малга керектүү азыктар жетишсиз болуп калат.

Мал сарайлар Малды (ысык климаттан) күндөн жана шамалдан коргоо керек. Торопойлорду 33° градуста кармоо керек, болбосо ич өтүп же пневмония болот. Таза аба кирбеген сарайда кармалган малда пневмония пайда болуу коркунучу бар. Чылада багылган малда көбүнчө туяк инфекциясы жана ич өткөк ылаңы кездешет.

Малды өтө тар жерде багуу Көп малды бир жерде кармоо көйгөйдү жаратат! Көптөгөн ылаңдарга жана жаракат алышына шарт түзүлүп калат. Чочколор жана тооктор кысылып, батпай калышканда жанындагыларын жеп башташат.

Туут жайлары Кир жерге тууган мал көбүнчө жатындын инфекцияларына кабылат жана алардын төлү киндик жана муун инфекциясына, ошондой эле ич өткөккө дуушар болот. Мал таза, кургак жана башка мал жок жерде туушу керек.

Image undefined

Кайсы тутум жана кайсы ылаң?

Дененин кайсы тутуму? Анамнезди, байкоолорду жана текшерүүнү колдонуп, ылаңдын кайсы тутумга таасир берип жатканын аныктагыла. Төмөндөгү таблица жардам берет.

Таблица2: Дененин тутумдары

Дене тутумдарыТутумдун ичиндеги органдарТутумдун функциясы
Жыныс тутумуУргаачы: энелик бездер, жумуртка түтүкчөлөрү, жатын, кын, сүт бездериТөл берүү жана сүт менен камсыз кылуу.
Эркек: жумурткалар, урук түтүкчөлөрү, бездер, жыныс мүчөсү
Тоют сиңирүү тутумуОоз (тиш, тил, бүйлөлөр), кекиртек, кызыл өңгөч, курсак, ичегилер, боор, уйку безиТоютту кабыл алат, майдалайт жана сиңирет.
Дем алуу тутумуМурун, кекиртек, коко, трахея, өпкө, бронхаАбаны денеге киргизип чыгарып турат; абадан кычкылтекти алат абаны чыпкалайт жана жылытат, денени салкындатат.
Булчуң тутумуБулчуңдар, тарамыштарДенени жана органдарды кыймылга келтирет.
ТериТери, тер бездери, чач, тырмак жана туяктарДенени коргойт жана табын көзөмөлдөйт.
Сөөк тутумусөөктөр, кемирчекКемирчек муундарды коргойт, сөөктөр денени кармайт жана коргойт.
Заара бөлүп чыгаруу тутумуБөйрөктөр, заара чыгаруучу түтүктөр, табарсык, уретраКанды тазалайт (заараны бөлүп чыгат); керексиз заттарды организмден чыгарат; суу менен тузду тең салмактайт.
Нерв тутумуМээ, жүлүн, нервдерСезимдерге, кыймылга, денени башкарууга жана ойго жооптуу.
Жүрөк, кан тамырлар тутумуЖүрөк, кан тамырларКан менен дененин бардык бөлүктөрүн камсыз кылып, башкарат.
Кан жана Лимфа тутумуКан клеткалары кызыл, ак тромбоциттер, лимфа тамырлары жана, көк боорКычкылтекти жана азыктарды алып жүрөт, керексиз заттарды тазалайт; инфекцияларга каршы күрөшкөн клеткаларды жана белокторду камтыйт.
Эндокриндик тутумГормондор жана гормондорду түзгөн денедеги бардык бездер (гипофиз, калкан, паратиреоид), бөйрөк үстүндөгү без, уйку безиГормондор химиялык кабарчылардай болуп канда жүрөт жана дененин көптөгөн функцияларын көзөмөлдөйт.
Атайын тутумдарКөз, кулак, мурун, тилДенеден тышкары айлана-чөйрө менен өз ара байланышты камсыздоочу дүүлүктүрүүнү аныктоо

Кайсы ылаң?

