Ички мителерге каршы дарылар (Антигельмиитиктер)

29.2.10 Ички мителерге каршы дарылар (антигельминтиктер)

Кээ бир адамдар бул дарыларды малды уруктандыргандан кийин (бооз малдын алгачкы 2 айында) дароо эле беришпейт, бооз малдын акыркы айында дагы беришпейт. Бирок бул дарылардын көбү коопсуз жана эч кандай көйгөй жаратпайт.

Кокцидия үчүн АМПРОЛИУМ (Ампрол, Корид)

Көрсөтмөлөр: Ампролиум кокцидиозду дарылоодо колдонулат.

Эскертүү: Жогорку дозада же узак убакыт берүү нервке зыян алып келиши мүмкүн. Тиаминди колдонуу ампролиумдун натыйжалуулугуна каршы тура алат. Күчүктөргө 12 күндөн ашык колдонууга болбойт.

Дозасы: Берүү жолу:

Бодо малга – 5-10 мг/кг/күнүгө ооз аркылуу, 5 күн Чочколорго - 25-65 мг/кг ооз аркылуу, 3-4 күн бою күнүнө 1-2 жолудан, же 100 мг/кг/ 1күн тоют же суу менен Койлорго - 55 мг/кг 19 күн ооз аркылуу Эчкилерге - 55 мг/кг 19 күн ооз аркылуу Ламаларга - 5 мг/кг 3 жума бою ооз аркылуу Иттерге - 100-200 мг/кг күнүнө оозу аркылуу, 7-10 күн Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо малдан: 24 саатта Кеңири спектрдеги антигельминттик каражаттар (курттарга жана кан соргучтарга каршы натыйжалуу)

Булар абдан натыйжалуу, бирок ошондой эле кымбат.

Альбендазол (Вальбазен, Альбомар)

Алып жүрүү оңой (таблеткалар жеңил); берүү оңой. Бул абдан натыйжалуу жана жылына эки же үч жолу тоют менен берилиши керек. Аны жалбырак, нан же башка тоют менен берүүгө болот.

Көрсөтмөлөр: Альбендазол боор курттарын, жалпак курттарды, ашказан курттарын, ичеги курттарын жана өпкө курттарын өлтүрөт. Жылкыларда, иттерде, мышыктарда жалпы дегельминтизациялоочу каражат катары да колдонулат.

Эскертүү: Ургаачы бодо малдын бооз учурунда алгачкы 45 күнүндө же туугандан кийин 45 күн ичинде берүүгө болбойт.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 50 мг/кг ооз аркылуу 2 күн Бодо малга - 10 мг/кг ооз аркылуу Чочколорго - 5-10 мг/кг ооз аркылуу Койлорго - 7.5-15 мг/кг ооз аркылуу жетилген боор фасциоласы үчүн, 3 мг/кг ооз аркылуу 35 күн бою боор фасциоласын алдын алуу үчүн Эчкилерге - 7.5-15 мг/кг ооз аркылуу жетилген боор фасциоласы үчүн, 3 мг/кг ооз аркылуу 35 күн бою боор фасциоласын алдын алуу үчүн Ламаларга - 6.5 мг/кг ооз аркылуу Иттерге - 25-50 мг/кг 5 күн Мышыктарга - 30 мг/кг ооз аркылуу 6 күн Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо мал - эттен 27 күн, саан уйларга колдонууга болбойт ИВЕРМЕКТИН Көрсөтмөлөр: Паста сыяктуу, малга жедирүү үчүн оозуна салынат. Бул дары кымбат, бирок дээрлик бардык ички жана тышкы мителерди өлтүрөт. Коопсуз. Мителерге каршы башка дарыларга караганда жаныбардын көп түрлөрүнө колдонууга уруксат берилет.

