Ийне сайуу жолу менен берилүүчү седативдер, транквилизаторлор, анальгетиктер жана анестетиктер
29.1.7 Ийне сайуу жолу менен берилүүчү седативдер, транквилизаторлор, анальгетиктер жана анестетиктер Транквилизаторлор жана седативдер жаныбарларды убактылуу тынч, ызы-чууларга, кыймылга жана ооруга азыраак реакция берүүсүнө жардам берет.
Анальгетиктер ооруну басат.
Анестетиктер эки түргө бөлүнөт: ооруган жерге жана жалпы болуп.
- ооруган жерге сайылган анестетиктер керектүү жердин айланасына же анестезиялык абалды камсыз кылган нервге сайылат. Ооруган жерине сайылган анестетиктер нервдерге ооруну сезүүсүнө жол бербейт.
- Жалпы анестезия мээге таасир берет. Жалпы анестезия сайылган жаныбар, ойготууга мүмкүн болбогондой болуп уктайт, эч кандай оору сезбейт. Жалпы анестезиялар көбүнчө чоң операция жасоо үчүн колдонулат. Ошондой эле кооптуу болгондуктан ветеринардык врачтар же атайын окуудан өткөн МСКК тарабынан гана берилиши керек.
Транквилизаторлорду жана седативдерди колдонуу Агрессивдүү жаныбарды кароо, ташуу, гипс коюу же тигүү үчүн тынчтандыруу максатында колдонулат.
Жарааттарды тигүү үчүн ошол жерге сайылуучу анестетиктер менен бирге берилиши мүмкүн.
Эскертүү:
Эгерде жаныбар депрессияда болсо же бир жери катуу ооруп жатса, транквилизатор жаныбарга адаттагыдан көбүрөөк таасир этиши мүмкүн. Эгерде малдын боору жакшы иштебесе, анын ойгонушу үчүн көп убакыт талап кылынат. Азыраак доза оорунун таасирлерин азайтуу үчүн берилиши мүмкүн.
Транквилизатор берилээрден мурун мал катуу тынчсызданып жатса, анда жаныбар ого бетер күчөшү мүмкүн же транквилизатор эч кандай таасир бербеши мүмкүн.
Бул кооптуу жана атайын даярдыктан өткөн МСКК тарабынан гана берилиши керек.
КСИЛАЗИН
Көрсөтмөлөр: Жогоруда карагыла.
Эскертүүлөр: Жылкылардын арткы буттарын кароодо жалгыз өзүн колдонбогула.
Жаныбардын жүрөгү ооруса колдонбогула.
Уй, кой, эчкилер туурга аз калганда колдонбогула, анткени бала салдырышы мүмкүн.
Мышыктарга колдонууга болбойт.
Дозасы жана берүү жолу: Седация 10-15 мүнөттөн кийин булчуңга, 1-2 саатка созулат; анальгезия 15-30 мүнөткө созулат.
Жылкы - Туруп туруусу үчүн 0.88-1.1 мг/кг булчуңга Кулундарга - 0.88-1.1 мг/кг булчуңга Уйларга - 0.11-0.22 мг/кг булчуңга.
Эскертүү: Бул доза уйду жыгат. Эгерде туруп туруу керек болсо, азыраак дозасын бергиле. Туутка аз калганда бербеш керек.
Кой - 0.1-0.2 мг/кг булчуңга.
Эскертүү: Кой бодо малга караганда ксилазинге азыраак сезгич болот.
Эчкилерге - 0.1-0.15 мг/кг булчуңга Эскертүү: Эчкилер бодо малга караганда ксилазинге көбүрөөксезгич.
Чочколорго - 2.2 мг/кг булчуңга.
Эскертүү: Чочколорго жакшы таасир бербейт.
Ламаларга - 0.1-0.25 мг/кг теринин астына, кетаминдин алдында же өзүн берүү керек Гвинея чочколоруна - 5 мг/кг булчуңга 20-40 мг/кг кетамин менен бир шприцке аралаштырылат.15-35 мүнөткө созулат.
Коендорго - 4.0-5.0 мг/кг булчуңга.
