Вакциналар

29.5 ВАКЦИНАЛАР

Жугуштуу ылаңдар, туруктуулук, иммунитет жана ылаңдардын алдын алуу жана көзөмөлдөө жөнүндө 6-бөлүмдөн, 91-бетти карагыла. Вакциналарды туура колдонуу боюнча дагы 6-бөлүмдө камтылган.

Дүйнө жүзүндө вакцина өндүрүүнүн ар кандай ыкмалары колдонулат. Ошондуктан ар бир вакцина ошол вакцина үчүн атайын нускамаларга ылайык кылдат колдонулушу керек. Бул китепте ал майда-чүйдөсүнө чейин камтылбайт. Тескерисинче, аймагыңардагы вакциналар боюнча кеңеш издегиле. Колдо болгон вакциналарды силердин аймактагы мамлекеттик ветеринардык кызматкерлер жана вакцина өндүрүүчүлөр тарабынан берилген көрсөтмөлөргө ылайык колдонгула.