Дене табы

3.3.1 Дене табы "Чыйрыгуу" - нормадан жогорку температура (нормадан жогору). Денеде инфекция болгондо дене табы эң жогорку температурага көтөрүлөт. Дене табы жогорку температурага дагы кайсы учурларда көтөрүлөт:

- иштегенде, коркунуч жаралганда жана ысыкта, күндүн нуру түз тийгенде (өзгөчө кара түстөгү малга);

- эне мал туут маалында жана жаңы туулган мал (мис. чочко туут маалында, ысык мезгилде, көбүнчө, дене табы көтөрүлүп кетет);

- жаш мал (жаш малдын дене табы негизинен жогорураак болот).

Нормалдуу температурадан төмөн болгон учурлар:

- уйларда “тууттан кийинки парез" болгондо;

- жаңы туулган мал кичинекей, алсыз, тойбой калганда, же ичи өткөндө;

- ууланып калганда;

- өлөөр алдында.

ТЕМПЕРАТУРАНЫ КАНТИП ТЕКШЕРҮҮ КЕРЕК:

термометрди сан жазылган жогорку жагынан кармап силкип, ичиндеги суюктукту төмөн жакка түшүрөбүз;
термометрди суу, шилекей же самын менен суулап, аярлап малдын түз ичегисине салып, эт жагына такап кармагыла. Күчкө салбагыла, тезегинин арасына да салбагыла. Температура текшерип жатканда кол менен термометрди бекем кармагыла же учуна жип байлап койгула. Жипти куйругуна байлап коюу керек, болбосо термометрди чыгарып, сындырып салышы мүмкүн. Термометрди ичегинин ичинде 2-3 мүнөт калтыруу керек;
термометрди алгандан кийин жалбырак, саман же чүпүрөк менен сүртүп койгула;
- температураны көрүү үчүн термометрди үстү жагынан кармап, так сызык көрүнгөнгө чейин акырын айландырып карагыла. Сызык бүткөн жердеги сан малдын температурасы болуп эсептелет;
- термометрди самындап жууп, сынып калбашы үчүн бекем идишке салып койгула.

Таблица1: Ректалдык температуранын нормасы

ЖаныбарФарангейттики боюнча (F)Цельсийдики боюнча(°С)
Эркек / ургаачы 98.637
Бир жашка чейинки уй мал102.539.2
Бир жашка чейинки буйвол102.038.9
Бир жаштан өткөн уй мал101.538.6
Бир жаштан өткөн буйвол100.538.1
Жылкы 100.538.1
Чоң эчки (аба ырайына жараша болот)10440
Жаш кой / Эчки103.139.5
Чоң кой10339.5
Жаш чочколор103.639.8
Чоң чочко102.239
Коён102.739.3
Тоок107.642
Ит 10239
Мышык 101.538.5