Кайсы дене тутуму жабыркаганын билгенден кийин, малда кайсы ылаң бар экенин аныктоого болот. Бирок кантип? Биринчи, ошол аймакта көп кездешкен ылаңдарды билүү керек. Башка, тажрыйбалуу, малдын саламаттыгына кам көргөн кызматкерлер менен талкуулагыла, касапканаларга баргыла, мүмкүн болгон жерден малды союп текшерүүгө катышкыла же карап тургула. МСККлөр, адистер жана мал дарыгерлер техникалык маселелерди талкуулаган чогулуштарга катышкыла.
Тажрыйбалуу жергиликтүү адамдардан жана МСККлөрдөн үйрөнгүлө. Жергиликтүү фермелерден, алардын малынын ылаңдары жөнүндө жана кантип дарылай тургандары жөнүндө үйрөнгүлө. Өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу МСКК менен чогуу иштөө, техникалык маселелерди талкуулоо, туура диагноз коюунун жана көп кездешкен көйгөйлөрдү дарылоонун эффективдүү жолун үйрөтөт.
Окуганга жана жаңы ойлорду кабыл алганга ачык болгула. Ушул китепти жана башка жеткиликтүү китептерди колдонгула. Жаңы ыкмаларды жана дарылоону колдонгонго ачык болгула. Бул китеп дене тутумдары боюнча ирети менен жазылган. Жабыркаган дене тутумун аныктагандан кийин, ошол тутум боюнча жазылган бөлүмдү карап, эң көп таасир берген ылаңдар жөнүндө иликтегиле.

Эгер мен диагноз коюп айыктыра албай калсам эмне болот??

Бушайман болуп, көңүлдү чөгөрбөгүлө!! Керек болсо эң кыйын МСККлөр дагы кээде диагноз кое албай же айыктыра албай калат! МСКК жалгыз, алыскы аймакта болгондо диагноз коюу өзгөчө кыйын болот.

Image undefined

Эгер диагноз коё албасаңар, бардык маалыматтар (анамнез, байкоолор, текшерүүлөр) жакынкы мал дарыгерге же Айыл Чарба министилигиндеги мал дарыгерге жөнөтүлүш керек. Ошол адистер диагноз койгонго жардам бере алышат. Мал өлүп калса дагы, келечекте ушундай көйгөй менен ылаңдаган мал үчүн диагноз коюу маанилүү. Жакшы маалымат бере алган МСККгө, мал дарыгер адистери көбүрөөк жардам бере алат. Кээде диагноз коюу үчүн ылаңдаган же өлгөн малдан лабораториялык үлгүлөрү талап кылынып калышы мүмкүн. Эгерде ошондой учур болуп калса, лабораториялык үлгү кантип алынып жана сакталуусу керек деп тактап сурагыла.

Жардамга кат кабар жөнөтүү Аймактык же областык мал дарыгерге/малдын саламаттык адисине же Айыл Чарба министирликтин мал дарыгерине отчет жөнөтүп жатканда төмөндөгү маалыматтарды кошкула.

АнамнезЖардам сурап жазган катка керектүү маалыматтарды кошкула.
Малдын түрү, жынысы жана жашы.
Көйгөй качан башталган?
Көйгөй кантип башталган; кандайча өнүккөн?
Ылаңдаган малдын абалы жакшыруудабы же начарлап жатабы?
Аймакта ушуга окшош белгилер менен дагы башка малдар барбы?
Байкоодон жана текшерүүдөн алынган маалыматтар
Малды жана анын айлана-чөйрөсүн текшергенден кийин, аныкталган маанилүү маалыматтарды, температурасын жана ылаңдын дагы башка белгилери байкалган болсо, кошуп жазгыла.
Анамнезге жана текшерүүгө негизделип коюлган ылаңдардын тизмеси. (Бул тизмени – “деференсиалдуу” (айырмалоо диагнозу деп атап коюшат).
Аныкталган белгилерге негизделип божомолдонгон диагноз.
Айыктырууга байланыштуу маалыматтар
Малды кантип дарылаган, дарынын аты, берилген дарынын даярдоо жолу жана айыктыруунун мөөнөтү.
Дарылоодон кийин мал кандай абалга келди.

ДАРЫЛООНУН ПРИНЦИПТЕРИ

(ошондой эле 80-беттен Тез жардам боюнча карагыла)