Малдын териси

3.3.3 Малдын териси Эгерде малдын териси толук чыгып, түгү жылтырап, тегиз жатып турбаса, анда бир нерсе туура эмес.

Image undefined
Image undefined

Мал дайыма кашынып атабы? Териси кургак, жарылып, карттанып же кызарып турабы? Жаралары барбы, түгү же жүнү түшкөнбү? Эгер ошондой болсо, анда диагнозу кенелер мителеген ылаң болот.

Чочко тынбай кашынып жатат Бул койдун жүнү акырга илинип түшүп жатат

Image undefined
Image undefined

бит кене Териде бит, кене жүрөбү?

Image undefined

Тери же жүн кургак болуп, түк тик туруп жана өңү өчкөн сыяктуубу? Себебин, ичте курттардын болуусу же тоюттун жетишсиздиги деп ойлосоңор болот.

Бул музоонун жүнү катуу, кунарсыз.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Желинде, ооздун айланасында же туяктын үстүндө ыйлакчаалар барбы? Анда бул шарп ылаңы болуусу мүмкүн. Койлордо болсо, бул жугуштуу эктима ылаңы.

Image undefined

Терини чоюп туруп кое бергенде, кайра ордуна келип жатабы же чогулуп калып жатабы? Эгер чогулган бойдон калып жатса, анда малдын денесинде суюктук жетишпегендиктин белгиси. Бул “суюктуктун жетишсиздиги” деп аталат.

Териде кичинекей тешиктер же жарааттар пайда болгонбу? Тешиктерде ак курттар жүрөбү? Булар буруттар же кадимки чымындын курту.

Териде сөөл, дөмпөк, бүдүр же шишиген жерлер барбы? Теринин жабыркаган белгилери бар бекен? Тери күнгө күйгөн бекен? (өзгөчө ак чочколордо же уйдун же жылкынын ак жерлеринде).