Эскертүү: Колли иттерге 0,006 мг/кг дозадан ашык бербегиле, анткени өлүмгө алып баруучу реакция болушу мүмкүн. Жүрөк курту менен ылаңдаган иттерге бербегиле.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 0.2 мг/кг ооз аркылуу Бодомалга - 0.2 мг/кг ооз аркылуу, теринин астына 0,5 мг/кг куюу (куюлчу дарыны колдонгула)

Чочколорго - 0.3 мг/кг теринин астына же булчуңга Койлорго - 0.2 мг/кг ооз аркылуу Эчкилерге - 0.2 мг/кг теринин астына Ламаларга - 0.2 мг/кг ооз аркылуу же ийне сайуу керек Африкалык буйволдорго - 0.2 мг/кг теринин астына Төөлөргө - 0.2 мг/кг теринин астына Иттерге - жүрөк курттары үчүн ай сайын 0,006 мг/кг.

0,05 мг/кг жүрөк курттарынын микрофилярияларын жок кылуу үчүн ооз аркылуу берилет.

0,2 мг/кг ооз аркылуу же ичеги курттарга каршы ийне сайуу жолу менен Мышыктарга - 0,2 мг/кг кулак кенелерине каршы ийне сайуу жолу менен.

0,3 мг/кг ичеги-карын курттарына ооз аркылуу же ийне сайуу жолу менен Гвинея чочкосуна - 0.2-0.3 мг/кг теринин астына Коендорго - 0.2-0.4 ооз аркылуу, булчуңга, теринин астына Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо мал - Эттен 49 күндө. Саан уйларга колдонууга болбойт.

Кой - Эттен 11 күндө.

Чочко - Эттен 18 күндө.

ТЕТРАМИЗОЛ ЖАНА ОКСИКЛОСАНИД (Нилзан) (Валлчира)

Көрсөтмөлөр: Бодо малда, буйволдо, койдо жана эчкилерде курттарды жана трематодторду дарылоо үчүн. Бул абдан натыйжалуу, бирок алып жүрүү кыйын. Аймакка жараша, жылына эки же үч жолу суу менен колдонулат.

Эскертүү:

Дозасы жана берүү жолу:

Бодо малга 50 кг чейин 16.5 мл 50-100 кг 33 мл 150-200 кг 66 мл 300 кг жана андан жогору 100 мл Койго жана эчкиге 15 кг 5 мл 15-30 кг 10 мл 30-45 кг 15 мл 45 кг 20 мл Организмден чыгуу мөөнөтү: Сунуштаманы окугула.

Кеңири спектрдеги антигельминттик каражаттар (көп түрдүү курттарга каршы натыйжалуу)

ФЕНБЕНДАЗОЛ (Панакур, Фенкур)

Көрсөтмөлөр: Ар кандай ичеги-карындын жумуру курттарына, жетиле элек жана чоң курттарга каршы натыйжалуу, койлордогу жалпак курттарды жок кылат. Бул эң кеңири тараган антигельминттердин бири, анткени ал коопсуз жана натыйжалуу. Ал ошондой эле ар кандай түрдө, анын ичинде ооз аркылуу берилүүчү паста жана майда дары түрүндө да бар.

Эскертүү: Ит, мышык, чочколорго дары таасир берүүсү үчүн 3 күн катары менен берилиши керек.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 5 мг/кг оозу аркылуу; Параскарис экворумге ооз аркылуу 10 мг/кг, же Стронголис вестери 50 мг/кг.

Бодо малга - 5 мг/кг ооз аркылуу; же 10 мг / кг Моньезия жана Остертагияны ооз аркылуу.

Чочколорго - 3 мг/кг ооз аркылуу 3 күн катары менен; же ооз аркылуу 5-10 мг/кг Койлорго - 5 мг/кг ооз аркылуу 3 күн бою Төөлөргө – 4,5-15 мг/кг ооз аркылуу Ламаларга - 10-15 мг/кг ооз аркылуу Эчкилерге - 5 мг/кг 3 күн ооз аркылуу Иттерге - 50 мг/кгдан ооз аркылуу 3 күн Мышыктарга - 5 күн бою 50 мг/кг ооз аркылуу Коёндорго - 10 мг/кг ооз аркылуу ар бир 14 күндө 2 дозадан Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо мал - эттен 14 күндө, сүттөн 4 күндө Кой - эттен 14 күндө Эчки - эттен 14 күндө, сүттөн 1 күндө ЛЕВАМИЗОЛ Көрсөтмөлөр: Левамизол – көп жылдар бою натыйжалуу колдонулуп келе жаткан стандарттуу антигельминтиктердин бири. Бул оозу аркылуу берилүүчү, кеңири таралган дары, бирок ийне сайуу же куйган түрүнүн атайын формалары бар.

