Атайын максаттагы дарылар

29.4 АТАЙЫН МАКСАТТАГЫ ДАРЫЛАР

КӨЗДҮ ЖУУ

Бор кислотасы кайнатылып муздаган сууга 1:100 өлчөмдө кошулат.

КӨЗ МАЙЫ

• Көзгө атайын дарыларды гана колдонууга болот, анткени көз өтө сезимтал. Көзгө жасалган дары көбүнчө "көзгө" же "офтальмикалык" деп жазылат. (Офтальмикалык "көзгө" дегенди билдирет.)

Тетрациклин тобу. Баардык жаныбарларга колдонууга болот. Көзгө жана көздүн жаралары үчүн атайын жасалган. Керектүү дозаны көздү тазалагандан кийин эки жолу күн сайын сүйкөгүлө.

Көз пенициллин майы: Көздүн инфекциясы үчүн. Көздү тазалагандан кийин 7-10 күн колдонгула.

КӨЗГӨ ТАМЧЫ

• Көздүн инфекцияларына да колдонулат. Көз майына караганда тез-тез колдонулат, күн сайын 5-10 жолуга чейин. Мал чарбасы үчүн көп колдонулбайт. Жылкылардын көзүнө стероидди камтыган көз майын эч качан колдонбогула.

КУЛАК МАЙЛАРЫ

• Кээ бир майлар кулакка колдонуу үчүн атайын жасалган. Булар “кулак майы" же "кулакка колдонуу үчүн" деп белгиленген. Кулакты жууп анан сүйкөгүлө.

ЖЕЛИНДИН ИЧИНЕ

Желин ыландарына (маститке) колдонулат. Желинге 3-5 күн, 1 түтүк күн сайын колдонуу керек. Так маалымат дарыда жазылган. Туура колдонуу үчүн 157-бетти карагыла.

•(Пендистрим, масталон, ж.б) Бооз уйларга стероиддерди колдонбогула! Адегенде түтүктү текшергиле.

ЖАТЫНДЫН ИЧИНЕ

• Сульфадимидин бардык жаныбарлар үчүн колдонулат. Малдын ичинде калып калган чөбүн же өлгөн түйүлдүктү алып салгандан кийин жатынды жууп, мүмкүн болушунча жатындын ичине терең салгыла.

Бодо мал/буйволдор үчүн 10 гм Кой/Эчкилер үчүн 2,5 гм Тетрациклин чоң таблеткасы бардык жаныбарлар үчүн жарайт. Жатынды жуугандан кийин 1–2 таблеткадан колдонгула.

• Нитрофуразонду сунуштамасына ылайык колдонгула.