Пульс

3.3.2 Пульс "Кан тамырдын кагышы" же "жүрөктүн согушу"– бул бир мүнөт ичиндеги жүрөктүн согуусу. "Кан тамырдын кагышы” жүрөктүн согуусунун сапатын дагы билдирет. Күчтүүбү же алсызбы? Бирдей согуп жатабы же бирдей эмеспи? Жүрөктүн согушунун ылдамдыгын текшерүү үчүн, манжаңарды артерия тамырына коюп, бир мүнөттө канча жолу согорун санаңыз. Практика кылуу менен, согуу канчалык бирдей жана күчтүү экенин билип аласыңар. Мал тынч эс алып жатканда текшергенге аракет кылгыла.

Жүрөк мал корккондо, кыймылдаганда, ылаңдаганда, жүрөк оорудан улам, ысыктан жана дене табы көтөрүлгөндө тез-тез согот.

Алсыз же бирдей ылдамдыкта сокпогон жүрөк, кандын денеге жакшы жетпей жатканынан, же мал катуу шок болгондугунан, же малдын өлөөр алдындагы абалынан кабар берет.

Image undefined

Уйдун, буйволдун жана топоздун куйругу түз ичегиге жакын болгондуктан, манжаны ичегиге салып, жүрөктүн согуусун текшерсе болот.

Image undefined

Жылкы, эшек, качыр, кой жана эчкинин жүрөк согуусун, жаактын алды жагындагы күрөө тамырга колду коюп санап билип алса болот.

Таблица1: Салкын аба ырайында жүрөктүн жана дем алуунун иштөөсүнүн орточо көрсөткүчтөрү

ЖаныбарДем алуу ылдамдыгыЖүрөктүн согуу ылдамдыгы / мүнөтүнө
Эркек / Ургаачы1270
Музоо (бир нече күндүк)56125
Торпок (6 айлык)3096
Кунаажын (1 жашка чейинки)2791
Уй мал (чоң)1650
Буйвол (6 айлык музоо)28-
Буйвол (чоң)1245
Жылкы10-1244
Эчки / Кой (чоң)1575
Эчки / кой (жаш)20110
Торопой (2 жумалык)25138
Чочко (12-14 жумалык)18112
Чочко (чоң)1565-85
Коен 55130
Канаттуу (ар түрдүү)12-40100-200