Эскертүү: Левомицетин менен бир убакта колдонбогула. Уулуу дозалар органофосфаттын уулуулугуна окшош төмөнкүдөй белгилерди жаратышы мүмкүн: ич өтүү, шилекейдин агуусу, титирөө, ооздон көбүктүн чыгышы. Атропин ашыкча дозаны дарылоодо бир аз жардам берет.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 8 мг/кг ооз аркылуу Бодо малга - 8 мг/кг ооз аркылуу 10 мг/кг атайын жабдыкты колдонуу 6 мг/кг тери астына Чочколорго - 8 мг/кгсуу же тоют менен Койлорго - 8 мг/кг оозу аркылуу Эчкилерге - 8 мг/кг оозу аркылуу Ламаларга - 5-8 мг/кг оозу аркылуу Төөлөргө - 5-8 мг/кгоозу аркылуу Иттерге - жүрөк курттарынын микрофиляриясы үчүн 10 күн бою 10 мг/кг.

7-12 мг/кг өпкө курттары үчүн 3-7 күн бою күн сайын ооз аркылуу берилет.

Мышыктар - 20-40 мг/кг күн сайын 6 күн катары менен Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо мал - эттен 9 күндө, саан уйларга болбойт.

Кой - эттен 3 күндө Чочко - эттен 9 күндө МЕБЕНДАЗОЛ (Бензикар, Эквиверм, Телмин)

Көрсөтмөлөр: Мебендазол көбүнчө жылкыларды, иттерди, мышыктарды, койлорду жана чочколорду дарылоодо колдонулат. Бул өпкө мителерин жана башка курттарды дарылоо үчүн колдонулат. Бул абдан натыйжалуу.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 10-15 мг/кг ооз аркылуу; же 15-20 мг/кг оозу аркылуу өпкө курттарына каршы 5 күн Бодо малга - 15 мг/кг оозу аркылуу Койлорго - 15 мг/кг оозу аркылуу Ламаларга - 22 мг/кг оозу аркылуу 3 күн Төөлөргө - 22 мг/кг оозу аркылуу Иттерге - 22 мг/кг оозу аркылуу 3 күн Мышыктарга - 22 мг/кг ооз аркылуу 3 күн Организмден чыгуу мөөнөтү Кой - эттен 7 күндө Cактык чаралары: Чочколорго, иттерге, мышыктарга натыйжалуу болушу үчүн мебендазолду 3 күн катары менен күн сайын берүү керек.

ТИАБЕНДАЗОЛ

Көрсөтмөлөр: Бул дары кеңири спектрдеги глисттерге каршы абдан натыйжалуу, анын ичинде өпкө курттарына дагы.

Дозасы жана берүү жолу Жылкыларга - 50-100 мг/кг ооз аркылуу Бодо малга - 50-100 мг/кг ооз аркылуу Чочколорго - 50-75 мг/кг ооз аркылуу Койлорго - 50-100 мг/кг ооз аркылуу Эчкилерге - 66 мг/кг ооз аркылуу Ламаларга - 50-100 мг/кг ооз аркылуу 1-3 күн бою күн сайын Төөлөргө - 66 мг/кг оозу аркылуу Иттерге - 50 мг/кгдан ооз аркылуу 3 күн бою күн сайын Коендорго - 100-200 мг/кг ооз аркылуу Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо мал - эттен 3 күндө, сүттөн 4 күндө Кой - эттен 30 күндө Эчки - эттен 30 күндө Тар спектрде таасир берет (соргуч курттарды гана өлтүрөт)

ГЕКСАХЛОРОЭТАН (Гексатан) (Валлачира)

Көрсөтмөлөр: Бул дарынын ачуу даамы бар, бирок кепшөөчү малдар үчүн арзан жана натыйжалуу. Таблеткаларды суу менен берет, бирок дары берген идишке жабышып калат. Аймактын муктаждыгына жараша жылына 2 же 3 жолу берилет.

