Теринин сыртына колдонулуучу даарылар

29.3 ТЕРИНИН СЫРТЫНА КОЛДОНУЛУУЧУ ДАРЫЛАР

САМЫН

• Жараларды тазалоо жана колду жуу үчүн.

МАГГОЦИД КРЕМИ

Инфекциянын жана курттун жугушун алдын алуу үчүн бардык жаныбарыларга колдонулат.

• Жараларды тазалагандан кийин жаранын тегерегине бир аз сүйкөө керек.

ГЕНЦИАНВИОЛЕТ

• Бардык жаныбарлар үчүн 2 % эритмени дезинфекциялоочу каражат катары колдонгула. Жарааттарды тазалагандан кийин, жарааттын айланасына талапка жараша сүйкөгүлө. Айыкканга чейин күн сайын колдонгула. Жараларды кургатуу үчүн жакшы жардам берет.

ИОДИН

• Жаңы жарааттарды дезинфекциялоочу каражат катары колдонулат. Кычыштырышы мүмкүн.

ПОВИДОН-ЙОД (Бетадин)

• Бул дезинфекциялоочу каражат, 0,5% - 2% жарааттарды тазалоо үчүн колдонулат.

КҮКҮРТ ШАГЫ

• Бардык жаныбарлардагы котурга каршы колдонулуучу май, өсүмдүк майын же вазелинди, күкүрттү 10дон бир бөлүгү кылып аралаштыргыла. Жабыркаган жерге жумасына бир жолу 3-6 жума сүрткүлө. (Адегенде жарааттарды тазалоо керек).

БЕНЗИЛБЕНЗОАТ

• Коендун кулагын дарылоо үчүн: кабырчыктуу жаралар, кулактын ичиндеги кан жана ириң болгон учурда колдонулат. Кулактын ичине 1/2 чай кашык салып, акырын сүрткүлө. 4 жума, жумасына бир жолудан колдонууга болот.

АНТИБИОТИК КОШУЛГАН МАЙЛАР(мазь)

• Бардык жаныбарлардын бетиндеги жарааттар үчүн; Тазалагандан кийин 2-3 жолу күн сайын колдонулат.

МАЛАТИОН ДАРЫСЫ

• Бардык жаныбарлар үчүн, тышкы мителерге каршы колдонулат. Күл менен майда дарыны аралаштыргыла: 1 бөлүгү күл 10 бөлүк малатион болот. Керек болсо чачка жана териге, бүт денеге сүртүлө. 3–6 жума бою жумасына бир жолу колдонгула.

СКИПИДАР

• Курттарга колдонулат. Канча керек болсо колдонгула (катуу күйгүзөт).

КАМФОРА ШАРИКТЕРИ (нафталин шариктери)

Курттарга каршы дарыны майдалап, суу менен аралаштыргыла.

МАРГАНЦОВКА

• Кан агууну токтотуу үчүн (кургак колдонгула).

• 1:1000 жарааттарды жуу үчүн ГИДРОГЕН ПЕРОКСИД • кулактарды жана жараларды тазалоо үчүн. Аз концентрацияны колдонгула.