Малдын дем алуусу

3.2.5 Малдын дем алуусу Дем алуу аба алмашууга байланыштуу. Демейде мал кабырганын ашыкча аракетисиз, кыйналбай дем алат. Дем чыгаруунун ылдамдыгы кандай? 200-бетти карагыла. Төмөндөгү белгилер дем алуу тутумундагы көйгөйлөрдөн кабар берет:

Капыстан же катуу дем алуу Жөтөлүү жана чүчкүрүү Тез-тез дем алуу Оор же күч менен дем алуу Жатканда таноолордун кеңейиши (өзгөчө жылкылардыкы)

Оозун ачып дем алуу

Image undefined
Image undefined

Эскертүү! Оозун ачып дем алуу ашыкча ысыктан да болушу мүмкүн.

Бул чочко ысып, оозун ачып дем алып жатат. Бул торпок жөтөлүп, кыйналып дем алып жана мурдунан суу агып жатат.