Дозасы жана берүү жолу:

Малга, Буйволго 15-100 граммдан берилет, 10 гм/50кг салмакка эсептелет.

Койлорго, эчкилерге - Тоютка 8-15 гр кошулат, 2 гм/10 кг салмакка.

Организмден чыгуу мөөнөтү: Сунуштаманы окугула.

ГЕКСАХЛОРОФЕН (Дистоддин, Флукин) (Валлачира)

Көрсөтмөлөр: Бул дары 100 мг таблетка же 1000 мг (1 грамм) чоң таблетка болот. Бул кепшөөчү малдардын соргуч курттарына каршы арзан жана натыйжалуу дары. Таблеткаларды суу менен же аларды майдалап беришет. Аймактын муктаждыгына жараша жылына 2 же 3 жолу берилет.

Эскертүү:

Дозасы жана берүү жолу: Жалпы доза 10-15 мг / кг дене салмагына.

Бодо малга, буйволдорго (чоң таблеткаларды колдонгула), малдын көлөмүнө жараша 1 – 2 таблетка Музоолорго – ½ таблетка Койлорго, эчкилерге (кичинекей таблетка колдонуңуз), жандыктын көлөмүнө жараша 1-2 таблетка Ламаларга – ½ таблетка Организмден чыгуу мөөнөтү: Сунуштаманы окугула.

ОКСИКЛОЗАНИД

Көрсөтмөлөр: Оксиклозанид бодо малда жана койдо жетилген боор курттарын өлтүрөт.

Эскертүү: Дозаны кылдаттык менен эсептөө керек, анткени сунушталган дозадан 4 эсе эле көбүрөөк доза болсо уулуу болуп калат.

Дозасы жана берүү жолу:

Бодо малга - 10-15 мг/кг ооз аркылуу Койлорго - 10-15 мг/кг ооз аркылуу Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо мал - эттен 14 күндө, сүттөн 0 күн.

Тар спектрде таасир берет (белгилүү курттарды гана өлтүрөт)

НИКЛОЗАМИД

Көрсөтмөлөр: Никлозамид иттерде, мышыктарда жана койдо жалпак курттарды жок кылат.

Дозасы жана берүү жолу:

Койлорго - 52 мг/кг ооз аркылуу Иттерге - 150 мг/кг ооз аркылуу Мышыктарга - 150 мг/кг ооз аркылуу Коендорго - 100 мг/кг ооз аркылуу, 2 дозаны бир жума аралыкта ПИПЕРАЗИН Көрсөтмөлөр: Пиперазин чоң жана кичинекей жаныбарлардагы чоң тоголок курттарга каршы абдан натыйжалуу, көп жылдардан бери колдонулуп келет. Бул кеңири спектрди албайт. Кээ бир аймактарда таасир бербей калгандыктан бодо малга, койго жана эчкилерге сунушталбайт. Дозасы негизинен көлөмгө жараша эсептелет.

Эскертүү: Уулуу дозасы титирөөгө, талмага жана алсыздыкка алып келиши мүмкүн. Боор, бөйрөк оорусу бар жаныбарларга бербегиле.

Дозасы жана берүү жолу:

Буйволдордун музоолоруна - 25-300 мг/кг, төрт жумадан кийин кайра кайталагыла Жылкыларга - 88-110 мг/кг пиперазин негизин оозу аркылуу Чочколорго - 110 мг/кг пиперазин негизин оозу аркылуу Иттерге - 45-65 мг/кг пиперазин негизин оозу аркылуу Мышыктарга - 45-65 мг/кг пиперазин негизин оозу аркылуу Гербилге - Бир жума бою 2-3 г/л суу менен Гвинея чочкосуна - 2-5 г/л суу менен бир жума Хомяктарга- 10 г/л суу менен Коендорго - 200 мг/кг оозу аркылуу Тоокторго - 250 мг/кг оозу аркылуу, же 1 г/л суу менен, үч күн