Малдын көзү

3.3.4 Малдын көзү

Көздөн ириң же жаш көп агып жатабы?
Көздүн ылдый жагы сууланып так болуп калганбы?
Мал көзү ооругандай же жарыктан уялгандай ашыкча көзүн ирмеп жатабы? Көздүн ичи тумандап турабы (инфекция же жабыркагандын себебинен)? Көз киртейип ичке кирип турабы? Бул өтө олуттуу суюктуктун жетишсиздиги деген белги болуп саналат.
Көздүн айланасынын өңү кандай (“конъюнктива” деп аталат)? Адатта, ал кызгылт түстө болот:
- кызарып калган болсо, кычышкандан же инфекция болуп сезгенип калган. Ошондой эле дене табы жогору болуусу мүмкүн;
- кочкул кызыл же кызгылт көк же күрөң түс, кандын ууланусун билдирет жана бул өтө жаман белги;
- боз же ак конъюнктива - шок же мите курттардын себебинен болгон аз кандуулукту билдирет. 125-бетти карагыла;
- сары түс - боордун көйгөйүнөн кабар берет, боор фасциоласы) же кан клеткаларынын бузулушу (мис. Анаплазма же Бабезия), бул “сарык” деп аталат. Сары түс көздүн “агында” даана көрүнөт.