АЦЕПРОМАЗИН МАЛЕАТ
Ийне сайгандан кийин 15-20 мүнөттөн кийин таасири башталат, 2 саатка созулат.
Жылкыларга - 0.044-0.088 мг/кг булчуңга Уйларга - 0.01-0.02 мг/кг булчуңдарга Эчкилер жана Койлорго - салмагы 50 кг кем болсо, 0,1-0,2 мг/кг салмагы 50 кг ашык болсо, 0,05-0,10 мг/кг Чочколорго - 0.11-0.44 мг/кг булчуңга, максимум 15 мг.
Иттерге - 0.062-0.25 мг/кг булчуңга же теринин астына.
1,1-2,2 мг/кг менен оозу аркылуу берилиши мүмкүн.
Мышыктарга - 0.062-0.25 мг/кг булчуңга же теринин астына.
1,1-2,2 мг/кг менен ооз аркылуу берилиши мүмкүн.
Анальгетиктерди колдонуу (Ооруну басаңдатуучу) (Новалгин, Парацетамол)
Булар жаныбарлардын катуу оорусун басууда пайдалуу дарылар. Шарп менен ылаңдаган малдын оозу жана буту ооруганда, тоюттанууга жана кыймылдаганга жардам берет. Кокустуктан бут сынган сыяктуу оор жаракат алган малдын жакшы сезүүсүнө жана тоюттануусуна жардам берет. Кээ бир анальгетиктер малдын дене табын түшүрүү үчүн да колдонулат.
Дозасы: Керектүү нускамалар үчүн сунуштаманы карагыла.
Эскертүү: Аспирин жана башка стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаттар, айрыкча, жаш жаныбарлардын ашказан жарасына алып келиши мүмкүн.
АНАЛГИН
Дозасы: Булчуңга сайылат. Керектүү көрсөтмөлөр үчүн сунуштаманы карагыла.
АСПИРИН
Бул бөлүмдө оозу аркылуу берилүүчү дарыларды карагыла, 29.2.5.
ДИПИРОН
63-бетти карагыла. Дене табын түшүрүү үчүн сунуштамага ылайык колдонгула.
ПАРАЦЕТАМОЛ (Парацетол)
Дозасы: Булчуңга сайылат. Так көрсөтмөлөр үчүн сунуштамасын карагыла.
ФЕНИЛБУТАЗОН
Оозу аркылуу берилүүчү дарыларды карагыла.
ФЛУНИКСИН МЕГЛЮМИН
Көрсөтмөлөр: Ичтин оорусун басуу, дене табын түшүрүү жана кээ бир бактериялардын ууларына каршы жакшы иштейт.
Жылкы - 1.1 мг/кг булчуңга ар 12 саатта Эскертүү: Булчуң этке сайганда булчуңда катуу инфекция өнүгүп кетиши мүмкүн. Эгерде жылкынын ийне сайылган жери инфекцияланып кетсе, пенициллин колдонгула. Жаш жылкыларга бир же эки доза гана колдонгула, анткени ашказан жарасын пайда кылышы мүмкүн.
Уйларга - 1,1 мг/кг булчуң этке ар 2 күндө сайгыла.
Эскертүү: Жаш музоолордун ашказан жарасын пайда кылышы мүмкүн.
Ламаларга - 1,1 мг / кг булчуңга күнүнө бир жолу.
Жергиликтүү анестетиктерди колдонуу (лидокаин, новокаин, лигнокаин жана букаин)
Теринин астына бардык жаныбарларга сайылышы мүмкүн. Бул дарылар ийне сайылган жердин ооруну сезүүсүн жоготот. Жабыркаган жерди тигиш керек болгондо терисинин астына сайылат.
Бул жергиликтүү анестетиктер, адатта 2% эритмелерде болот. Эгерде алар көбүрөөк концентрациялуу болсо, анда аларды дистирленген суу менен 2% га чейин суюлткула.
Дозалар жана көрсөтмөлөр: 217, 218-беттерди карагыла.
Жалпы анестезияны колдонуу Булар ветеринардык дарыгер же атайын билими бар МСКК тарабынан гана колдонулушу керек.