Клиникалык текшерүү

3.3 Клиникалык текшерүү Клиникалык текшерүү болушунча кылдат жана аяр аткарылуусу керек. Мал жоош эмес болсо, акырын байлап жоошутуу керек болот. Мал корккон учурда дене табы көтөрүлүп, дем алуусу, жүрөктүн согушу тездейт.

Эмнеден баштоо керек? Мүмкүн болсо малды туруп турган абалында текшерүү керек. Уйларды арт жагынан, ал эми буйвол, кой, эчки жана чочколорду алды жагынан баштап текшерүү сунушталат. Малга кайсы жакшы болсо, ошол жактан баштап текшерүү туура болот.

Белгилүү бир иретте текшергиле. Ылаңдаган малды дайыма бир иретте текшергиле, ошондо текшерилбей калган жерлери болбойт.